Жумабек Ибраимов

Википедия дан
Жумабек Ибраимов
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Ибраимов, Жумабек
Туулган жылы: 1-январь 1944-жыл
Туулган жери: Жаңы-Алыш айылы, Кемин району, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желеги
Ишмердүүлүгү: белгилүү коомдук-мамлекеттик ишмер

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жумабек Ибраимов Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылында 1944-жылы 1-январда туулган. ФПИни бүтүргөн. Ибраимов - коомдук-мамлекеттик ишмер.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1998-ж. Кыргыз Республикасынын премьер-министри. 1972-ж.1971–75-ж.ж. ошол эле институтта аспирант, окутуучу. 1977–85-ж.ж. Миңкуш «Оргтехника» заводунун инженер-конструктору, башкы конструктор,башкы инженер, директору. 1985–88-ж.ж. Балыкчы шаардык элдик көзөмөлдөө комитетинин төрагасы, Кыргызстан КП Балыкчы шаардык комитетинин 1-катчысы. Кыргызстан КП БКнын партиялык уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1991–92-ж.ж. уюштуруу комитетинин төрагасы, коопсуздук жана коргонуукомитетинин төрагасынын орун басары, 1992–93-ж.ж. «Жанар» акционердик коомунун башкы директору, 1993–95-ж.ж Бишкек шаардык мамлекеттик администратор башчысы. 1995–96-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген рационализатору.

Үй бүлөөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Шайыр Искеновна Сагынбаева - жубайы
  2. Ильяс Жумабекович Ибраимов - уулу
  3. Нурдин Жумабекович Ибраимов - уулу
  4. Абакир Жумабекович Ибраимов - уулу
  5. Назгуль Жумабековна Ибраимова - кызы

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003
  • Б. Бөкөлөев. Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчылары.-Б.,2001

Газеталар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Туусу. 1998-ж., 29-декабрь №173. 2-б.
  • Кыргыз Туусу. 1999-ж., 6-8-апрель №53-54. 1-б.