Кайыңды (Кемин району)
(Кайыңды, Кемин району барагынан багытталды)
Jump to navigation
Jump to search
Отурукташкан жай
Кайыңды
|
Кайыңды, Кемин району – Чүй облусунун Кемин районундагы кыштак. Көк-Ойрок айыл округунун борбору. Чоң Кемин өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1300 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жанатемир жол бекети Кемин шаарчасынан 60 км чыгыш тарапта. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы негизинен картөшкө өстүрүшөт жана мал багышат. Орто мектеп, китепкана бар. Кыштакта белгилүү акын Ысак Шайбек уулу, кыргыз эл акыны А. Токомбаев, Кыргыз Республикасынын Уулуттук Илимдер Академиясынын академиктери М. Иманалиев, С. Б. Данияров туулган жана залкар комузчу Муратаалы жашаган.
Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]
жылы | 2009[1] | 2014[2] | 2015[3] |
---|---|---|---|
адам | 1414 | ↗ 1509 | ↗ 1728 |
Белгилүү инсандары[оңдоо | булагын оңдоо]
- Иманалиев Мурзабек (1931—2017) — математик, Кыргыз ССР ИАнын академиги (1977).
- Аалы Токомбаев (1904—1988) — Кыргызстандын эл акыны (1945), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1954), Социалисттик Эмгектин Баатыры(1974).
![]() |
Бул Кыргызстан бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
- ↑ Перепись населения Кыргызской Республики 2009 года. Чуйская область
- ↑ Численность постоянного сельского населения Кыргызской Республики по айылным аймакам и айылам (селам) в 2014 г.. Национальный статистический комитет Кыргызской Республики. Түп булактан архивделген күнү 5 Ноябрь (Жетинин айы) 2016.
- ↑ Численность постоянного сельского населения Кыргызской Республики по айылным аймакам и айылам (селам) в 2015 г.. Национальный статистический комитет Кыргызской Республики. Түп булактан архивделген күнү 5 Ноябрь (Жетинин айы) 2016.