Артём Новиков
Көрүнүш
Артём Новиков Артём Эдуардович Новиков | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
14-ноябрь, 2020 — 3-февраль, 2021 | ||||
Президент: | Талант Мамытов (м. а) | |||
Андан мурунку: | Садыр Жапаров | |||
Андан кийинки: | Улукбек Марипов | |||
| ||||
14-октябрь, 2020 | ||||
Өкмөт башчысы: | Садыр Жапаров | |||
Президент: | Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаров (м. а) Талант Мамытов (м.а) | |||
Андан мурунку: | Алмазбек Батырбеков | |||
| ||||
25-август, 2017 — 19-апрель, 2018 | ||||
Өкмөт башчысы: | Сапар Исаков | |||
Президент: | Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков | |||
Андан мурунку: | Арзыбек Кожошев | |||
Андан кийинки: | Олег Панкратов | |||
Жарандыгы: | Кыргызстан | |||
Туулган жери: | Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР | |||
Кесиби: | экономист, менеджер |
Артём Новиков (13-январь, 1987; Кыргыз ССРи, СССР) — Кыргызстандык саясий жана мамлекеттик ишмери. Биринчи вице-премьер-министр (15-октябрь, 2020). Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу (14-ноябрь 2020 — 3 февраль, 2021).
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Артем Новиков 1987-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Жогорку Билимдүү. Балтика мамлекеттик техникалык университетин "экономист-менеджер" адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 2004 – 2006 — "Вест Ала-Тоо" ЖЧКсында бухгалтер;
- 2006 – 2007 — "Ататүрк" атындагы коомдук эл аралык фондусунда бухгалтер;
- 2007 – 2008 стажер, Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин инвестициялык саясат бөлүмүнүн котормочусу;
- 2008-2009 — Экономика министрлигинин инвестициялык саясат бөлүмүнүн башкы адиси;
- 2009 – өкмөт аппаратындагы бөлүмдө эксперт;
- 2009 – 2010 – ЦАРИИнин адам ресурстарын башкаруу кызматынын эксперти;
- 2011 — 2012 — премьер-министр Өмүрбек Бабановдун кеңешчиси;
- 2014 – 2015 — премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин кеңешчиси;
- 2015-жылы биринчи вице-премьер Аалы Карашевдин кеңешчиси;
- 2017-жылдын май айында президенттик аппараттын финансы-экономикалык анализи жана өнүгүү мониторинги бөлүмүнүн башчысы;
- 2017-2018-жылдары — Кыргызстандын экономика министри;
- 2020-жылдын январь айында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кеңешчиси болуп иштеген.