Швейцария
Швейцария же болбосо Швейцария конфедерациясы - Европа континентинде орун алган өлкө. Борбор шаары - Берн. Мамлекеттик башкаруу түрү - федералдык парламенттик башкаруу системасы. Бул мамлекет Батыш Европада жайгашып, түндүгүндө Германия, түштүгүндө Италия, батышында Франция, чыгышында Австрия жана Лихтенштейн менен чектешет. Швейцария мамлекет катары 1848-жылы 3 (облустан) кантондон түзүлгөн. Азыр Швейцариянын курамына 26 кантон кирет. Мамлекеттик 4 тил бар. Алар: немис, француз, итальян жана ромонж (ромонж тили 1 гана кантондо колдонулат) тилдери. Швейцария узак убакыттан бери саясий жана аскерий бейтараптыкты сактап келет. Ошол себептен бул өлкөдө көптөгөн ири эл аралык уюмдар жайгашкан.
Өлкөнүн аталышы[оңдоо | булагын оңдоо]
Швейцариянын мамлекеттик тилдериндеги аталышы ар түрдүү. Мисалы немисче-Schweiz, французча-Suisse, италиянча-Svizzera, ромонжчо-Svizra -деп аталат. Швейцариянын расмий аталышы- Швейцария конфедерациясы - немисче-Schweizerische Eidgenossenschaft, французча-Confédération suisse, италиянча-Confederazione Svizzera, ромонжчо Confederaziun Svizra.
Өлкөнүн аталышы XVI кылымда Швиц Schwytz кантонунун(облусунун) негизинде пайда болгон. Байыркы немис тилинен Schwytz аталышын кыргызчага которгондо "өрттөө" -дегенди билдирет. 972-жылы швейцариялыктар өздөрү жашаган Швиц айылындагы калктын тукум уланышына, жер өсүмдүктөрүнүн жакшы өсүшүнө кам көрүү максатында айылдын тегерегиндеги токойлорду ирээтеп, куураган бактарды дайыма өрттөп турушчу. Ошондон улам Shwytz (кыргызча-өрттөө)- деген аталышы пайда болгон.
Кийинчирээк австриялыктар тарабынан Schwytz деген аты бурмаланып, азыркы учурда Швиц (немисче- Schweiz) деп айтылып келет.
Кыргыздар арасында аталган мамлекет Швейцария -деген аталышы менен белгилүү.
Швейцариябы же Швейцария конфедерациясыбы?[оңдоо | булагын оңдоо]
Щвейцариянын латын тилиндеги аталышы — Confoederatio Helvetica. Бул аталышты щвейцариянын акчаларынан жана өлкөнун интернет доменинде көрүүгө болот(ch). Ошондой эле Щвейцариянын почта маркаларында дагы Helvetia- деген латын тилиндеги аталышы жазылат. Мындан тышкары "Хелветика конфедерациясы" -деген расмий жазуу темир акчаларда жана өлкөнүн борбор калаасы болгон Берн шаарындагы Өкмөт үйүнүн кире беришинде да сакталып калган.
Мамлекет- "Швейцария Конфедерациясы" (фрацузча-Confédération suisse) катары биринчи жолу жалпы европалык "30 жылдык согуш" учурунда (1618-1648) кайсы бир немисче документте катталган. Бирок, бул аталыш ошону менен тез эле кеңири колдонулуп кеткен жок. XVIII-кылымга чейин расмий түрдө да, жөнөкөй учурда да "Хелветика корпусу", "Магна лигасы" жана "Хелветия" деп айтылып жүргөн.
Iвейцария конфедерациясы- деген аталыш 1803-жылдын 19-февралында Наполеон Бонопарт тарабынан жазылган "Ортомчулук мыйзамында" да белгиленген эмес. Биринчи жолу "Щвейцария конфедерациясы" катары австриялыктар менен болгон согуштан кийин 1815-жылдагы "Швейцариянын биригүүсүнүн түбөлүк бейтараптыгы жана чек араларынын кол тийбестиги жөнүндөгү" декларациянын 15-беренесинде жазылган.
Анткен менен 1948-жылы 22 кантон (облус) "Щвейцария конфедерациясын" түзүп, жаны кабыл алган Конституциясында кайрадан "Хелветика конфедерациясы" (Confoederatio Helvetica) - деп жазылып калган.
Мезгил өткөн сайын "Хелветика конфедерациясы" деген аталышы аз колдонулуп отуруп, акыры 1999-жылы кабыл алынган Конституцияда расмий түрдө "Щвейцария конфедерациясы" аталды.
Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]
...
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
...
Австрия · Азербайжан¹ · Албания · Андорра · Беларусь · Бельгия · Болгария · Босния жана Герцеговина · Ватикан · Германия · Грекия · Грузия¹ · Дания · Ирландия · Исландия · Испания · Италия · Казакстан² · Латвия · Литва · Лихтенштейн · Люксембург · Мажарстан · Мальта · Молдавия · Монако · Монтенегро · Нидерланд · Норвегия · Орусия² · Польша · Португалия · Румыния · Сан Марино · Сербия · Словакия · Словения · Түндүк Македония · Түркия² · Украина · Улуу Британия жана Түндүк Ирландия · Финляндия · Франция · Хорватия · Чехия · Швейцария · Швеция · Эстония Көзкаранды жерлер: Аланд аралдары · Гернси · Гибралтар · Жерси · Мэн аралы · Фарер аралдары · Шпицберген · Ян-Майен Таанылбаган жана жарым-жартылай таанылган өлкөлөр: Косово · Приднестровье ¹ Европа менен Азиянын ортосундагы чек аранын өтүшүнө байланыштуу, негизинен же толугу менен Азияда. ² Негизинен Азияда. |