Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

Википедия дан

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши — Кыргыз Республикасынын парламенти — мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү орган.[1]

Жогорку Кеңеш партиялык тизме боюнча беш жылдык мөөнөткө шайлануучу 90 депутаттан турат.

Курагы 18тен жаш эмес, шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон жаран, эгерде анын соттолгондугу жоюлбаса же мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаса, Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана албайт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби мыйзам менен аныкталат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эгемен Кыргызстандын туңгуч Жогорку Кеңеши болуп «легендарлуу парламент» атына конгон Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин 12-чи чакырылышы расмий түрдө эсептелет.

4-июнь парламентаризм күнү болуп бекитилген.

1995-жылдан 2000-жылга чейин депутаттар Жогорку Кеңешке мажоритардык система аркылуу шайланган. Ал парламент эки палатадан турган — Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйыны.

2000 —2005-жылдар аралыгында Кыргызстанда экинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ишин жүзөгө ашырган. Ал 105 депутаттан турган. 1998-жылдагы үчүнчү конституциялык реформанын жүрүшүндө шайлоосистемасына өзгөртүүлөр киргизилген жана кыргыз парламентинин палаталарынын сандык курамы кайрадан каралган. Эми Мыйзам чыгаруу жыйыны 60 депутаттан туруп, алардын 15и партиялык тизме боюнча шайланган. Эл өкүлдөр жыйыны 45 депутаттан турган.

2010-жылдын 27-июлунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын кеңейтилиши менен бирге анын жоопкерчилиги да күчөтүлгөн.

Чакырылыштар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жогорку Кеңеш өз тарыхын 1939-жылдан тарта улап келет. Азыркы учурда иштеп жаткан чакырылыш 2015-жылы шайланган.

Жогорку Кеңештин чакырылыштары:

  • 1995 — «биринчи чакырылыш»
  • 2000 — «экинчи чакырылыш»
  • 2005 — «үчүнчү чакырылыш»
  • 2007 — «төртүнчү чакырылыш» — шайлоодо Бакиевдин «Ак-Жол» партиясы 71 мандатка ээ болгон. 2010-жылы жазында болгон мамлекеттик төңкөрүштөн улам Убактылуу өкмөт аркылуу таркатылган. Ошондон улам 2010-жылы 6-июлда БШК Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышынын ишин токтотуу жөнүндө токтом кабыл алган.
  • 2010 — «бешинчи чакырылыш» — шайлоо 2010-жылы 10-октябрьда өтүп, парламентке 5 партия келген.
  • 2015 — «алтынчы чакырылыш» — шайлоо 2015-жылы 4-октябрьда өткөн. Шайлоого 14 саясий партия катышып, 6 саясий партия Жогорку Кеңешке келген. Бул чакырылыштагы депутаттардын көпчүлүгү сабатсыз коррупционер чимкириктер деп аталып калган.
  • 2021 — «жетинчи чакырылыш»

Парламенттин алтынчы чакырылышынын курамы:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фракция Жетекчиси Депутаттардын саны
КСДП Иса Өмүркулов 38
«Республика-Ата Журт» Жыргалбек Турускулов 28
«Кыргызстан» Алмазбек Баатырбеков 18
«Өнүгүү-прогресс» Бакыт Төрөбаев 13
«Бир Бол» Алтынбек Сулайманов 12
«Ата Мекен» Алмамбет Шыкмаматов 11

Булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. А. А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек, 2003, 184-б. ISBN 5-89750-150-5

Калып:Кыргыз Республикасынын депутаттары