Николай Танаев

Википедия дан
Танаев Николай Тимофеевич.

Танаев Николай Тимофеевич (1945-жылы т., Россия Федерациясы, Пенза облусу, Михайлов кыштагы) – мамлекеттик саясий ишмер; Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (2002-жылдан).

Өмүрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1969-жылы Жамбыл гидромелиорация- курулуш институтун бүтүргөн.
1969–79-жылы Ош курулуш трестинде мастер, прораб, башкы инженер, 1979–84-жылы Ош шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары.
1984–85-жылы Ош облустук суу-канал башкармалыгынын начальниги.
1985–95-жылы Чүй өнөр жай курулуш трестинин башчысынын орун басары, башчысы.
1995–2000-жылы Кыргыз курулуш акционердик коомунун президенти.
2000–2001-жылы Кыргыз Республиканын өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш боюнча комиссиянын төрагасы.
2001-жылы Кыргыз Республиканын вице-премьер-министри.
Үчүнчү даражадагы Манас ордени жана Даңк медалы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]