Кыргыздар
| Кыргыздар | |
| | |
| Мамлекеттер жана аймактар | |
|---|---|
| |
| Тили | |
| Дини | |
| Расалык тиби | |
| Тууган элдер |
казактар алтайлыктар хакастар |
Кыргыздар — негизинен Орто Азияны мекендеген түрк тилдүү эл. Кыргыз Республикасынын калкынын негизги бөлүгүн түзөт.
Этноним
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыздардын этногенези, ошондой эле «кыргыз» этноними менен термини илимий чөйрөдө бүгүнкү күнгө чейин талаштуу маселелерди жаратып келет. С.М. Абрамзондун пикиринде, эгерде X–XI кылымдарга чейин «кыргыз» аталышы этностук өзөктөн кеңири жайылган болсо, бул кылымдардан кийин тескерисинче, кыргыз этногенезине катышкан уруулардын аймактары бул атка байланыштуу мейкиндикти дагы да кеңейткен[1]. Демек, тарыхтын алгачкы этаптарында «кыргыз» деген аталыш этностук мааниге караганда көбүрөөк саясий мааниге ээ болгон.
«Кыргыз» этноними алгач Хань династиясынын жыл баян-дарында (Сыма Цянь «Ши-цзи») б. з. ч. 201 жылы, кийин Суй, Тан, Юань, Сунь, Цинь династияларынын мезгилдериндеги (б.3.ч. II к. - б. з. XVIII к.) маалыматтарда эскерилет [2].
Кыргыз элинин калыптанышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз элинин түзүлүшү байыркы орто кылымдардагы Саян-Алтай, Чыгыш Түркстан, Теңир-Тоодогу этностук процесстер менен тыгыз байланышта өткөн. Бул процесс кеминде эле беш кылымга созулуп, XVI кылымда аяктаган. Орто Азиядагы бул процесс түрк тилиндеги тектеш — өзбек, казак, түркмөн, каракалпак ж. б. элдердей эле бир эле мезгилде жүргөн. Көпчүлүк учурларда тигил же бул уруулар орто азиялык элдердин этностук компоненти болуп келген.
Уруулук түзүлүштө уруулар кээде мамлекетке биригишип, 3-4 муундун аралыгында кайрадан чачырап, узак мөөнөткө өкүм сүрө албаган. Мына ушуга байланыштуу этностор көп жолу өзгөрүүлөргө дуушар болушкан[3].
Окумуштуу Өмүркул Караевдин пикири боюнча байыркы түрк жана түрктөшүп калган моңгол уруулары бир эле мезгилде өзбек, кыргыз жана казак элдеринин курамына кирген.
Окумуштуулар арасында кыргыз эли кантип, качан түзүлгөн деген суроого бирдиктүү жооп жок. Илимде ондон ашуун ар түрдүү божомолдор бар. Аларды үч негизги топко бөлүп кароого болот. Биринчиси, кыргыз эли «Тенир-Тоого Эне-Сайдын жогорку тарабынын (Миң-Өзөн ойдуңунан) көчүп (миграция) келген» деген пикир. Ушул жобону биринчи жолу орус академиги Г. Ф. Миллер (1705-1783-жж.) «История Сибири» («Сибирь тарыхы») деген эмгегинде жазган. Бул божомолду азыркыга чейин колдоп келгендер бар. Булардын пикири боюнча «Кыргыз» этноними б. з. ч. I миң жылдыктын экинчи жарымында пайда болуп, IX-X кк. Борбордук Азияда Эне-Сайдан Байкал, Алтайга чейин кеңири тараган. Кийинчерээк кыргыздар Тенир-Тоо тарапка көчүп, XVI кылымда биротоло калыптанган элге айланган[4].
XIX кылымда бири-бирине көз каранды эмес илимпоздор Ч. Ч. Валиханов, Н. Я. Бичурин, Н. А. Аристов «кыргыздар эч жактан келбестен, байыртадан эле Теңир-Тоодо жашаган уруулардын негизинде калыптанган» деген пикирди айтышкан. Бул экинчи көз караш, ал ырааттуу түрдө «Кыргыз ССР тарыхынын» бир нече басылыштарында баяндалган. Үчүнчү божомол азыркы илимде кеңири таркаган. Ал 1956-жылы Фрунзе шаарында өткөн кыргыз элинин этногенези боюнча бүткүл союздук илимий-практикалык конференцияда иштелип чыккан. СССР Илимдер академиясынын, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын, союздук республикалардын көрүнүктүү илимпоздорунун пикир алмашуусунун натыйжасында төмөндөгүдөй бүтүм чыгарылган: «Кыргыз эли, анын маданияты … кеминде эки этностук Борбордук Азия жана жергиликтүү Орто Азиялык элементтердин байланышынын аркасында келип чыккан… Кыргыз этногенезинин эн бир түйүндүү учурлары б. з. I миң жылдыгындагы окуяларга туш келет. Бул доордо Кыргызстандын аймагына чыгыштан азыркы кыргыздардын ата-бабалары келип кошулат. Алар бул мезгилде ага чейин калыптанып калган кыргыз тилинде пикир алышышкан». Сессиянын катышуучулары кыргыз элинин негизги түйүлдүгүн же болбосо анын негизги этностук компоненттеринин бири катары борбордук азиялыктарды эсептегенин белгилей кетүү керек. Кыргыздардын этностук түйүлдүгүнүн чордону борбордук азиялыктардан таркагандыгы жөнүндө маселе али да болсо терек изилденбеген бойдон калууда.
Кыргыз элинин тегин дүйнөдө мындан V миң жыл мурун мамлекет түзгөн шумерлер менен байланыштырган пикирлер да бар. Алар байыркы шумерлердин айрым сөздөрүнүн, ал тургай бүтүндөй сүйлөмдөрүнүн кыргыздын сөздөрүнө окшош экендигине таянышат. Бул пикир да көңүл буруп изилдөөгө татыктуу. Окумуштуулар байыркы шумерлердин шынаа сымал жазуулары менен байыркы кыргыздардын Орхон-Эне-Сай жазууларынын ортосундагы окшоштуктарды да белгилешет. Байыркы шумерлер менен кыргыздардын сөздөрүндөгү жана тамгаларындагы окшоштуктар кыргыз элинин дүйнөдөгү эң байыркы элдерден экендигин айгинелеп турат.
Түрк тилинде сүйлөгөн элдердин байыркысы катары кыргыздар б. з. ч. III к. кытай элинин жазма булагында эскерилгени анык чындык.
Кыргыздар алгач Чыгыш Түркстанда болжолдуу түрдө Манас суусу агып өткөн өрөөндө жашал, кийин алардын бир бөлүгү Миң-Өзөн ойдуңундагы Эне-Сай дарыясына көчүшкөн. Бул жерде кыргыздар европеоид динлиндерди багындырып, аларды өздөрүнө сиңирип алган. Миң-Өзөн ойдуңундагы этномаданий процесстер археологиялык материалдарда кеңири учурайт[5].
Кыргыздардын активдүү этностук байланышы Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн доорунда (IX—X кк.) жогорку чекке жеткен. Уйгурларды талкалап, Борбордук Азняиы ээлеген. Кыргыздардын аскер колдору туш тарапка жортуулдарды жасаган. Басып алган жерлерге кыргыздардын бир бөлүгү отурукташып, жергиликтүү этностук топтор менен аралашкан.
XII кылымда азыркы Кыргызстандын аймагындагы Чыгыштан кара-кытайлар, XIII кылымдын башында наймандар басып кирет. XIII кылымга чейин азыркы Кыргызстандын аймагында жергиликтүү түрк компоненти өнүгүп, кийин биротоло кыргыз элинин катарына сиңип кеткен.
