Колхоз

Wikipedia дан

"Колхоз" (kolkhoz) - бул орус тилиндеги "жамааттык чарба" ("коллективное хозяйство") деген сөздүн кыскартылган түрү. "Колхоз" (аны кыргызча "калкос" деп да айтышчу) - Советтер Биримдиги маалында мамлекеттик чарба ("советтик чарба - совхоз) менен удаалаш жүргүзүлгөн жамааттык дыйкан чарбалар биримдиги. 1917-жылдагы Октябр төңкөрүшүнөн кийин жүргүзүлгөн реформалардын бир багыты айыл чарбасына таандык болгон. Айыл-кыштактардагы ири жеке менчик түрлөрүнө тыйуу салынып, 1928-жылдан тартып айыл тургундары үгүт аркылуу же мажбурлоо жолу менен жаматтык чарбаларга массалык түрдө өткөрүлө баштаган.

Колхоз - аты жамааттык, заты авторитардык дыйкан чарба[оңдоо]

Мыйзамга ылайык, "колхоз" деген айыл чарба өнүмүн өндүрүү үчүн түзүлгөн жамааттык бирикме болгон. Колхоздун уюштурулушу тууралуу жободо дыйкан чарба өкүлдөрү өз ара жамаатташып (кооперативге биригип) кызматташуу өрнөгү (кагаз жүзүндө) сунуш кылынган. Жоболордо колхоздо социалисттик өзүн-өзү башкаруу, демократия, ачык-айкындык принциптерине таянаары тууралуу баса белгиленген.

Советтик коомдук тажрыйбада болсо 1930-жылдардагы сталиндик реформалардын натыйжасында колхоздордо ыктыярдуу жамаатташып кызматташуу идеясы дээрлик жокко чыгарылган. Жер 1917-жылкы болшевиктик декретке ылайык мамлекеттештирилген, ошондуктан колхоз мүчөлөрү жерден башка мүлктөрдү гана кожоюн катары чогуу башкара алышкан. Күч менен колхозго киргизүү жараянынын өзү эле колхоз түзүүдөгү башкы принципти - ыктыярдуулукту жокко чыгарган. СССРде Иосиф Сталин бийликте турган жылдары колхоз мүчөсүнүн өз эрки менен колхоздон чыгып кетүү укугу да тебелеп-тепселген. Акырындп колхоздор ыктыярдуу жамаат (кооператив) мүнөзүн жоготуп, мамлекеттик чарба түрүнө айлана берген.

1960-жылдары КПССтин жаңы агрардык саясатына ылайык колхоз мүчөлөрүнүн маяналары да совхоз жумушчуларыныкындай кепилденген айлык түрүнө өткөрүлгөн чакта, колхоз менен совхоздун айырмасы аларда иштегендер үчүн дээрлик болбой калган.

Сталинизм доорундагы колхозчунун турмушу[оңдоо]

Колхоз мүчөсүн "колхозчу" деп аташкан. Алар колхоз жалпы алган түшүмдүн жана башка кирешенин кайсы-бир үлүшүн акчалай жана башка түрдө эмгек акы катары алышкан, мында алардын канча күн же саат иштегени да эсептелген. Ал эми совхоз жумушчулары болсо так белгиленген жалыйна алып турушчу.

Акын Тарас Шевченконун эстелигиндеги украин колхозчусунун бейнеси. Харьков шаары.

Иш жүзүндө көптөгөн жакыр колхоздор өз мүчөлөрүнө жарытылуу эмгек акы төлөй алган эмес.

1946-жылы колхоздордун 30 пайыздайы өз мүчөлөрүнө накталай акча төлөп бере алган эмес. Колхоздордун 73 пайыздайы колхозчуга ар иш күнү үчүн болгону 500 грамм эгин гана төлөй алган.

Мамлекет болсо колхоздордун түшүмүн так белгиленген баа менен гана сатып алып турган. Түшүмдүн наркы өтө төмөн бааланган. Ал эми мамлекет кайра кардарларга айыл чарба азыктарын өтө кымбат саткандыктан, ортодогу айырмадан чыккан киреше Совет өкмөтүнүн негизги киреше булагына айланган. Маселен, өкмөт 1948-жылы 100 кг кара буудайды кардарларга 335 сомго саткан, бирок ушул эле көлөмдөгү кара буудай үчүн совет өкмөтү колхозго 8 сом гана төлөгөн. Колхоз үчүн чектелген баалар инфляцияны да эске алган эмес. 1929-1953-жылдары колхоздорго таңууланган баалар өтө аз көлөмдө гана өзгөргөнү маалым.

Колхоз мүчөсүнүн өздүк чакан жер тилкеси жана анча-мынча жандыгы болгон. Жекече жер тилкеси болжол менен ар колхозчуга 0,4 гектар көлөмүндө берилген. Ал эми 1917-жылкы Октябр төңкөрүшүнө чейин дыйкан бери дегенде 5 жарым гектар жерге ээ болгон. Колхозго кайтарылган кирешенин аздыгы колхозчулардын эмгек өндүрүмдүүлүгүнө терс таасир тийгизген.

Кыргызстанда колхоздордун жоюлушу[оңдоо]

Кыргызстан 1991-жылдын 31-августунда өзүнүн мамлекеттик көз карандысыздыгын жарыялады. Ошол жылы сентябрда Кыргызстан Коммунисттик партиясына тыйуу салынды (кийинчерээк чакан эки компартия жаңыдан түзүлүп, бирок саясий арендада анча кубатка ээ болгон жок).

1992-жылдан тартып Кыргызстанда колхоздорду ыктыярдуу жиктөө жана жоюу жараяны жүрдү.

Баш аламан жүргөн бул жараян учурунда жалпы менчикти будамайлап өзүнө каттатып алуу, туура эмес үлөштүрүү, жалпы техниканы кооператив катары сактоо аракеттерине тоскоолдук сыяктуу көрүнүштөр арбын болду.

Колхоздон мүлкүн алгандар аны башкаруу тууралуу тажрыйбасы жоктугунан өтө арзан сатып жиберген көрүнүштөр болду (кээде бир койдун баасы төрт бөтөлкө аракка чегерилген мезгил да болду).

Дыйкан чарбаларда деп багытталган насыя акчалар да өз дарегине жетпей, корпуциянын айынан шаарда кала берип жатты.

Жалпы сугат жана жер кургатуу системасын сактоо үчүн атайын өкмөттүк программа түзүлгөн жок. Айыл чяарба адистерин даярдоо солгундады.

Бирок тың дыйкан чарбалары колхоз учурундагыдан көбүрөөк түшүм өндүргөн учурлар да бар.



Адабият[оңдоо]

1. Кыргызстан: Улуттук Энциклопедия: Көп томдук/ Башкы редактор Үсөн Асанов/ - Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. Т.1. ISBN 9967-14-046-1.


2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.

3. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2

Шилтемелер[оңдоо]