Лихтенштейн

Википедия дан
Лихтенштейн.

Лихтенштейн, Лихтенштейн княздыгы – Борбордук Европадагы мамлекет. Альп тоолорунда, Швейцария менен Австриянын чек арасында жайгашкан (чек арасынын жалпы узундугу 76 км). Рейн дарыясын жээктей түндүктөн түштүктү карай 28 кмге созулат; Жазылыгы батыштан чыгышты карай 10 кмге чейин. Дүйнөдөгү эң чакан мамлекеттердин бири. Аянты 160 км2. Калкы 35 миң (2010). Борбору – Вадуц. Расмий тили – немис тили. Акча бирдиги – швейцария франкы. Лихтенштейн эки тарыхый облустан турат: Оберланд (Жогорку Лихтенштейн, борбору – Вадуц) жана Унтерланд (Төмөнкү Лихтенштейн, борбору – Шелленберг). Административдик-аймагы жактан 11 коммунага бөлүнөт: Бальцерс, Эшен, Гамприн, Маурен, Планкен, Руггелль, Шан, Шелленберг, Тризен, Тризенберг, Вадуц.

Лихтенштейн – БУУнун (1990), Европа советинин (1978), Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун (1975), Европа эркин соода ассоциациясынын (1991), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лихтенштейн – унитардык мамлекет. Конституциясы 1921-ж. кабыл алынган. 2003-ж. 16-мартта жаңы редакциясы иштелип чыгып, княздын бийлиги чыңдалган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – башкаруучу князь. Ландтагдын (парламент) чечимдери княздын макулдугусуз кабыл алынбайт. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу ландтаг. 4 жылга шайланып, 25 депутаттан турат. Мыйзамдарды иштеп чыгат жана кабыл алат, бюджетти бекитет. Аткаруу бийлигинин жогорку органы – өкмөт. Лихтенштейнде көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Мекен уюму, Прогрессивдүү жарандык партия, Эркин тизме жана башка.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лихтенштейндин аймагынын басымдуу бөлүгүн Альп тоолору ээлейт. Эң бийик жери 2599 м (Граушпиц чокусу – өлкөнүн эң бийик жери). Тоолору 3 ири өрөөн менен бөлүнгөн. Эң батыш четин Рейн дарыясынын жогорку агымынын өрөөнү ээлейт. Фён шамалынын таасиринен жумшарган мелүүн климат мүнөздүү. Рейн өрөөнүндө январдын орточо температурасы 0ᵒС, июлдуку 18ᵒС, тоолордо январдыкы –10ᵒСтан –6ᵒСка чейин, июлдуку 12–14ᵒС. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү – Рейн өрөөнүндө 700–800 мм, тоолордо 1200–1900 мм. Рейн өрөөнүн суу каптап кетпеш үчүн Рейн дарыясынын нугу айрым жерлеринде дамбалар менен тосулган. Өрөөн дээрлик бүт кургатылып, дыйканчылык өздөштүрүлгөн. Ал эми табигый абалында калган саз жана шалбаа өсүмдүктүү жерлери коргоого алынган. Тоолордо 800–1800 м бийиктиктерди токой каптайт: төмөнкү алкагын – жазы жалбырактуу токой (эмен, бук жана башка), жогорку алкагын – ийне жалбырактуу токой (негизинен карагай) түзөт. Жалпысынан токой өлкөнүн аймагынын 35% аянтын ээлейт. Андан жогору субальп жана альп шалбаасы таралган. Өлкө биол. ар түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Коргоого алынган 10 табигый аймак бар. Рейн өрөөнүндөгү Руггеллер-Рит резерваты – эл аралык маанидеги суу-саздуу аймак.

