Гибралтар

Википедия дан
Гибралтар.

ГибралтарУлуу Британиянын Пиреней жарым аралынын түштүгүндөгү ээлиги (1713жылдан). Гибралтар кысыгында; аскалуу жарым аралды жана Пиреней жарым аралын аска менен туташтырган кумдуу мойнокту камтыйт. Испаниядан бейтарап зона аркылуу бөлүнөт. Аянты 6,5 км2. Калкы 29,2 миң (1999). Расмий тили англис тили. Чарбасы Улуу Британиянын аскер-деңиз жана аскер-аба базаларын, транзиттик портту жана чет элдик туристтерди тейлөөгө байланыштуу. Сырттан алынган продукциянын 1/2 нефть. Док, кампа, мунай сактагычтар, калкты жана горнизонду тейлөөчү тамак-аш өнөр жайы жана кеме оңдоочу ишканалары бар.

Гибралтар.

Г. Кальпе деген аталыш менен байыркы гректерге жана римдиктерге белгилүү болгон. 8-кылымда Гибралтарда арабдар чеп куруп, Жебель-ат-Тарик (Тарик тоосу; араб жеңип алуучусу Тарик ибн Сеиддин ысымынан) деп аталган. Гибралтар 1309–33-ж. жана 1462-ж. Испанияга, 1704-жылдан Англияга караган. Улуу Британия аны 1713-жылдан кийин Индияны, Африканы, Жакынкы жана Орто Чыгышты колониялоо үчүн таяныч пункту катары пайдаланган. Гибралтарды кайтарып алуу үчүн Испаниянын 18-кылымдагы аракеттерине жол бербөө максатында Улуу Британия 1- жана 2-дүйнөлүк согуштардын убагында Гибралтарды өзүнүн кубаттуу согуш базасына айландырган. 1969-ж. май айында Гибралтардын жаңы конституциясы кабыл алынып, анда Улуу Британиянын Гибралтардагы ээлигине контролдугу бекитилген. 1969-ж. 30-июлдагы шайлоодо Гибралтардын коалициялык өкмөтү түзүлгөн. 1980-жылкы Англия-Испания келишимине ылайык (келишим 1985-ж. күчүнө кирген) гибралтарлыктар Испанияда, испандар Гибралтарда тең укуктуулукту, алар бири-бирине эркин кирип чыгууга мүмкүндүк алган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]