Кыргыз элинин этностук тарыхынын белгилүү адиси С. М. Абрамзон өзүнүн «Кыргыздар жана алардын этногенетикалык, тарыхый-маданий байланышы» деген китебинде төмөнкүдөй жыйынтыкка келген:
Кыргыз элинин калыптануу процесси негизинен Чыгыш Тенир Тоодо, Ички Теңир-Тоодо, ошондой эле Памир-Алай (ага караштуу Алтай, Иртыш, Чыгыш Түркстан) тоолуу областтарында өткөн.
XIV-XVII кк. калыптанган кыргыз элинин негизин, түрк тилдүү жергиликтүү уруулар, негизинен түрк тилдүү түштүк сибирдик, борбордук азиялык уруулардын көчүп келген тобу, моңгол жана ногой урууларынан чыккандар түзгөн.
Көпчүлүк окумуштуулар азыркы кыргыз элинин курамында Эне-Сай компоненти бар экендигин танбайт. Чындыгында Эне-Сай кыргыздары Теңир-Тоодогу кыргыз элинин калыптануу процессине катышкан.
Кыргыз элинин этногенезинде Борбордук Азия компонентинин калыптануусунун эң байыркы этабында Теңир-Тоолук кыргыздардын Борбордук Азия жана Түштүк Сибирдин түрк элдери, биринчи кезекте Эне-Сай кыргыздарынын уруулары менен генетикалык жактан тектештиги (ага-туугандык) басымдуулук кылгандыгынан кабар берген даректердин мааниси зор. Бул компоненттин өнүгүүсүнүн кийинки ортоңку этабында кыргыздардын Эне-Сайжан Алтай менен Теңир-Тоого журт которуусунун мүнөзү жана убагы талаш-тартыш маселе экенине карабастан кыргыздардын Алтайда (кеңири географиялык мааниде) жана Борбордук Азияда кеңири канат жайып жайгашуусу учурунда болуп өткөн этностук процесстер чечүүчү роль ойногон.
Жазуу булактарынын жана археологиялык табылгалардын маалыматтары боюнча борбордук азиялык көчмөн түрк уруулардын миграциясынын жалпы агымына аралаш Чыгыш Теңир-Тоого эне-сайлык кыргыздардын айрым топтору көчүп келишкен. Бирок Теңир-Тоодо жана Жети-Сууда бирдиктүү этностук калыптануу процессинин ыргагын моңголдордун жортуулу үзгүлтүккө учураткан[6].
Көз караштардын бирине ылайык, кыргыз элинин калыптануусуна шарт түзгөн этностук процесстердин жандануусу XIII кылымдын аягына жана XIV кылымга туура келет. Кыргыз этносунун өнүгүү чордону Моголстандын түндүк бөлүгү, Алтай аймагы болгон. Бул аймактарда XI кк. эле Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн доорунда, Эне-Сайдан бул жакка ооп келген кимак-кыпчак жана кыргыз урууларынан турган этно-саясий топ түзүлгөн. Ошол алтайлык кыргыздар XV кылымда Теңир-Тоого журт которушкан жана аймакта орто кылымдарда калыптанган кыргыз элинин өзөгүн түзүшкөн.
Тарыхый маалыматтар боюнча мына ушул жерде, XV кылымдын аягында, кыргыздардын этно-саясий структурасы «оң канат» жана «сол канатка» бириккен уруулардын дуалдык уюшулушу кайрадан калыбына келген. Ушул структура келип чыккандан кийин гана кыргыздардын этногенезинин калыптануу процесси аяктайт.
А. Акаев окумуштуу катары Тянь-Шандык кыргыздар жер которуунун беш толкунунун натыйжасында калыптанып түзүлгөн деген пикирди айткан. Бул пикир боюнча Эне-Сайдан келген кыргыздардын биринчи толкуну б. з. ч. I кылымында түндүк хунндардын Чжичжи деген башкаруучусунун жетекчилиги астында жасаган согуштук жүрүшүнүн натыйжасында пайда болгон. Бул процесс б. з. I—II кк. уланган.
