Мухаммедкалый Абылгазиев
Көрүнүш
| Мухаммедкалый Абылгазиев | ||||
| ||||
|---|---|---|---|---|
| 20-апрель 2018 — 15-июнь 2020 | ||||
| Президент: | Сооронбай Жээнбеков | |||
| Андан мурунку: | Сапар Исаков | |||
| Андан кийинки: | Кубатбек Боронов | |||
| ||||
| 22-август 2017 — 26-август 2017 | ||||
| Президент: | Алмазбек Атамбаев | |||
| Андан мурунку: | Сооронбай Жээнбеков | |||
| Андан кийинки: | Сапар Исаков | |||
| ||||
| 13-апрель 2016 — 22-август 2017 | ||||
| Өкмөт башчысы: | Сооронбай Жээнбеков | |||
| Президент: | Алмазбек Атамбаев | |||
| Андан мурунку: | Аалы Карашев | |||
| Андан кийинки: | Толкунбек Абдыгулов | |||
| Туулган жери: | Кочкор району, Нарын облусу, Кыргыз ССРи, СССР | |||
| Билими: | Кыргыз улуттук агрардык университети | |||
| Кесиби: | агроном | |||
Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич (20-январь, 1968, Дөң-Алыш айылы, Кочкор району, Нарын облусу, Кыргыз ССР) — кыргызстандык мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын премьер-министри (2018-2020), Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси (2018). Мамлекеттик кызматтын 3 класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Билими
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1994 — Константина Скрябин атындагы айыл чарба институтун "агроном" адистиги боюнча аяктаган.
- 1997 — Кыргызстандын Эл аралык экономика жана бизнес факультетин аяктаган.
Эмгек жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1994 — 1995 — "Кыргызстан" финансы-агроөнөржай директорунун орун басары
- 1995 —1997 — "Ажар" ишканасынын аткаруучу директору
- 1997 — 1998 — Өкмөт алдындагы Мамлекеттик орто жана чакан бизнести колдоо фондусунун насыялоо бөлүмүнүн эксперти
- 1998 — 1999 — Биринчи Май районунун калкты иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын директору
- 1999 — 2003 — Бишкектин калктын иш менен камсыз кылуу департаментинин директору
- 2003 – 2003 — Социалдык фонддун ички аудит башкармалыгынын башчысы
- 2003 — 2007 — Социалдык фонддун Чүй облустук башкармалыгынын башчысы
- 2007- 2009 — Социалдык фонддун аппарат башчысы
- 2009 — 2010 — Социалдык фонддун төрага орун басары
- 2010-2016 — Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы
- 2016-2017 — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри
- 08.2017-09.2017-ж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси
- 2017-жылдын 12-сентябрынан — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары
- 2018-жылдын 16-мартынан — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси
- 2018-жылдын 20-апрелинен — Кыргыз Республикасынын премьер-министри

