Карл Маркс

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Karl Heinrich Marx
Karl Marx 001.jpg
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Карл Генрих Маркс
Туулган жылы: 1818-жылы 5-май
Туулган жери: Трир, Германия
Каза болгон күнү: 1883 - жылы 14-март (64жаш)
Каза болгон жери: Лондон,Улуу Британия
Ишмердүүлүгү: философ, жазуучу
Кол тамгасы:
Karl Marx Signature.svg

Өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

Карл Генрих Маркс (Karl Heinrich Marx, 1818—1883) — немец философу, марксизмди негиздөөчү. Германияда, Трирде туулган. Бонн университетинде укукту окуп-үйрөнөт, кийин Берлинге которулат да, ал жерде философияны окуп-үйрөнө баштайт. Докторлук диссертациясын 1841-жылы коргогондон кийин журналистика жагында эмгектенип, саясый жана социалдык маселелер боюнча макалаларды жарыялайт. 1842-жылы Рейн газетасынын редактору болот, бирок прусс өкмөтү газетага тыюу салгандан кийин жаш аялы менен Парижге келип, Немец-француз бир жылдыгынын редактору болуп иштейт. 1849-жылы Лондонго көчүп келишет да, ал жерде өмүрүнүн акырына чейин жашайт.

Бул мезгил оор материалдык турмуш абалына жана эки баласынын ымыркай курагында чарчап калгандыгына байланыштуу Маркстын өмүрүндөгү оор мезгил болгон.

Маркстын философиялык көз караштары[оңдоо | булагын оңдоо]

Карл Маркс.

Маркс өзүнүн философиялык көз караштарын XIX кылымдын 30-жылдарынын аягында, Гегелдин философиясы үстөмдүк кылып турган Берлин университетинде калыптандыра баштайт. Гегелдин жолун жолдоочулар жаш гегелчилер болушкан, алар бардык эле маселелер боюнча Гегелди ээрчишкен эмес, ошондой болсо да адамдын өзүн өзүнөн ажыратуусун жоюу жана өзүн өзү аңдап, таанып-билүүнүн тарыхый жана диалектикалык процесси аркылуу адамзатты боштондукка чыгарууну көздөшкөн. Алар динди ажыратуунун формасы катарында караган. Фейербахтын идеяларынын таасири астында акыйкат түшүнүктөр деп эсептелген Абсолют жана Дух түшүнүктөрдү четке кагат жана анын ордуна адамды жана адам аң-сезимин өз философиясынын борборуна коёт. Жалданма эмгек, өндүрүш, соода жана акча менен байланыштуу болгон социалдык мамилелерди ал адамзат тарыхынын аныктоочу күчү катарында карай баштайт. Коомдун өнүгүшүнүн белгилүү бир баскычында пайда боло турган коомдук мамилелер, дейт Маркс, өндүрүштүн материалдык күчтөрүнүн өнүгүү баскычына ылайык келет, мунун баары чогуусу менен алганда коомдун экономикалык түзүлүшүн түзөт. Ал мындай деп жазат: «Материалдык жашоо-турмушту өндүрүү жолу турмуштун социалдык, саясый жана руханий процесстеринин жалпы мүнөзүн аныктайт. Адамдардын бытиесин алардын аң-сезими аныктабайт, тескерисинче алардын коомдук бытиеси алардын аң-сезимин аныктайт» (Саясый экономияны сынга алууга кириш сөз).