Калкы. Өлкөнүн калкынын 67%и жерг. лихтенштейиндиктер (2008); ошондой эле германиялыктар, австриялыктар, немистер, италяндар, мурдагы Югославия өлкөлөрүнөн келгендер, түрктөр жашайт. Лихтенштейнде туруктуу жашаган калктын 4,8%и – башка өлкөлөрдүн жарандары. 20-кылымдын 2-жарымы – 21-кылымдын башталышында Лихтенштейндин калкы 3 эсеге өскөн. Иммигранттардын негизги агымы Австрия менен Швейцариядан, ошондой эле Италия, Испания, Түркиядан келген. Төрөлүү 1000 адамга 9,86 бала, өлүм-житим 1000 тургунга 7,42 адам. Адам өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 80,1 жаш (аялдардыкы 83,5 жаш, Европадагы эң жогорку көрсөткүч; эркектердики 76,6 жаш). Калкынын орточо тыгыздыгы: 1 км2 жерге 219 адам. Калктын көбү түндүк жана батыш бөлүктөрүндө тоо этектей жана Рейн дарыясын бойлой отурукташкан. Шаар калкы 69,4%тей (2010). Эң ири шаарлары: Шан, Вадуц, Тризен, Бальцерс, Эшен. Экономикасында 31 миңге жакын адам эмгектенет; анын 14 миңи Австрия, Швейцариядан, ошондой эле Германия жана Италиядан күн сайын барып-келип иштейт. Жумушсуздар 1,5%ти гана түзөт. Калкынын 88%ке жакыны христиандар (анын ичинде 78,4%и католиктер, 8,3%и протестанттар, 1,1%и православныйлар), 4,8%и мусулман-сүннөттөр.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы Лихтенштейн аймагын адамдар биздин заманга чейин 5-миң жылдыктан мекендеген. Бул жерге реторомандыктардын ата-бабалары – рет уруулары отурукташып, римдиктер убагында Реция провинциясына (биздин заманга чейин 15-жылдан) кирип, 5-кылымда Лихтенштейн аймагына алеманндар отурукташкан, 8-кылымда Франк мамлекетине, 10–12-кылымда Брегенц, Монфор тукумундагы графтардын бийлигинде болгон. 1699–1712-ж. бул аймактарды Лихтенштейн тукумунун австриялык князы каратып, 1719-ж. Ыйык Рим империясына көз каранды Лихтенштейн княздыгына бириктирген. 1799-ж. Лихтенштейнди Франция оккупациялаган. 1806-ж. Лихтенштейн Рейн союзуна кирип, 1815–66-ж. Герман союзунун курамында болгон. 1805-ж. Лихтенштейнде мектепте милдеттүү түрдө билим берүү киргизилген. 1852-ж. Лихтенштейндин Австрия империясы менен бажы келишимин түзүшү соода жана текстиль өнөр жайын өнүктүрүүгө түрткү берген. Князь Иоганн IIнин мезгилинде (1858–1929) өлкөдө реформалар жүргүзүлүп, гезиттер чыгарылып, 1861-ж. биринчи банк ачылган. 1862-ж. конституциясы кабыл алынган. 19-кылымдын 2-жарымында княздыктын экономикалык жана финансылык абалы начарлап, Лихтенштейн калкынын көбү коңшу өлкөлөргө чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Биринчи дүйнөлүк согуш (1914–18) мезгилинде Лихтенштейн бейтараптуулугун сактаган. 1918-ж. алгачкы саясий партиялар (Христиан социалистик элдик партиясы, Лихтенштейн элдик партиясы, Ата мекендик уюм жана башка) пайда болгон. 1921-ж. жаңы Конституция иштелип чыккан. 1919-ж. Австрия менен түзүлгөн келишим күчүн жоготуп, Лихтенштейн Швейцария менен келишим түзгөн. Бажы, валюта жана почта союзу жөнүндө келишим (1923) – бүгүнкү күнгө чейин Лихтенштейн менен Швейцариянын өнөктөштүгүнүн негизги булагы. Лихтенштейндин валютасы швейцариялык франк болуп эсептелет. 1924-ж. өзүнчө мамлекет деп жарыяланганы менен Швейцариянын протекторатына айланган. Анын чет өлкөлүк дипломатиялык ишин Швейцария жүргүзөт. Экинчи дүйнөлүк согуш (1939–45) учурунда Лихтенштейн Швейцария менен тыгыз байланышта болуп, бейтараптыгын сактап калган. 1945-жылдан кийин Лихтенштейндин экономикасы тез өнүгө баштаган. 2000-жылдардын башында өнөр жай өнүгүшү жана тейлөө чөйрөсү боюнча Лихтенштейн өнүккөн Батыш өлкөлөрүнүн ичинен алдынкы орунду ээлеген. 1984-ж. аялдар шайлоо укуктарына ээ болушкан. 1989-ж. князь Ханс Адам II такка отурган. 2003-ж. конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, княздын укуктары кеңейген. 2004-ж. 15- августта Ханс Адам II мамлекетти башкаруу иштерин расмий түрдө уулу принц Алоисуга өткөрүп берген. 2009-ж. парламенттик шайлоодо Ата мекендик уюм (АУ) партиясы жеңишке жетип, анын лидери К. Чючер премьер-министрликке шайланган.

Чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ИДПнин жалпы көлөмү (2007-ж. 4,16 млрд доллар) боюнча чакан мамлекеттердин катарына кирген Лихтенштейн Европада акыркы орундардын бирин ээлейт. Бирок, ИДПни киши башына бөлүштүргөндө (122,1 миң доллардан) дүйнөдө 1-орунда. Экономикасынын негизин чет өлкөлүк (негизинен швейцариялык) капитал түзөт. 1923-ж. түзүлгөн бажы жөнүндөгү келишим боюнча Лихтенштейн Швейцариянын ички экономикалык зонасына кирет. ИДПнин структурасында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 54%ти, өнөр жайыныкы жана курулуштуку 40%ти, айыл, токой жана балык чарбаларыныкы 6%ти түзөт (2007). Лихтенштейн электр энергиясы менен өзүн толук камсыз кылат; энергияны Рейндин башатындагы куймаларына курулган чакан ГЭСтерден өндүрөт. Иштеп чыгуучу өнөр жайына бир жактуу адистешүү мүнөздүү; продукциясынын басымдуу бөлүгү (97%тен ашыгы) экспортко чыгат. Башкы экспорттук өндүрүштөрү: прибор куруу (негизинен жогорку тактыкта өлчөөчү приборлор), вакуум техникасы, микропроцессорлор, радиоэлектроника системаларын, ядролук физика үчүн жабдуу чыгаруучу ишканалар. Негизги өнөр жай ишканалары: машина куруу, так машиналарын куруу заводдору. Чет өлкөлүк (Швейцария, Германия жана башка) ишканалар менен кошо тирөөч, чакан габариттүү курулуш материалдарын, электр-пневматикалык жана бургулоо техникаларын, оптикалык жана мех. приборлорду, комплекттөөчү жана автомобиль тетиктерин, пресстелген жана штампталган буюмдарды, оптика системаларын, казан, вентиляция жана муздаткыч курулмаларын, радиоаппаратураларын, өнөр жай жана тиричилик электр-техникаларын, өлчөгүч жана оптикалык приборлорду чыгарууда. Эт консерваларын, сүт продукцияларын, шарап чыгаруу өнүккөн. Текстиль, жыгач иштетүү ишканалары иштейт. Шан шаарында жасалма (анын ичинде фарфордук) тиш жана тиш протездерин (дүйнөдө чыгарылган жана экспорттолгон продукциянын жарымы) чыгаруучу дүйнөдөгү эң ири жана уникалдуу ишкана бар; ошол эле ишкана түрдүү косметикалык продукция, өздүк гигиена каражаттарын, ошондой эле зер буюмдарын чыгарат. Айыл чарбасында чакан дыйкан чарбалары басымдуу. Айыл чарба өндүрүшүнүн негизин ургаалдуу өнүккөн мал чарбасы (айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүнүн 3/4) түзөт. Негизги тармагы – сүт багытындагы мал чарбасы. Өлкөнүн жер фондусунун 1/2 и жайыт катары пайдаланылат. Ошондой эле чочко, үй канаттуулары багылат, кой чарбачылыгы (негизинен жайытта асыралат) өнүккөн. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк негизинен Рейн өрөөнүндө таралган. Буудай, жүгөрү, ошондой эле тоют өсүмдүктөрү, картөшкө, тамеки, жашылча жана башка өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк, мөмө-жемиш (айрыкча алма) өстүрүү өнүккөн. Тейлөө чөйрөсү – өлкөнүн экономикасынын башкы сектору. Банк-финансы иштери, офшордук иштер жана чет элдик туризм өнүккөн. Лихтенштейндин эң ири 5 банкынын жалпы активи 30 млрд швейцария франкынан ашык. Өлкөдө 3 ири банк иштейт. Капиталга болгон салыктын төмөндүгү, киреше салыгын жоктугу, ишканаларды ачуу жана каттоо процедураларынын жөнөкөйлүгү, ошондой эле банк-кредит мекемелеринин көптүгү Лихтенштейнге чет өлкөлүк компанияларды жана инвестицияларды тартуунун маанилүү фактору болуп саналат. Өлкөдө Лихтенштейнден сырткары бизнес жүргүзгөн 75 миңге жакын холдинг жана башка чет өлкөлүк компаниялар катталган. Лихтенштейн – тоо лыжа спортунун жана кышкы эс алуунун жалпы европалык маанидеги борбору. Өлкөгө жылына 150 миңге жакын чет өлкөлүк турист келет. Лихтенштейн жогорку класстагы рекреациялык, туристтик жана мейманкана инфраструктурасына ээ. Жыл сайын чыгарылган почта маркалары, анын ичинде коллекциялар да княздыктын бюджетине 10%ке чейин киреше алып келет.

