Феликс Кулов

Википедия дан

Феликс Шаршенбаевич Кулов — 1948-жылы 29-октябрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1971-жылы СССР Ички иштер министрлигинин Омскидеги жогорку мектебин, 1978-жылы – СССР Ички иштер министрлигинин академиясын бүтүргөн.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун 1966-жылы Фрунзе шаарынын Ички иштер башкармалыгынын полкунун өзүнчө ыкчам взводунун милиционери болуп баштаган.
СССР Ички иштер министрлигинин Омскидеги жогорку мектебин аяктагандан кийин 1971-1975-жылдары Кыргыз ССРинин Ички иштер министрлигинин кылмышкерлерди издөө башкармалыгынын наркомания менен күрөшүү бөлүмүндө инспектор, «А» бөлүмүндө улук инспектор болгон.
1978-1980-жылдары – Кыргыз ССРинин Ички иштер министрлигинин кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

1980-1987-жылдары Талас облустук аткаруу комитетинин Ички иштер башкармалыгында ар кыл кызмат орундарында иштеген.

1980-жылдан – Талас облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 1984-1987-жылдары ошол эле башкармалыктын начальниги.

1989-жылдан – Кыргыз ССРинин Ички иштер министринин орун басары, 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри болуп иштеген.

1992-жылы Кыргыз Республикасынын вице-президенти болуп дайындалган. 1993-жылдан Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы кызматында иштеген.

1997-жылдан – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министри, 1998-1999-жылдары – Бишкек шаарынын мэри болуп иштеген.

Бийлик тарабынан саясий куугунтуктоого алынып, 2000-жылы Кылмыш кодексинин 30-беренесинин 5-6-бөлүктөрү (кылмыш жасоого азгыруучулук жана жардам көрсөтүү), 315-берене (кызматтык документтерди оңдоо), 304-берененин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (кызмат абалынан пайдалануу) жана 177-берененин 2-бөлүгү боюнча кылмыш жасаган деген күнөөлөр боюнча камакка алынган.

2001-жылы Бишкек гарнизонунун аскердик соту жазасын катуу тартиптеги абакта отоо менен 7 жылга эркинен ажыратуу окумун чыгарган. 2005-жылы камактан чыгарылып, толук акталган.

2005-жылдан Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдеттерин аткарган, ошол эле жылы сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жашыруун добуш берүүсү менен Кыргызстандын премьер-министри болуп дайындалган.

2008-жылдан – Кыргыз Республикасынын чакан жана орто энергетикасын өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясынын жетекчиси болуп иштеген.
2009-жылдан – Кыргызстандын өнүгүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин алдындагы чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча дирекциянын директору болуп иштеген.

2010-жылдын декабрь айында «Ар-Намыс» саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын V чакырылышындагы Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Сыйлыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Ардак белгиси» ордени, СССРдин медалдары, «Мамлекеттик чек араны коргоодогу артыкчылыгы үчүн» медалы менен сыйланган.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]