15 Октябрь (Тогуздун айы)

Википедия дан
15-октябрь‎»‎ барагынан багытталды)
СентябрьОктябрьНоябрь
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31  



октябрь
Дш Шш Шр Бш Жм Иш Жк
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
2024-ж.

15 октябрь — жылдын 288-чү күнү (толук жылда 289-чи күн), Григорий календары боюнча жылдын аягына чейин 77 күн бар.

Майрамдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окуялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Төрөлгөндөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каза болгондор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

15-октябрь Эл аралык элет аялдарынын күнү

1570-жылы: Учурдагы Түндүк Кореянын борбору Пхеньян шаары негизделген. (442 жыл мурун.)

1814-жылы: Орус акыны Михаил Лермонтов төрөлгөн. (198 жыл мурун.)

1829-жылы: Марстын Деймос жана Фобос аталышындагы спутниктерин ачкан жана алардын орбиталарын эсептеген америкалык астроном Асаф Холл жарыкка келген. (183 жыл мурун.)

1833-жылы: Поляк композитору, “Мекен менен коштошуу” полонезинин автору Михаил Огинский көз жумган. (179 жыл мурун.)

1844-жылы: Немис ойчулу Фридрих Ницше жарык дүйнөгө келген. (168 жыл мурун.)

1888-жылы: Орусиядагы алгачкы күрөөкана Вологда шаарында ачылган. (124 жыл мурун.)

1917-жылы: Биринчи дүйнөлүк согуштун тыңчыларынын бири, бийчи Мата Хари (чын аты-жөнү Маргарета Гертруда Целле) көз жумган. (95 жыл мурун.)

1920-жылы: “Чокундуруучу ата” (“Крёстный отец”) романынын автору, теги италиялык Марио Пьюзо төрөлгөн. (92 жыл мурун.)

1921-жылы: Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев жарык дүйнөгө келген. (91 жыл мурун.)

1936-жылы: Кыргыз Эл акыны Сейит Жетимишев туулган. (76 жыл мурун.)

1940-жылы: Чарли Чаплин өзү башкы ролдо ойногон “Улуу диктатор” тасмасы кинотеатрларда көрсөтүлө баштаган. (72 жыл мурун.)

1946-жылы: Улутчул Германиянын жана гестапонун жетекчилеринин бири Герман Геринг өлүм жазасына тартылардан бир нече саат мурун уу ичип өлгөн. (66 жыл мурун.)

1960-жылы: V чакырылыштагы ЖКнын депутаты, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков төрөлгөн. (52 жыл мурун.)

1962-жылы: 13 күнгө созулган кубалык ракеталык кризис башталган. Ошондо АКШ менен СССРдин тирешүүсү дүйнөнү ядролук согуш коркунучуна ептелткен. (50 жыл мурун.)

1970-жылы: Ата-бала Бразинскастар Сухуми-Батуми каттамындагы "Аэрфлоттун" Ан-24 учагын басып алып, стюардессаны өлтүрүп, экипажды Түркиянын Трабзон шаарына айдоону буюрушкан. (42 жыл мурун.)

1976-жылы: Орусиялык эстрада жана опера ырчысы Николай Басков жарыкка келген. (36 жыл мурун.)

1985-жылы: СССР Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин отурумунда Михаил Горбачёв экономикалык кайра куруу планын жарыялаган. (27 жыл мурун.)

1988-жылы: Футболчу, “Реалдын” жарым коргоочусу Месут Өзил төрөлгөн. (24 жыл мурун.)

1992-жылы: Көптөгөн жаш балдарды жана аялдарды өлтүргөн Андрей Чикатило 52 кишини өлтүргөнгө күнөөлүү деп таанылган. (20 жыл мурун.)

1995-жылы: Иракта өткөн президенттик шайлоодо Саддам Хусейн шайлоочулардын 99,96 пайыз добушун алып, өлкө болуп шайланган. (17 жыл мурун.)

1999-жылы: Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине өзбекстандын бийлигинен кыргыз бийлигине түштүк аймагын турукташтыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирген нотасы келген. (13 жыл мурун.)

2006-жылы: Ош шаардык кеңешинин депутаты, Ош шаарындагы өзбек маданий борборунун жетекчиси Айбек Алимжанов “Ала-Тоо” кафесинде кылмышкердин огунан көз жумган. (6 жыл мурун.)

2007-жылы: Бишкекте бийликтин партиясы аталган “Ак жол” партиясы түзүлгөн. Бул күнү аталган партиянын 1-Курултайы өткөрүлгөн. (5 жыл мурун.)