Динден тышкары мамлекет
Көрүнүш
Динден тышкары мамлекет (англисче Secular state) – чиркөөнүн мамлекеттен бөлүнгөндүгүн, иш чөйрөсүнүн чектелгендигин билдире турган мамлекеттин конституциялык-укуктук мүнөздөмөсү. Мамлекеттин динден тышкары болуу мүнөздөмөсү диний азчылыктын укугун камсыз кылуу кызыкчылыгында алардын диний жамааттарына мамлекеттик бюджеттен материалдык жардам көрсөтүүгө жолтоо болбойт. КР Конституциясы Д. т. м. деп жарыялоо менен, кандай гана дин болбосун, аны мамлекеттик же милдеттүү дин катары жарыялоого тыюу салат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |