Шабдан баатыр
Шабдан Жантай уулу | |
Шабдан Жантаев | |
Туулган жери | |
---|---|
Жарандыгы |
кыргыз |
Ишмердүүлүгү |
мамлекеттик жана аскер ишмери |
Атасы |
Жантай Карабек уулу |
Сыйлыктары |
Төртүнчү даражадагы Георгий жылдызы |
Шабдан Жантай уулу (1839, Чүй өрөөнү, Көк-Жар жайлоосу, азыркы Чүй ооданы Он бир жылга айыл өкмөтү - 1912) - Чүй, Кемин өрөөнүндө жашаган сарыбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан манап, саясий, коомдук ишмер. Жантай Карабектин уулу. Жаш кезинен эле саясий турмушка аралашкан.
1860-жылдын акырында Кокон хандыгынын колбашчысы Канат шаага кошулуп, Ташкенге барган. Узун-Агачтын жанындагы орус аскерлерине каршы урушка катышкан. Ташкен шаарын коргоодо көрсөткөн каармандыгы үчүн Кудаяр хан аны Түркстан шаарынын беги кылып дайындаган. Ал Токмоктогу уезддин начальниги жана Жети-Суу аскер губернатору менен тыгыз байланышта болгон.
1876-77-ж. генерал Скобелевдин алайлык кыргыздарды Орусиянын карамагына өткөрүү ишине көмөк көрсөткөн.
1883-ж. ал падыша Александр ІІІнүн тактыга отуруу аземине катышып, аскер старшинасы наамын алган, алтын саат менен сыйланган.
1884-ж. ага жылына берилүүчү 300 сом пенсия чектелген. 1909-ж. Чоң-Кеминде жаңы усулда сабак өткөрүүчү медресе салдырган. 65 жашында ажыга - Меккеге барган. Шабдандын өмүр баяны, ишмердиги Осмонаалы Сыдык уулунун «Тарых-и кыргыз шадманийа» аттуу 1914-ж. Уфадан басылып чыккан эмгегинде жазылган. Эстелиги Бишкек шаарында жана Кемин шаарчасына орнотулган.