Мазмунга өтүү

Кемин

Википедия — ачык энциклопедия
Шаар
Кемин
ӨлкөКыргызстан
ОблусЧүй облусу
РайонКемин району
Координаттар42°47′13″ с. ш. 75°41′28″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Калкы8 169 адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Кемин (Кыргызстан)

Кемин (мурда Бөрүбай, Коёнду, Быстровка аталган; 1992-жылдан Кемин) — Кыргызстандын Чүй облусунун Кемин районундагы шаар.

Чүй дарыясынын сол өйүзүндө, ЧалдыбарБишкекБалыкчы автомобиль жана темир жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1120 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Токмок шаарынан 35 км чыгыш тарапта. Кыштак катары 1912-жылы пайда болгон. 1954-жылдан шаарча. 2012-жылы шаар статусуна ээ болгон. Калкы 8,2 миң (2009). Темир жол станциясы жайгашкан. Шаарда «КЭТЗ», «Линолеум», «Кемин-Нан» АКлары, «Нефть жана газ» биргелешкен ишканасы, ошондой эле айыл чарба азыктарын белендөөчү, эл керектөөчү буюмдарды чыгаруучу чакан өнөр жай ишканалары иштейт. Кесиптик-техникалык окуу жайы, 3 орто жана музыкалык мектеп, бала бакча, бейтапкана, оорукана, 6 дарыкана, 3 мончо, 2 китепкана, 2 маданият үйү, кинотеатр, мейманкана жана башка бар. Ошондой эле үй-бүлөлүк врачтар тобу, санитардык-эпидемиологиялык станция, соода түйүндөрү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, кафе, ресторан, базар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго жана Шабдан баатырга эстелик тургузулган.

Калкы ― 8169 киши (2009-жылы)[1].

1959[2]1970[3]1979[4]1989[5]1999[1]2009[1]
719810 30212 20413 93711 4018169

Калып:Kyrgyzstan-stub

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]