Сейит Жетимишев
Сейит Жетимишев | |
Туулган датасы: |
15 -октябрь 1936 (88 жаш) |
---|---|
Туулган жери: |
Кемин районунун Кичи-Кемин айылы |
Сейит Жетимишев — жазуучу.
Ал Кемин районунун Кичи-Кемин айылында 1936-жылы 15-тогуздун айында туулган[1].
Сейит 1953-жылы Кичи-Кемин орто мектебин, 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Ошол эле жылы ал Кыргызстан ЛКЖС Борбордук Комитетинин Фрунзе обкомунда инструктор болуп дайындалган. 1959–1966-жылдары Сейит радиоуктурууларда редактор болуп, Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин алдындагы радиоуктуруу жана телекөрсөтүү комитетинин адабият жана жаштар редакциясында иштеген.
1967–1971-жылдары ал «Кыргызстан маданияты» гезитинин редакторунун орун басары болуп иштеген, 1971-жылы Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин кызматкери болгон. 1973-жылы Сейит «Кыргызстан» басмасынын директору болуп дайындалган. 1975–1983-жылдары ал «Чалкан» журналынын башкы редактору, 1987-жылы «Мектеп» басмасынын директору, 1988–1992-жылдары «Адабият» басмасынын мүдүрү кызматтарын аркалаган. 1992–1997-жылдары Сейит Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Архивдик башкармалыктын мүдүрүнүн орун басары болуп иштеген.
Сейит чыгармачылык жолун 1950-жылдары баштап, 1962-жылы анын «Менин атам» аттуу биринчи аңгемелер жыйнагы жарык көргөн[2]. Анын чыгармалары орус тилине жана башка коңшу республикалардын тилдерине которулган. 1966-жылдан Кыргыз ССР Жазуучулар бирлигинин мүчөсү, ал эми 1967-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар бирлигинин башкармалыгынын мүчөсү болгон.
Сыйлыктар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына ал «Каарман эмгеги үчүн» медалы, ВЛКСМ Борбордук Комитетинин жана Кыргызстан ЛКЖС Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1994-жылы Сейит «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын алган. 2007-жылы ал Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалы менен сыйланган[1].
1994-жылы Сейит Кыргыз Республикасынын «Кыргыз тили» коому уюштурган Академик Болот Мураталиевич Юнусалиев атындагы сыйлыктын, ал эми 2008-жылы Кыргыз Республикасынын маданият ишмерлеринин Ассамблеясы уюштурган классик акын Аалы Токомбаев атындагы сыйлыктын лауреаты болгон. 2018-жылы ал расмий түрдө Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу деген ардактуу наам ыйгарылды[3].
Жарык көргөн китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Менин атам: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 49 б.
- Ички кайрыктар: Повесттер, аңгемелер. – Ф.: Мектсп, 1964. – 95 б.
- Мезгил закымдары: Повесттер, аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 158 б.
- Жаш жазуучулардын аңгемелери. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 268 б.
- Too булагы: Роман, повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 464 б.
- Эл арасында: Роман. – Ф.: Адабият, 1989. – 432 б.
Орус тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Облака над ущельями: Повести, рассказы. – Ф.: Кыргызстан, 1977.– 187 с.
- Первый урок: Рассказ-быль.– Ф.: Мектеп, 1978. – 44 с.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 Жетимишов Сейит. Мамлекеттик сыйлыктар.
- ↑ Акын Сейит Жетимишевдин 80 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү өттү, УТРК (1.11.2016).
- ↑ Бул ирет мамлекеттик сыйлыктар татыктуу ээлерин тапты – КР эл жазуучусу, KABAR (2.10.2018). Архивировано из первоисточника 26 -декабрь (бештин айы) 2024. Текшерилген күнү 24 -октябрь (тогуздун айы) 2024.