Транспорт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөнүн аймагын батыштан чыгышты карай жалгыз темир жол тармагы кесип өтөт; анын узундугу Лихтенштейндин чегинде 9,5 км, Фельдкирх (Австрия) менен Буксты (Швейцария) байланыштырат. Транспорттун негизги түрү – автомобиль жолу; анын жалпы узундугу 380 км (2007). Ички суу жолу жергиликтүү катнаш (катерлер) үчүн пайдаланылат; Рейн дарыясы боюнча узундугу 28 км. Аба катнашы Швейцариянын жана Австриянын эл аралык аэропорттору аркылуу жүргүзүлөт.

Экспорт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Товардык экспорту импортко караганда 2,5 эсе көп. Экспортунда бир жактуу адистешкен машина куруу продукциялары, стоматологиялык материалдар, фармацевтика жана косметология товарлары, мал чарба продукциясынын айрым түрлөрү, карапа буюмдары, ошондой эле почта маркалары басымдуу. Сырттан керектөө товарларын, машина жана жабдууларды, өнөр жай сырьёсун жана башкаларды сатып алат. Негизги соода шериктештери: Швейцария (экспорттун 20%тейи жана импорттун жарымынан көбү), Европа союзуна кирген өлкөлөр (экспорттун 45%ке чейинкиси; негизги кардарлары – Германия, Австрия, Италия) жана АКШ.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи апталык гезит 1862-ж. чыккан. Бир нече гезит жана журналдары бар. Радиоуктуруусу 1995-жылдан, телекөрсөтүүсү 1992-жылдан иштейт. Мамлекеттик басма сөз жана маалымат агенттиги иштейт. Шан шаарында жалгыз театр имараты (1960-ж. – кабаре; 2004–06-ж. реконструкцияланган) бар. Лихтенштейн Симфониялык оркестри (1988) бар. Хор ырдоо (1879-жылдан), заманбап музыка (1985-жылдан) жана жаз (2000-жылдан) фестивалдары, фольклордук искусствонун майрамдары өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7