Иманалиев Мурзабек

Википедия дан

Иманалиев Мурзабек - (13. 9. 1931-ж. туулган, Чүй облусу, Кемин району, Кайыңды айылы) математик, физика-математика илимдеринин доктору (1965), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1979; корреспондент мүчөсү, 1969), СССР ИАнын корреспондент мүчөсү (1981), профессор (1965), Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1981). КМУну бүтүргөн (1953). КМУда улук окуутуучу (1956-60), ФПИде доцент (1960-62), проректор (1962-64). КМУда кафедра башчысы (1964-66), Кыргыз ССР ИА ФМИнин директору (1966-76), КМУнун ректору (1976-79), Кыргыз ССР ИАнын президенти (197986), 1984-жылдары Кыргыз ССР ИА МИнин директору. Негизги эмгектери интегралдык-дифференциалдык теңдемелер теориясына арналган. Жогорку тартиптеги туундусунун коэфф. кичине параметр болгон интегралдык-дифференциалдык теңдемелердин ар түрдүү класстары үчүн Коши маселесин жана чектик маселелерди чыгаруунун, мезгилдүү, дээрлик мезгилдүү жана чектелген чыгарылыштарды табуунун жана чыгарылыштарды асимптоталык катарларга ажыратуунун жаңы ыкмасын иштеп чыккан. Мындай чыгарылыштардын калдык мүчөлөрүн асимптоталык баалоонун натыйжалуу ыкмаларын тапкан. Маселелерди чыгарууга жана интегралдык теңдемелердин чыгарылыштарын табууга салым кошкон. Чектүү аралыктагы жалпыланган функциялардын теориясын түзгөн. Кыргызстандагы техникалык-экономикалык маселелерди, механиканын жана башкарылуучу системалардын атайын маселелерин да изилдеген. 230га жакын илимий эмгеги, анын ичинде 6 монографиясы, 7 ойлоп табуусу жарык көргөн. И. СССР математиктеринин улуттук комитетинин жана Эл аралык математикалык союздун мүчөсү, СССР Жогорку Советинин депутаты (1979-89). Эмгек Кызыл Туу, III жана I даражадагы Манас ордендери менен сыйланган. Эмгектери: Aсимпгогические методы в теории сингулярно-возмущённых интегро-дифференциальных систем. Ф., 1972; Колебания и усгойчивосгь решений сингулярно-возмущённых интегро-дифференциальных систем. Ф., 1974; Методы решения нелинейных обратных задач и их приложения. Ф., 1977; Обобщённые решения интегральных уравнений первого рода. Ф., 1981.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]