Вадуц

Отурукташкан жай
Вадуц
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Лихтенштейн
Координаттар 47°08′23″ с. ш. 9°31′19″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү XIII кылым
Аянты 17,316 км²
Убакыт аралыгы UTC+1
Калкы
Калкы 5 229 адам (2013)
Жыштыгы 301,98 адам/км²
Сандык идентификаторлор

ВадуцЛихтенштейн княздыгынын борбор шаары. Рейн дарыясынын өрөөнүндө. Калкы 5,3 млн (2006). Алгач 1150-жылдан эскерилет. 1342-жылдан Вадуц княздыгынын борбору жана мезгил-мезгили менен графтыктын резиденциясы болгон. 1592-жылдан ярмарка өткөрүлөт. 1719-жылдан Лихтенштейн княздыгынын борбору. 1997-жылдан архиепископтун резиденциясы. 19-20-кылымдын курулуштары басымдуу. Сепил, «Лёвен» конок сарайы (1380), жаңы готика стилиндеги кафедралуу Ыйык Флорина собору, жаңы барокко стилиндеги өкмөт үйү, ратуша, музейлер бар. Текстиль, фармацевтика, так механика жана микроэлектроника буюмдарын чыгаруучу ишканалар иштейт. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]