Генетика
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Генетикалык жактан алганда, кыргыздар Түштүк Сибирдин Алтай-Саян аймагы менен Борбордук Азиянын аймактарынын ортосунда орунду ээлейт — R1a1a-Z93 (42,1 %), C-M130 (33,1 %), N1a2b-P43 (12,1 %), O-M175 (3,7 %), R1b1b1-M73 (3,3 %), Q-M242 (1,2 %), G-M201 (1,2 %).
Тили
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз тили — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили, түрк тилдери курамына, анын ичинде кыргыз-кыпчак же тоо-алтай тобуна кирет. Кыргыз Республикасынын түптүү калкынын, Кытайдагы, Өзбекстан, Тажикстан Республикасында Ооганстан, Түркия, Орусияда жашап жаткан кыргыздардын эне тили.
Кыргыз тили түндүк жана түштүк диалектилеринен турат[7].
Араб жазуусу 1928-жылга чейин СССРдин курамындагы Кыргызстанда жана азыркы учурда кытайдагы кыргыздар тарабынан колдонууда. 1928-1940-жылдары СССРдин курамындагы Кыргызстанда латын алфавити колдонулган. 1940-жылдан баштап кириллица колдонулуп келет.
Кыргыз адабий тилинде 36 тамга, 39 тыбыш бар. Анын он төртү (8 кыска, 6 созулма) үндүү, 25 үнсүз тыбыш: (б, в, г, г, д, ж, д, ж (аффриката) з, й, к, к, л, м, н, ң, п, р, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ) 22 тамга менен белгиленет[8][9].
Дини
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү мусулман сүннөттөр болуп саналат. XVI–XVIII кылымдарда Чыгыш Түркстанда жана Ферганада жазылган «Зийа ал-кулуб», «Жалис ал-муштакин», «Рафик ат-талибин», «Тазкира-йи хожаган», «Актаб-и Тоглук-Тимур-хан» жана башка эмгектердеги жетиштүү деңгээлдеги кеңири маалыматтар көрсөткөндөй, кыргыздарды исламдаштыруу процесси XVII кылымдын биринчи жарымында аяктаган.
Ошону менен бирге, кыргыздардын арасында исламга чейинки сыйынуулардан калган кээ бир маданий реликттер (издер) сакталып калган[10].
Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда бир нече миң адамдан турган кыргыздардын чакан жана өзгөчө этникалык тобу жашайт. Алардын бир бөлүгү ислам динин, ал эми экинчи бөлүгү тибет-монгол тибиндеги буддизм динин тутунушат[11].
Маданияты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз элинин маданиятынын басымдуу бөлүгүн элдик оозеки чыгармачылык түзөрүн орто кылымдардан бери эле европалык чыгышпоздор баса белгилеп келишкен. Оозеки чыгармачылыктын ичинен кыргыз эли эң, бийик сереге өнүктүрө алган жанр дастанчылык болуп саналат. XVI кылымда «Мажму таварих» («Тарыхтар экыйындысы» ) аттуу Сайфеддин Ахсыкендинин чыгармасында Манас баатыр менен байланыштуу уламыш чагылдырылган. Демек, ошол кылымдагы эле «Манас» дастаны Фергана кыргыздарынын арасында кенири таркаган Дастан эл биримдигин чыңдоого, ынтымакты күчөтүүгө жана Ата Журтту сүйүүгө үндөйт. «Манас» трилогиясынын («Манас», «Семетей», «Сейтек») өзөгү кыргыз элинин көз каранды эместик үчүн кылымдар бою жүргүзгөн баатырдык күрөштөрү, эгемендүү мамлекетин түзүү, анын коопсуздугу элдин бейпил турмушун, кыйыр бүтүндүгүн жоодон коргоо идеясы түзөп, анын толук варианты 500 миң ыр сабынан турат. Өзүнүн көлөмү, мазмунун байлыгы, чагылдырылган окуялардын арбындыгы жагынан ал «Илиада» жана «Одиссея», «Махабхарата», «Шахнамэ», «Калевала» сыяктуу дүйнөгө таанымал эпостордон бир нече эсе чоңдук кылат. Ошондуктан океан сымал «Манас» дастанын кыргыздардын руханий маданиятынын туу Чокусу, дүйнөлүк маданияттын керемет кенчи деп коюшат. Бизге эпостин бОтан ашуун варианты жетти. Эң алгачкы манасчылар Манастын кырк чоросунун бири, жарчысы Ырамандын Ырчы уулу, ага ини Толубай сынчы, Токтогул ырчы (XIV кылым) болгон.
