Жайкы убакыт

Википедия дан

Жайкы убакыт — саат жебесин бир саат алдыга жылдыруу менен түшүндүрөт.

Жайкы убакытка өтүү
Кайра калабана келтирүү

Жайкы убакытка негизи жазында өткөрүшөт (кышкы убакыттан 1 саат алдыга). Ал эми күзүндө кайра ордуна келтиришет. Көпчүлүк жайкы убакытка өтүүчү өлкөлөрдө жайкы убакытка өтүү ишембиден жекшембиге караган түнү өткөрүлөт. Жайкы убакыт көптөгөн өлкөлөрдө күндүн жарык мезгилин жана жарыктандыруу үчүн кеткен электр кубатын рационалдуу колдонуу үчүн өтүшөт. Ал эми жайкы убакты сындагандар жайкы убакыттын адамдарга терс таасирин тийгизет жана ал убакытка өтүүдө үнөмдөө болгондугу далилдене элек деп айтышат. Жайкы убакытка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү колдонуп келет. Ага өтүүдө өздүк убакыттын дүйнөлүк убакытка карата өзгөрүлөт. Жана дагы жайкы убакытка өтүү жана кайра аны өзгөртүү баардык эле жерде бир убакытта жүрө бербейт. Эгерде түштүк жарым шарда жай болсо, түндүк жарым шарда кыш, жана тескерисинче болот. Бизге жакын өлкөлөрдөн Орусия жана Казакстанда жайкы убакытка өтүү мурда болуп келип, кийин алынып салынган.

Кыргызстандагы жайкы убакыт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын аймагында 1997-жылдын 30-мартында жайкы убакыт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 12-мартындагы № 135 токтомунун негизинде киргизилген. Жайкы убакытка өтүү 30-мартта саат 2де саат жебесин 1 саат алдыга жылдыруу аркылуу ишке ашырылган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кээ бир байыркы цивилизацияларда күндүн убактысы анын узактыгына карабастан туура 12 бөлүккө бөлүнгөн. Анын негизинде кышкы күнгө караганда жайкы күндүн узактыгынын айырмасы 1 саат болуп калган. "Жайкы убакыттын" заманбап системасын биринчи болуп жаңызеланддык энтомолог Джордж Вернон Хадсон сунуштаган. 1895-жылы Хадсон күндүн жарык убактысын сактоо үчүн 2 саатка алдыга жылдыруу үчүн ишин Веллингтондук ойчулдар коомуна тааныштырган. Ал иш Крайстчерч шаарындагылар (Жаңы Зеландия) кызыга баштаганда, ал макала 1898-жылы басылып чыккан. Европадагы жыйкы убакытка өткөн (көмүрдү аз колдонуу максатында) Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Германия жана анын союздаштары болгон (1916-жылдын 30-апрель күнү). Улуу Британия жана ал согушта нейтралдуу өлкөлөр да жайкы убакытка өтүшкөн. Орусия жана бир катар өлкөлөр 1917-жылы, ал эми АКШ 1918-жылы өтүшкөн.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]