Владимир Ленин

Википедия дан
Ленин (1920).

Ленин (Ульянов) Владимир Ильич (10 (22). 4.1870, Симбирск, азыркы Ульяновск – 21. 1. 1924, Москва губерниясы Горки кыштагы) – орустун коомдук-саясий ишмери, Советтик Союздук коммунисттик партиясын жана Совет мамлекетин негиздөөчү, Совет өкмөтүнүн алгачкы жетекчиси (1917–24), К. Маркс, Ф. Энгельс тарабынан негизделген коммунизм жөнүндө илимий-теориялык окуунун улантуучусу.

1887-ж. Симбирск гимназиясын алтын медаль менен бүтүрүп, 1887-ж. Казан университетинин юридикалык факультетине өткөн. Ошол эле жылы декабрь айында студенттердин революциячыл жыйындарына катышканы үчүн университеттен чыгарылып, Казан губерниясынын Кокушкино кыштагына айдалган. 1891-ж. Санкт-Петербург университетинин укук факультетине экзаменди экстерн тапшырып, Самарада адвокаттын жардамчысы болуп иштеген. 1893-ж. Петербургга келип, марксисттик ийримдерге катышкан. Анын түздөн-түз демилгеси жана жетекчилиги менен 1895-ж. күзүндө Петербург шаарындагы марксисттик ийримдер бир уюмга – «Жумушчу табын эркиндикке чыгаруу үчүн күрөш союзуна» бириккен. Падышалык бийликке каршы кыймылдарга катышып, бийликти кулатууга үндөгөнү үчүн 1895-ж. декабрда камакка алынып, 1897-ж. Енисей губерниясынын Шушенский кыштагына 3 жылга сүргүнгө айдалган. Сүргүндөн кийин 1900-ж. чет өлкөгө кетүүгө мажбур болуп, В. Г. Плеханов, П. Б. Аксельрод, В. И. Засулич, Ю. О. Мартов жана А. Н. Потресов менен бирге «Искра» гезитин чыгара башташкан. 1900-ж. декабрь айында «Искра» гезитине басылган бир макаласын «Ленин» деген псевдоним менен чыгарып, бул анын түбөлүк ысмына айланган (мындан тышкары В. Ильин, В. Фрей, Ив. Петров, К. Тулин, Карпов жана башка псевдонимдери болгон). 1903-ж. РСДРПнин 2-съездинде (Брюссель, Лондон) добуш берүүдө социал-демократиялык кыймыл большевиктер (көп добуш бергендер) жана меньшевиктер болуп бөлүнүп, мындан ары большевиктер партиясын Ленин, меньшевиктерди Мартов жетектей баштаган. 1904-ж. Лениндин демилгеси жана жетекчилиги менен Женевада большевиктердин биринчи «Вперёд» гезити (1904–05) чыгарыла баштаган. Бул мезгилде Ленин РСДРП БКнын курамынан чыгарылган (7 (20).2. 1905). 1905-ж. 8 (21)-ноябрда Ленин эмиграциядан Петербургга келип, большевиктер партиясын куралдуу көтөрүлүшкө даярдоо планынын үстүндө иштеп, «Жаңы турмуш» гезитин чыгара баштаган. Полициянын куугунтугуна байланыштуу 1906–08-ж. кайрадан чет өлкөлөрдө (Финляндия, Швейцария, Франция) эмиграцияда болгон.

