Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлигинин жогорку органы. Өкмөт өзүнүн ишинде Конституцияда каралган чектерде Жогорку Кеңешке отчет берет жана анын алдында жооптуу болот.
Өкмөттү Премьер-министр башкарат. Өкмөт Премьер-министрден, вице-премьер-министрлерден, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат. Өкмөттүн түзүмү өзүнө министрликтерди жана мамлекеттик комитеттерди камтыйт.
Ыйгарым укуктары[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз ишинде Конституция жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамы менен каралган чектерде Жогорку Кеңештин алдында өз иши үчүн жоопкерчиликке жана отчет берүүчүлүккө негизденет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине ылайык төмөнкү ыйгарым укуктарын ишке ашырат:
- Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;
- мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат;
- мыйзамдуулукту, жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
- мамлекеттин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн коргоо, конституциялык түзүлүштү сактоо боюнча, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин бекемдөө боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;
- финансы, баа, тариф, инвестиция жана салык саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;
- республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Жогорку Кеңешке сунуш кылат жана анын аткарылышын камсыз кылат; республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Жогорку Кеңешке отчет берет;
- менчиктин бардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн жана аларды коргоонун бирдей шарттарын камсыз кылуу боюнча, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды ишке ашырат;
- социалдык-экономикалык жана маданий чөйрөдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;
- экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- тышкы экономикалык иштерди жүргүзүүнү камсыз кылат;
- жарандык коом менен эриш-аркак иштешүүнү камсыз кылат;
- Конституция жана мыйзамдар менен өзүнө берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Конституция менен Президенттин жана Жогорку Кеңештин компетенциясына таандык болгон, ошондой эле Конституция жана мыйзамдар менен соттордун, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына таандык болгон маселелерден тышкары, Өкмөт мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет.
Түзүмү жана курамы[оңдоо | булагын оңдоо]
Өкмөттүн курамына министрликтер жана мамлекеттик комитеттер кирет. Өкмөт Премьер-министрден, биринчи вице-премьер-министрден, вице-премьер-министрлерден, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат.
Түзүмү жана курамы Өкмөттүн ишинин жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн. Өкмөттүн түзүмүн жана курамын өзгөртүү жөнүндө сунуш Премьер-министр тарабынан демилге кылынат жана Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилет.
Өкмөт мүчөлөрү[оңдоо | булагын оңдоо]
Кызмат орду | Сүрөтү | Аты жөнү | Партиясы | Кызматка келген күнү | |
---|---|---|---|---|---|
Премьер-министр |
Артём Новиков | 15-ноябрь, 2020 | |||
Вице-премьер министрлер | |||||
Биринчи вице-премьер-министр | Артём Новиков | 14-октябрь, 2020 | |||
Вице-премьер-министр | Равшан Сабиров | 14-октябрь, 2020 | |||
Вице-премьер-министр | Аида Исмаилова | 1-апрель, 2020 | |||
Вице-премьер-министр | Максат Мамытканов | 14-октябрь, 2020 | |||
Министрлер | |||||
Өкмөт апаратынын жетекчиси — Министр | Таалайбек Темиралиев | ||||
![]() Тышкы иштер министри |
Руслан Казакбаев | 14-лктяу, 2020 | |||
Ички иштер министри | Уланбек Ниязбеков | 14-октябрь, 2020 | |||
Юстиция министри | Марат Жаманкулов | 19-сентябрь, 2018 | |||
Каржы министри | Кыялбек Мукашев | 14-октябрь, 2020 | |||
Экономика министри | Санжар Мукамбетов | 30-май 2019 | |||
![]() Айыл-Чарба министри |
Эркинбек Чодуев | 2019 | |||
Транспорт жана коммуникация министри | Бакыт Бердалиев | 14-октябрь, 2020 | |||
Өзгөчө кырдаалдар министри | Бообек Ажикеев | 14-октябрь, 2020 | |||
Билим берүү жана илим министри | Алмазбек Бейшеналиев | 14-октябрь, 2020 | |||
Саламаттыкты сактоо министри | Алымкадыр Бейшеналиев | 1-апрель, 2020 | |||
Маданият жана маалымат министри | Нуржигит Кадырбеков | 14-октябрь, 2020 | |||
Эмгек жана социалдык коргоо министри | ![]() |
Улукбек Кочкоров | 25-октябрь, 2018 | ||
Мамлекеттик комитеттер | |||||
Улуттук Коопсуздук Комитети | Камчыбек Ташиев | 15-октябрь, 2020 | |||
![]() Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы |
Эрлис Тердикбаев | 20-апрель, 2018 | |||
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу
мамлекеттик комитетинин төрагасы |
Эмил Осмонбетов | 20-сентябрь, 2018 | |||
Маалыматтык технологиялар жана байланыш
мамлекеттик комитетинин төрагасы |
Алтынбек Исмаилов | 17-июнь, 2020 |