Мамлекеттик дин

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Мамлекеттик дини боюнча өлкөлөр     Буддизм     Ислам     Шииттер     Сунниттер     Православдык     Протестантизм жана Англикандык     Католицизм

Мамлекеттик дин (официалдуу дин деген сөздүн синоними) — мамлекет тарабынан официалдуу түрдө бекитилген диндин негизги эрежелеринин жыйындысы. Мамлекеттик дини жок өлкөлөрдү динден тышкаркы (орус.-светский), анын ичинде Кыргызстанды дагы.

Мамлекеттик диндин атрибуттары[оңдоо | булагын оңдоо]

Эгерде кандайдыр бир дин мамлекеттик болсо, сөзсүз турдө мамлекет ал уюмдун өнүгүшүнө финансылык жардам көрсөтөт, кадрдык маселелерге кийлигишет (диний лидерлерди дайындоо, ж.б.), уюмдун ички ишмердилигин көзөмөлдөө үчүн мыйзамдарды кабыл алат, диний лидерлерди мамллекеттик структураларга катыштырат. Мамлекет тарабынан официалдуу эмес колдоого ээ диндер мамлекеттик дин боло алышпайт.

Азыркы кездеги абал[оңдоо | булагын оңдоо]

Гарвард университетинин маалыматына ылайык, 2000-жылы 188 мамлекеттин ичинен 75и кайсы бир динди мамлекеттик дин деп тааныса, 113ү динден тышкаркы болуп эсептелген.

Мамлекеттик дини бар мамлекеттер[оңдоо | булагын оңдоо]

Католицизм[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Аргентина
  2. Ватикан
  3. Доминика Республикасы
  4. Коста-Рика
  5. Лихтенштейн
  6. Мальта
  7. Мальтий ордени
  8. Монако
  9. Сальвадор
  10. Сан-Марино
  11. Швейцариянын кээ бир кантондору ( административдик-территориялык бирдик)

Лютеранчылык[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Дания
  2. Исландия
  • Норвегияда формалдуу түрдө мамлекеттен 2012-жылдан бери бөлүнгөн чиркөө бар, бирок ал чиркөөнүн кызматкерлери (поптор) мамлекеттик кызматчылар статусун сакталган, чиркөөнүн имаратына мамлекет көз салат, ал эми король - чиркөөнүн башчысы бойдон калган.
  • Финляндияда чиркөө менен мамлекеттин ортосундагы мамилени атайын макулдашуулар менен жөнгө салынат, чиркөөнүн ишмердүүлүгүн атайын мыйзамдар менен көзөмөлгө алынат. Чиркөө атайын чиркөө салыгын чогултууга акысы бар (мамлекеттик структуралар тарабынан ыктыярдуу түрдө чогултулат). Бирок юридикалык жактан Финляндияда чиркөө мамлекеттик деп саналбайт.
  • Швецияда чиркөөнүн башчысы король болгонуна карабай, 2000-жылдан бери чиркөө формалдуу түрдө мамлекеттен көз каранды.
  • Шотландияда улуттук Чиркөө бар; анда Англияныкындай монарх чиркөөнүн башында эмес, жөн гана анын мүчөсү катары эсептелинет.

Англикандык[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Англия Бириккен королдукта мамлекеттик Англис чиркөөсүнө ээ, анын башчысы британдык монарх Елизавета II.

Православдык[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Греция
  2. Финляндия
  3. Грузия
  4. Болгария

Иудаизм[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Израилде иудаизм мамлекеттик дин катары эсептелинбейт, бирок:
  • Дин мамлекеттен ажыратылган эмес, башкы диний орган Раввинат жана диний окутуу институттары (ешивдер) дин боюнча министрлик тарабынан колдоого алынат.
  • Еврей-иудейлер гана Израилге имииграция кылууга укуктуу, мыйзам боюнча башка еврейлердин (башка диге өтүп кеткен) кайтып келүүгө болбойт.
  • Үй-бүлөөлүк укуктар жана маселелерди чечүү диндин колунда.
  • Көптөгөн шаарларда шаббат күнү (ишемби күнү, еврейлер үчүн ыйык күн) сатуу жана тейлөө ишканалары, коомдук транспорттор иштебейт.

Ислам[оңдоо | булагын оңдоо]

Сунниттер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Алжир
  2. Афганистан
  3. Бангладеш
  4. Бахрейн
  5. Бруней
  6. Египет
  7. Иордания
  8. Йемен
  9. Катар
  10. Коморлор
  11. Мавритания
  12. Малайзия
  13. Мальдив Аралдары
  14. Марокко
  15. Бириккен Араб Эмираттары
  16. Пакистан
  17. Сауд Арабиясы
  18. Сомали
  19. Судан
  20. Тунис
  21. Улуттук Палестин администрациясы

Шииттер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Ирак
  2. Иран

Буддизм[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Бутан
  2. Лаос
  3. Камбоджа
  4. Таиланд

Индуизм[оңдоо | булагын оңдоо]

  • XX кылымда индуизм мамлекеттик дин катары эсептеген дүйнөдө жалгыз гана өлкө бар болчу, ал Непал, бирок парламент 2006-жылы ал динден да баш тарткан.

Атеизм[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Албания дүйнөдө жалгыз атеизм негизи менен өлкө болгон. 1991-жылы бул көрүнүш алынган.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]