1917-ж. Февраль революциясынан кийин Ленин эмиграциядан Петроградга кайтып келип, 4-апрелде социалистик революциянын жеңиши жөнүндө сүйлөгөн («Апрель тезистери»). 1917-ж. июль айында өлкөдө кош бийлик жоюлуп, бийликке келген Убактылуу өкмөт Ленинди камакка алуу тууралуу буйрук берген. 1917-ж. 7-октябрда жашыруун түрдө Выборгдон Петроградга келип, Смольныйда штаб уюштуруп, 24-октябрда башталган куралдуу көтөрүлүштү жетектеген. Советтердин бүткүл россиялык 2-съездинде Л. ЭКСтин төрагалыгына шайланып, 1918-жылдан жумушчу-дыйкандардын коргонуу советинин төрагасы, Бүткүл союздук БАК (ВЦИК) менен БАКтын (ЦИК) мүчөсүнүн кызматын аткарган. 1918-ж. Германия менен Брест-Литовск тынчтык келишимин түзүүдө чоң салым кошкон. Мындан тышкары Лениндин жетекчилиги менен СССР мамлекети, Совет өкмөтү, Кызыл Армия (к. Советтик армия) жана башка түзүлгөн жана жаңы бийликти чыңдоо үчүн «согуш коммунизми», жаңы экономикалык саясат (НЭП) жана башка иш-чаралар жүргүзүлгөн. 1918–19-ж. Германия жана Австрия-Венгриядагы монархиялык бийликтин кулашын Ленин жана анын тарапкерлери дүйнөлүк пролетардык революциянын башталышы катары эсептешкен. Ленин башка мамлекеттерде революциялык процесстерди күчөтүү үчүн Коммунисттик интернационалды түзүүнү сунуштап, 1919-жылдын 2–6-июнунда Москвада өткөн Коммунисттик интернационалдын 1-конгрессинин ишин жетектеген. 1923-жылдан кийинки негизги эмгектерине «Эл достору деген эмне жана алар социал-демократтарга каршы кандай күрөшүп жатат» (1894), «Россияда капитализмдин өнүгүшү» (1899), «Эмне кылуу керек?» (1902), «Бир кадам алга, эки кадам артка» (1904), «Материализм жана эмпириокритицизм» (1909), «Империализм – капитализмдин жогорку стадиясы» (1916), «Мамлекет жана революция» (1917), «Биздин революция жөнүндө», «Аз болсо да жакшы болсун» жана башка макалалары жана «Съездге кат», «Улуттар жөнүндөгү же “Автономиялаштыруу” жөнүндөгү маселеге карата» жана башкалар каттары кирет. Лениндин өмүр таржымалын жана жасаган иштерин изилдөө үчүн РСФСРде жана СССРде атайын мекемелер түзүлгөн: В. И. Ленин атындагы Коомдук-тарыхый музей (1919), Партиянын тарыхы алдындагы Лениндин музейи (1920), В. И. Ленин институту (1923; 1931- жылдан ВКП(б) БКнын алдындагы Маркс – Энгельс – Ленин институту, 1956-жылдан КПСС БКнын алдындагы Марксизм-Ленинизм институту), кийин Москвада ушул институттун алдында В. И. Лениндин Борбордук музейи ачылган. СССРде Ленин жашаган үйлөр музейлерге айланган. Мындай үй-музейлер Ульяновскиде (1923), Казанда (1937), Татарстан Республиканын Пестречинск районунун Ленино-Кокушкино айылында (1939), Куйбышевде (азыркы Самара, 1939), Шушенский кыштагында (1938) жана башка жерлерде ачылган. Лениндин эмгектери дүйнө жүзүндө эң көп нускада жарык көргөн. СССРде Лениндин чыгармаларынын биринчи басылышы 1920–26-жылдары (1–20-т.) чыккан. Лениндин атынан Ленин чокусу, Ленин мөңгүсү, Ленинакан платосу, Москвадагы Ленин (азыркы Воробьёвы) дөңсөөсү, Ленинград (Санкт-Петербург), Ульяновск, Ленинск, Ленинск-Кузнецк, Лениногорск, Ленинабад (азыркы Хожент), Ленинакан (азыркы Гюмри) шаарлары, көптөгөн кыштактар, Москва метрополитени жана башкалар аталган. Лениндин урматына Ленин ордени жана Ленин атындагы сыйлык түзүлгөн.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]