Андорра-Ла-Вилья

Отурукташкан жай
Андорра-Ла-Вилья
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Андорра
Координаттар 42°30′ с. ш. 1°30′ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү IX век
Аянты 12 км²
Борборунун бийиктиги 1409 м
Убакыт аралыгы UTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Калкы 22 615 адам (2014)
Жыштыгы 1866,50 адам/км²
Сандык идентификаторлор
Почта индекси AD500
Расмий сайты http://www.comuandorra.ad/  (исп.)

Андорра-Ла-Вилья - Андорра мамлекетинин борбор шаары. Валира дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 1070 м бийиктикте (Европадагы эң бийик жайгашкан шаар) жайгашкан. Калкы 20,4 миң (2004). Шаардын агломерациясы Андорра-Лес-Эскальдесте өлкөнүн калкынын ½ бөлүгү жашайт. Тамеки фабрикасы; сувенир, сыр жасоочу, жүн жип ийрүү ишканалары, музыкалык академия, театр жана башкалар бар. Кустардык кол өнөрчүлүк (жыгачка жана ташка оймо-чийме түшүрүү) өнүккөн. 9-кылымдын башында негизделген. Ыйык Арменголь чиркөөсү (11-12-кылым), өкмөттүн резиденциясы «Дом долин» (16-кылым; азыр сүрөт жана тарых музейи) сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1