Садыр Жапаров

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Садыр Жапаров
Жапаров Садыр Нургожоевич
Садыр Жапаров
Желек
Кыргыз Республикасынын президенти
(милдетин аткаруучу)
желек
15-октябрь, 2020 — 14-ноябрь, 2020
Андан мурунку: Сооронбай Жээнбеков
Андан кийинки:   Талант Мамытов (м. а)
Желек
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
желек
10-октябрь, 2020 — 14-ноябрь, 2020
Президент: Сооронбай Жээнбеков
Андан мурунку: Кубатбек Боронов
Андан кийинки:  Артём Новиков (м.а.)
Желек
Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты
2010 — 2013
Президент: Роза Отунбаева
Алмазбек Атамбаев
 
Жарандыгы: СССР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Туулган жери: Кең-Суу айылыны, Түп району, Ысык-Көл облусу, Кыргыз ССРи, СССР
Партиясы: Мекенчил
Ата-Журт
Кесиби: юрист

Садыр Нургожо уулу Жапаров (6-декабрь 1968 - Кең-Суу Ысык-Көл облусу Түп району, Кыргызстан) — Кыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмер. Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин убактылуу аткаруучу. Кыргыз саясий айдыңында өлкөнүн маанилүү стратегиялык Кум-Төр алтын кенин иштеткен канадалык «Centerra Gold» компаниясынын тегерегиндеги коррупциялык кылмыштардын жүзүн ачуу боюнча деп аракеттери менен таанымал.

Өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

Садыр Жапаров Нуркожоевич 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. 1986-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия жогорку окуу жайына өткөн. 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командири болуп кызмат өтөгөн. «Советтик Армиянын отличниги» деген наам алган. 1989-жылдан 1992-жылга чейин кайрадан Дене тарбия институтунда билим алуусун уланткан. Экинчи жогорку билимин, Кыргыз-Россия Славян университетинде алып, аталган университеттин юридикалык факультетин ийгиликтүү аяктаган. 1991-1994-жылдары дыйкан чарбанын жетекчиси болуп эмгектенген. 1994-1996-жылдары Каракол шаарында жайгашкан “Керкей” ишканасынын башчысы. 1996-2001-жылдары “Гузель” ишканасынын генералдык директору. 2001-2005 жылдары Балыкчы шаарында жайгашкан “Нурнефтегаз” нефтини кайра иштетүүчү кичи заводун куруп, ал ишканада генералдык директор кызматын аркалаган. Садыр Жапаров чоң саясатка 2005-жылы “Жоогазын” революциясынан кийин аралашкан. 2005-жылы март айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III чакырылышынын депутаты болуп өзү туулуп-өскөн Түп районунан шайлаган. 2006-жылы мамлекеттик сыйлыктарды берүү боюнча комиссиянын мүчөсү, 2007-жылы Ырайым берүү комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси. 2007-жылы 22-октябрда президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен парламент тарап, Садыр Жапаров депутаттык ишмердүүлүгүн токтоткон. 2008-2010-жылдары Коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук агенттикте комиссар болуп эмгектенет. 2009-жылы мамлекет алдында сиңирген эмгеги жана Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын медалы менен сыйланган. 2010-жылы Орусиялык Ооганстан ардагерлер Союзунун атынан (Ооганстан ардагерлер Союзунун Орусия Борбордук башкармасынын 2009-жылдын 7-декабрындагы № 485чи чечиминин негизинде) “Ата Мекендин жана Ата Журттун алдындагы сиңирген эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган. 2010-жылы 7-апрель революциясынан көп өтпөй Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы улуттар аралык жаңжалда Садыр Жапаров өзүнүн жакын санаалаштары менен бирдикте башаламандыкты токтотуп, тынчтыкты орнотушат. 2010-жылдын күзүндө парламенттик шайлоодо “Ата Журт” партиясынан депутат болуп шайланып, соттук-укуктук реформалар боюнча комитет төрагалыгына бекитилет. 2012-жылы депутат катары Ысык-Көлдөгү көйгөйлөрдү жана жалпы эле кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн “Кумтөр” алтын кениндеги коррупциялык схемалардын айыбын ачуу менен катар экологиялык көйгөйлөрдү, компанияны улутташтыруу демилгесин парламентте байма-бай көтөрүп чыгат. Ушул кадамдары менен Садыр Жапаров коомдук ишмер катары калың элге кеңири таанылат. 2012-жылдын күз айында өткөн митинг үчүн Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 295-статьясы («бийликти күч менен басып алууга аракеттер көрүлгөн») боюнча айыпталышып, иш козголгон соң бир жыл жана алты айга эркинен ажырайт. Бирок, 2013-жылы март айында Бишкек шаардык соту тарабынан акталып, сот залынан бошотулат. 2013-жылы 27-июнда Каракол шаарында “Кумтөр” маселеси боюнча эл митингге чыгып,ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев барымтага алынат. Бул иш боюнча Кубанычбек Кадыровду жана митингдин уюштуруучуларынын айрымдарына иш козголуп, Садыр Жапаров өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Кийинчерээк Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев бул ишке Садыр Жапаровдун күнөөсү жок экенин билдирген. Садыр Жапаров төрт жыл бою Польша мамлекетинде жашап, 2017-жылы Кыргызстанга кайтууга даярданып жатканын интернет аркылуу билдирет. 2017-жылдын 25-март күнү кыргыз-казак чек арасынан Садыр Жапаров түз эле УКМКнын абагына жеткирилип, “массалык башаламандык уюштурган жана бийлик өкүлдөрүн (Эмилбек Каптагаевди) барымтага алган” - деп 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. 2020-жылдын 5-октябрь күнү бийлик өз ресурстарын колдонду, парламенттик шайлоо болуп көрбөгөндөй бурмаланып, акыйкатсыз өттү деген калың эл аянтка нааразычылык акциясына чыгышып, 5-октябрдан 6-октябрга оогон түнү жалаң жаштардан турган топ саат 02:30да ак үйдү басып алышат. Ошол эле учурда көптөгөн элдин колдоосу менен Садыр Жапаров жаза мөөнөтүн өтөп жаткан №1чи колониядан бошотулуп, “Достук” мейманканасында өлкөнүн премьер-министри болуп дайындалат. 2020-жылы 15-октябрда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бийликти өз каалоосу менен өткөрүп бергенден кийин парламенттин колдоосу аркылуу Садыр Жапаров – Кыргыз Республикасынын президентинин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалат. Садыр Жапаров – 2020-жылдын 14-ноябрь күнү мамлекеттик жооптуу кызматтарга бир катар кызматкерлерди дайындоолор үчүн буйрукка, анын ичинде Мамлекеттик Чек ара кызматын УКМКнын курамына кошулуусуна буйрукка кол койгон соң, 2021-жылдын 10-январында өтө турган Кыргыз Республикасынын президенттик шайлоосуна талапкерликке аттануу үчүн арыз жазып, президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызматын өткөрүп берген.

Жеке жашоосу[оңдоо | булагын оңдоо]

Үй-бүлөлүү. Төрт баланын атасы.

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

  • 2009 – жылы Сиңирген эмгеги жана Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон олутту салымы үчүн Ысык-Көл облусунун мамлекттик администрациясынын медалы менен сыйланган.
  • 2010 жылы “Сиңирген эмгеги үчүн” Россиялык Афганистан ардагерлер Союзунун атынан ( Афганистан ардагерлер Союзунун Россия Борбордук башкармасынын 2009-жылдын 7-декабрындагы № 485 чечиминин негизиде) Ата Мекендин жана Ата Журттун алдындагы “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган.

Шилтеме[оңдоо | булагын оңдоо]

Калып:Кыргызстандын президенттери