Маркс коом тууралу[оңдоо | булагын оңдоо]

Карл Маркс

Маркс, коом өзүнүн өнүгүшүндө белгилүү бир чекке жеткенде өндүрүштүн материалдык күчтөрү менен жашап турган өндүрүш мамилелеринин ортосунда кагылышуу пайда болот, мунун натыйжасында алар коомдун өнүгүшүнө тоскоолдук кыла баштайт. Бул социалдык революцияларды жаратат деп эсептейт. Ошол эле убакта Маркс «бардык өндүргүч күчтөр өнүкмөйүнчө бир да түзүлүш жок болуп кетпейт, эски коомдун түпкүрүндө жашоо үчүн материалдык шарттар бышып жетилмейинче жаңы бир кыйла жогору өндүрүштүк мамилелер эч качан пайда болбойт» деп баса белгилейт. Өндүрүш мамилелери деп ал жер ээси менен жалданма жумушчунун, заводдун ээси менен жумушчунун жана башкалардын ортосунда пайда болуучу мамилелерди түшүнөт. Алар коомдун экономикалык структурасын түзөт жана саясый, моралдык жана руханий надстройканын негизи болуп саналат.

Материалдык жана физикалык реалдуулук[оңдоо | булагын оңдоо]

Маркстын негизги корутундусу жашоо-турмуштун бардык тарабы материалдык факторлор менен аныкталат дегенде турат. Гегель Духтун улам көбүрөөк бийик өздүк аң-сезимге карай зарыл түрдө өнүгө беришине ишенгендей, Маркс да адамдын материалдык жашоо-турмушу жана адам жаратылышы зарыл түрдө өнүгүп отуруп гармонияга жана биримдикке келерине ишенген.

Маркстын көңүлү руханий реалдуулукка эмес, материалдык жана физикалык реалдуулукка багытталган. Ал жумушчу табын өзүндө жакырчылыкты жана ашкере өзүн өзү ажыратууну (самоотчуждение) чагылдырган күч катарында караган. Маркстын ою боюнча, адамдын маңызы нерселерди түзүүдө, бирок жеке менчиктин алкагында эмес, коомдук менчиктин алкагында түзүүдө турат. Ошондуктан адамдын жашоо-турмуш шарты жеке менчикти жана эмгек адамын эксплуатациялоого жол берүүчү эмгек системасын жок кылуу жолу аркылуу өзгөрүлүүгө тийиш.

Булардын баары адамдарды, бардык нерселерге рынок тургусунан карай турган шарттан бошотууга алып келүүгө тийиш.

"Капитал" чыгармасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Маркс өзүнүн экономикалык теориясын «Капиталда» өнүктүрөт. Ал капитализм келечекте өзүн кыйратып жок кылуучу урукту өзүндө камтып турарын көрсөтүүгө умтулат. Капиталисттер өз пайдаларын жумушчулардын эсебинен жетише турган кошумча наркты ээлеп алуунун негизинде топтошот деп эсептейт. Ошондуктан капитализмдин өнүгүп отурушуна байланыштуу эмгек менен капиталдын өз ара катышы такай азая берет. Бул демек акырында келип пайда азаят жана бул өз кезегинде капитализмдин бузулушуна алып келет дегендик.

Маркстын бул концепциясы мезгил сыноосунан өтө алган жок.

Маркс теориясынын сиңиpген эмгеги[оңдоо | булагын оңдоо]

Маркстын теориясынын сиңирген эмгеги чоң. Баарынан мурда марксизм капитализмди майда-чүйдөсүнө чейин жана оригиналдуу түрдө сынга алууну ишке ашырды, бул сын негизинен бүгүн да таасирин жоготкон жок. Ал капитализмге мүнөздүү кемчиликтерди жеңип чыга ала турган жана интеллектуалдык ой-пикирдин социалисттик салтардын нугунда турган коомдун жаңы келечегин өнүктүрөт. Марксизм адам жаратылышын жана эркиндигин терең түшүнүүнү көтөрүп чыгып, аны өнүктүрдү. Марксизм XIX жана XX кылымдардын көптөгөн ойчулдарына чоң таасир көрсөткөн. XX кылымда марксизмдин таасири астында неомарксизм деп аталган философиялык агым пайда болду, бул агым Маркстын идеяларын азыркы замандын көз карашына ылайыктап интерпретациялады.

Колдонулган адбияттар[оңдоо | булагын оңдоо]