Кара-Булак, Кемин району

Wikipedia дан

Кара-Булак, Кемин району – Чүй облусунун Кемин районундагы кыштак. Кара-Булак айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1172 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кемин шаарчасынан 15 км түндүк-чыгыш тарапта. Кыштак 1919-жылы негизделген. Калкы 2777 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, мончо бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]