Амангелди Муралиев

Википедия дан
Амангелди Мурсадыкович Муралиев.

Амангелди Мурсадыкович Муралиев (1947-жылы т., Чүй облусу, Панфилов району, Кум-Арык айылы) – мамлекеттик, коомдук ишмер.

1967-ж. Карабалта тамак-аш техникумун, 1976-ж. ФПИни бүтүргөн.
1966–70-жылы Карабалта кант комбинатында слесарь, мастер, 1970–73-жылы Бишкек электр-вакуум машиналарын куруу тажрыйба заводунда инженер-конструктор.
1973–76-жылы тоют жыйноочу техникалар боюнча мамлекет адистештирилген конструктордук бюродо жетектөөчү конструктор.
1976–78-жылы Бишкек шаардык парткомунун инструктору.
1978–82-жылы оор электр машиналарын куруу заводунда башкы инженер, директор.
1982–88-жылы «Кыргызавтомаш» өндүрүш бирикмесинин башкы директору.
1988–91-жылы Бишкек шаардык эл депутаттар кеңешинин аткомунун төрагасы.
1991–92-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекет катчысы, экономикка боюнча мамлекет комитетинин төрагасы, 1992–93-жылы экономика жана финансы министри,
1993-жылдан Кыргызстан өндүрүшчүлөр жана ишкер адамдар союзунун президенти.
1985–92-жылы жана 1993-жылдан Кыргыз Республиканын депутаты.
1994-жылы мамлекет мүлк фондунун төрагасы.
1996–99-жылы Ош облусунун губернатору.
1999–2000-ж.Кыргыз Республикасынын Премьер министри.
2001-жылдан баалуу кагаздар боюнча мамлекет фондунун төрагасы, «Биримдик» саясий партиясынын төрагасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]