Кийинки доордогу атактуу манасчылардын катарына Келдибек Балык, Тыныбек, Чоюке, Сагымбай, Саякбай жана башкалар кирет. Дастанда кыргыз элинин эзелки мезгилден тартып жаңы доорго чейинки тарыхындагы орчундуу окуялар элдик оозеки чыгарма түрүндө элестүү баяндалат Узак убакытта калыптанган (айрым окумуштуулардын (М. Ауэзов, А. Бернштам) ою боюнча дастандын башаты VII кылымга таандык бул эпос акырындап кыргыздын башка майда дастандарын да өзүнө сиңирип, макал-лакап, накыл сөз, географиялык, космографиялык, этнографиялык жана башка илимдердин мухитине айлана берген.
Борбордук Азиянын географиясы тууралуу кыргыздардын маалыматы да кеңири эле. «Манас» жана башка дастандарда Каңгай, Оркун (Орхон), Ыртыш, Алтай, Лоп (Лобнор), Кекенор, Хотан, Тибет, Карашаар, Камбыл (Кабул), Ооган (Афганстан), Памир, Бадакшан, Кожент, Самарканд, Бухара сыяктуу ар кыл челкемдер, тарыхый-географиялык түшүнүктөр көп кездешет.
Табигат кубулушун жайчылар, эсепчилер алдын ала эсептеп айтып турушкан. Албетте, алардын сөзү чын чыкканда «карды жаадырып койду», «нөшөрдү токтотуп салды» деп апыртып, аларга касиеттүү сырды, күчтү ыйгарышчу. Иш жүзүндө андайлар эмпирикалык билимдерге таянышкан.
Элдик табып, дарыгерлер дары чөптөрдүн (адырашман, мамыры, ак кодол жана башка) сырын мыкты билип, кесел адамдарды ак дары (жыландын кургатылган эти), кайберендин жана башка жапайы жаныбарлардын ар кайсы дене мүчөсү аркылуу дарылашкан. Түрдүү минералдык заттарды (мумиё) да пайдалана билишкен. Оорулууну кээде жаңы союлган кара кочкордун же тайдын терисине орошчу. Жараатка күйгүзулгөн кийизди жабышчу. Жортуулда, эр сайышта жарадар болгондорго хирургиялык жардам көрсөтүшчү. Сыныкчылар кол чыкса аны ордуна салган, тарамыш тартылганда, сөөк сынганда шакшак коюшкан. Денедеги окту тинтүү аспабы менен сууруган. Кан алуу, сулук салуу, тамыр кармоо сыяктуу табыпчылык да бар эле. Албетте, дем салуу, дуба окуу аркылуу кеселден арылтууга (мисалы, тиш ооруну) далалаттанган дарыгерлер, «жин-шайтанды» кубалоого алпурушкан бубу-бакшылар да болгон.
Кыргыздар аралыкты эли, сөөм, карыш, кадам, кулач, саржан, чакырым, ат чабым жана ушундай сыяктуулар менен өлчөшкөн. Жоондукту, майда, суюк жана катуу затты ченөө системасы пайдаланылган.
Диний ишенимдери. XVII—XVIII кылымдарда кыргыздар негизинен ислам динин тутуп калышкан. Ал эми Жуңгариядагы калмак- кыргыз аталган топтун дини ламаизм (бутпарастык агым) болгон. Теңир- Тоодогу кыргыздарда исламга чейинки диний ынанымдардын калдыктары да сакталган. Алар мусулманчылыкка доо кетирбей сиңген. Алсак, исламдык кудай Алла-тааланын синоними катары «Теңирге» да сыйынышчу.
