Кубанычбек Жумалиев

Википедия дан
Кубанычбек Жумалиев.

Кубанычбек Жумалиев - Кыргыз элинин көрүнүктүү коомдук ишмерлеринин бири. (1956-жылы 26-апрелде туулган).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал 1956-жылы 26-апрелде Ош областына караштуу Жаңы-Жол районундагы Кичи-Ак-Жол кыштагында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси жергиликтүү колхоздун жөнөкөй эмгекчиси болуп эмгектенишкен, атасы Мырзабек темир устачылык менен кесиптенсе, апасы Майрамкан саанчы болгон. 1973-жылы Ош шаарындагы В. Терешкова атындагы мектеп-интернатка кирген. Ал кезде В.Терешкова атындагы мектеп-интернаты билимди терең берген, ар тараптан өнүктүрүп тазалыкка, тартипке үндөгөн, келечекке даяр инсан кылып уясынан учурган эң мыкты билим уясы болгон. Жогорку окуу жайга кирүү экзамендерин алып жаткан мугалимдер да "терешковалыктар уят кылбайт" деп коюшчу. Ошентип бул интернаттан премьер министр Кубанычбек Жумалиев чыкты. Ал мектепте физика, математика, химия сабактарына өзгөчө кызыккан. Үй-бүлөөдө он бир туугандын сегизинчиси. Интернатты күмүш медаль менен аяктаган сон, Сергей Есениндин мекени болгон Рязандагы радиотехникалык институтуна тапшырган. Институтту жөн гана окубастан илимий конференцияларга катышып семинарларда ар дайым доклад окуган. Студент кезинде эле радиолампага, электролампаларга эксперимент жүргүзүп, аларды кантип жазашты, бекемдигин, касиеттерин изилдөөгө катышкан.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Институтту "физикалык электроника" кесипчилигин алуу менен 1978-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1978-жылы август айында Фрунзе политехникалык институтуна орношуп, аспирантурага өтөт. Илимий изилдөөсүнүн багыты фототермоклассикалык материалдарга маалыматты кантип, кандай жол менен жазуу, кантип көп маалыматтарды батыруу болгон. 1982-жылга чейин ушул институттун аспиранты болуп эмгектенген. Алгачкы эмгек жолу кенже, улук илимий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган. 1983-1984-жылдары жогоруда аты аталган институттун инженери, андан кийин ошол жылдын октябрынан тарта 1986-жылдын мартына чейин комсомол уюмунун секратары болуп өз маалында кызмат өтөгөн. 1986-жылдан баштап Фрунзедеги политехникалык институттун ага илимий кызматкери, андан Республикабыздын Улуттук Илимдер Академиясынын физика Институтуна ага илимий кызматкерлик ишке өткөн. Ушул эле жылы кандидаттык диссертациясын Минскиден ал эми докторлук диссертациясын Санкт-Петербургдан 1992-жылы жактаган.

Кызматы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошентип 1991-жылы Илимдер Академиясынын "Жамын" илимий инженердик борборунун директору, андан көп узабай эле илим жана жаңы технологиялар Мамлекеттик комитетинин төрагасы. 1992-жылы техникалык илимдеринин доктору, профессор. 1993-жылы Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, эл аралык информация академиясынын мүчөсү. 1995-жылдын март айында Мамлекеттик секретардын орун басары. 1996-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Премьер министри, 1998-2001-жылдары Жалал-Абад областынын Мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору, 2001-жылдан Кыргыз Республикасынын коммуникация министри, 2002-жылдан Кыргыз Республикасынын өкмөтүно караштуу вице-премьер министри.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

100дөн ашуун илимий эмгектин анын ичинде 3 монографиянын автору. 1. "Голография и оптическая обработка информации" Б.,2003. 2. "Голографические системы хранения и выборки информации" Б.,2000. 3. "Ввод хранения информации и голографической памяти" Б., 2002.

Сыйлыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргызстан Ленин комсомолу" сыйлыгынын лауреаты (1984-жылы) Ондогон илимий кандидаттардын илимий жетекчиси. "Адилет" республикалык партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Боколоев Б. Кыргыз Республикасынын өкмөт башчылары. Б.,2001-жыл.
  • Байгожоев т.К. Р.Премьер министри К.Жумалиев. //№26 Кыргыз Туусу, 27-март, 1998.