Мазмунга өтүү

Боролдой

Боролдой, Кемин району‎»‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Боролдой
Район Кыргызстан
Координаттар 42°47′25″ с. ш. 75°51′22″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 1 893 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Боролдой (Кыргызстан)

Боролдой [моңголчо боролж (боролжин) ак тал же бөрүтал; дай көптүк мүчө; ак талдуу же бөрүталдуу маанисинде] Чүй облусунун Кемин районундагы кыштак. Боролдой айыл өкмөтүнө караштуу. Бишкек Актүз автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1500 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темиржол бекети Кемин шаарчасынан 18 км түндүк-чыгыш тарапта. 1921-ж. отурукташкан. Калкы 1893 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто жана негизги мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, оорукана, дарыкана, китепкана, маданият үйү, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.

Калкы - 1 893 киши.[1] Калып:Kyrgyzstan-stub

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4