Кыргыз мифтеринде (аңыздарында) Теңир — бир эле учурда ааламдын жаратуучусу жана көктүн (асмандын) кудайы болгон. Андан тышкары Жерге жана Сууга сыйынышкан. Жер Эне жөнүндөгү түшүнүктөн башка энелерди, бала-бакыраны коргогон Умай Энеге ишеним да болгон.
Кыргыздар ар кыл конуштардын, көчүүлөрдүн, ал түгүл айбанаттардын «ээси», олуя чалыш кишинин колдоочусу (жолборс, бөрү, ажыдаар кейпинде) болооруна ишенишчү. Айрым кыргыз урууларынын бугу, бөрү, багыш, илбирс (барс) жана башка айбанат менен байланыштуу тотеми болгон. Жылкынын ээси — Камбар Ата, төөнүкү — Ойсул Ата, уйдуку — Зеңги баба, койдуку — Чолпон Ата, эчкиники — Чычаң Ата, канаттуунуку — Буудайык, «ит төрөсү» — Кумайык деп эсептешкен. Эне-Сай Кыргыз кагандыгы доорундагыдай эле отко табынуу салты сакталган Арча менен аластоо, жортуулдан же алыскы сапардан кайткан кишинин башынан оттун чогун үч жолу тегеретүү жана башка ырым-жырымдар мусулмандык жөрөлгөлөрдү толуктап турган.
«Аркы дүйнө» тууралуу (эсхатологиялык) түшүнүк, кыяматтын кыл көпүрөсү, жан, арбак, кайып болуп кетүү (эч кимге көрүнбөс турмушка өлбөс болуп өтүү) сыяктуу түшүнүктөр да кеңири таралган.
Кыргыздардын теги, уруулук курамы, тектеш элдер менен карым-катнашы жана кыскача оозеки тарыхы санжырада баяндалган (арабча «Шажара» — «дарак» сөзүнөн). Санжырачылар кыргыз урууларынын тегин дарак сымал бутактатып чечмелешчу. «Жети атасын билүү — парз» деген түшүнүк болочок санжырачынын көңүлүн уялаган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сэздүк. - Фрунзе, 1990.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Абрамзон, Саул (1971). Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи. Фрунзе. p. 22.
- ↑ СымаЦянь ИСТОРИЧЕСКИЕ ЗАПИСКИ.
- ↑ Ө. Ж. Осмонов. Кыргызстандын тарыхы
- ↑ Олжобай Каратаев. Кыргыздардын Түштүк Сибирь чөлкөмү жана этностору менен этногенетикалык, этномаданий, тарыхый жалпылыктары
- ↑ Кыргыз маданият борбору. Кыргыз элинин келип чыгышы тууралуу негизги илимий көз караштар
- ↑ K. Mambetova. STUDYING THE ETHNIC HISTORY OF THE KYRGYZ
- ↑ Сапарбаев А. Азыркы кыргыз тили: Лексикология. Кыргыз адабий тилин өнүктүрүүдө диалектилик байлыктарды туура колдонуунун мааниси
- ↑ Кыргыз тилинин морфологиясы. Орфография
- ↑ С.Үсөналиев, С. Иманалиев. Кыргыз тилинин справочниги. Бишкек, 2004-ж
- ↑ Rein Mullerson. Central Asia
- ↑ china.org.cn. Национальность киргизы
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Түрк элдери | |
|---|---|
|
Кыргыздар · Азербайжандар · Алтайлыктар · Афшарлар · Балкан түрктөрү · Балкарлар · Барабиндиктер · Башкырлар · Гагауздар · Долгандар · Казактар · Караимдер · Каракалпактар · Карапапактар · Карачайлар · Крым татарлары · Крымчактар · Кумуктар · Курамалар · Кыпчактар · Ногойлор · Саларлар · Тофалар · Тувалар · Уйгурлар · Хакастар · Чуваштар · Чулумдар · Шорлор · Якуттар · Өзбектер |
| Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |