Баялы Исакеев

Википедия дан
Баялы Исакеев
Баялы Исакеев
Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы
24.3.1937 — 8.9.1937
Андан кийинки: Мурат Салихов
Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы
27.9.1933 — 24.3.1937
Андан кийинки: Жусуп Абдрахманов
 
Туулган жери: Таш-Дөбө айылы, Аламүдүн району
 
Автограф: Кол тамгасы

Баялы Дыйканбаевич Исакеев (1897―1938) ― кыргыз советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Б.Исакеев Кыргызстандын азыркы Нарын облусуна караштуу Кочкор өрөөнүндөгү көчмөн кедей үй бүлөдө туулган.
1916-ж. - Нарын шаарындагы орус-тузем мектеп-интернатын аяктаган.
1923-ж. - Ташкендеги Орто Азия коммунисттик университеттин(САКУ),
1926-ж. - Москвадагы ВКП(б) БК нын уездик партия кызматкерлеринин бир жылдык курсун бүтүргөн.

1917-1920-жж. - Кумбел Арал жана Орто Токой менчик почта станцияларында иштеген.
1921-1922-жж. - Кочкор участкалык эл сотунун катчысы.
1922-1923-жж. - Нарын уезддик партия комитетинде иштеген.
1924-1925-жж. - Түркстан АССР Лепси жана Каракол уезддик шааркомдорунда иштеген.
1926-1927-жж. - Кыргыз АССР КП округунун бөлүм башчысы.
1927-1928-жж. - "Кызыл Кыргызстан" гезитинин жооптуу редактору болгон.
1928-1929-жж. - ВКП(б) Кыргыз обкомунун катчысы болгон.
1933-1936-жж. - Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы болуп иштеген 1937-жылы Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы кезинде камакка алынып, 1938-жылы ак жеринен атылган.

Мамлекеттик ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал 1928–29-ж. ВКП(б) Кыргыз обкомунун бөлүм башчысы, 1929–30-ж. Кыргыз АССР жер иштер комиссары, 1930–33-ж. ВКП(б) Кыргыз өкмөтүнүн башчысы, 1933–37-ж. Кыргыз ССР (адегенде АССР) ЭКСтин төрагасы. Кыргыз АССР БАКка (192837), СССР улуттар советине (1931–35), СССР БАКка жана анын Президиумуна (1935–37) мүчө. ВКП(б) БКнын 17-съездинин жана СССР Советинин атайын чакырылган 6-, 7-, 8-съезддеринин делегаты.

Баялы Исакеев Кыргыз АССРинин тушунда жана анын макамын бийиктетип, Кыргыз ССРине айландырган учурда уюштуруучулук зор иш-аракет жасаган мамлекеттик ишмерлерден болгон.

Замандаштары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал кыргыздын чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмерлери Абдыкадыр Орозбеков, Төрөкул Айтматов, ж.б. менен чогуу иштешкен.

Ал 1937-жылы Бишкеккке келген Николай Бухарин менен да жолуккан[1].

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыздарынын бири - Лариса атасын актоо жана анын ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн зор эмгек кылды.

Эстеликтери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бишкектин чордонундагы Тарых музейинин чыгыш ыптасында Баялы Исакеевдин айкели тургузулган. Анын ысымы Кочкор районундагы кыштакка берилген.

Ал жана доору тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. http://www.azattyk.org/a/baialy-isakeev_bukharin_1937_kyrgyz-dance_stalinism_ky/28371247.html