Абсолют

Wikipedia дан

Абсолют, абсолюттук (лат. absolutus көз карандысыз, чексиз, эркин) баарына бирдей жалпы болмуштук негизди, бүт бардык нерселерден айрымдыгын жана алардан таптакыр көз карандысыздыгын билдирүүчү философиялык жана теологиялык термин. Абсолют өзүнө өзү жеткилең, бүт бардык жагынан жетилген жана аяктап бүткөн нерсе катары бардык салыштырмалуулукка (relativum), шарттуулукка (sub conditione), ошондой эле түпкүлүктүүлүккө (finitum) карама-каршы коюлат. Грек философиясы боюнча, абсолюттун формалдуу аныктамасы Платондун «Парменида» диалогунун биринчи гипотезасындагы Баарына бирдейлик түшүнүгүнүн маанисине туура келет. Анда Баарынабирдейликтин өзү ар кандай баяндоочторду (предикаттарды), анын ичинде карама-каршы келгендерин да жокко чыгарат (танат). Баарынабирдейлик бардык аныктамалардан эркин, аны «атоого да, айтууга да, ал тууралуу пикир жасоого да, аны таанып билүүгө да болбойт», делет. Акылбаамдык (Умозримость) менен болмушту (бытиени) төптөш (тождественный) деп эсептеген. Платон үчүн Баарынабирдейлик жок дегенди билдирген. Ошондой эле убакыттын өзүндө Баарынабирдейлик категориясысыз деги эле эч нерсе түшүнүүгө мүмкүн эмес. Плотиндин неоплатонисчил философиясында нукура болмуш чөйрөсү менен Акыл төптөштүрүлөт, анткени Акыл бул ойлоочу менен ойлоого туура келе тургандын биримдигин туюндурган болсо, Баарынабирдейлик, башкача айтканда абсолютка берилмекчи болгон ар кандай аныктамалардын баары маанисиздик экени жөнүндөгү маселе келип чыгат. Баарынабирдейлик деген артыкчылыктуу Акыл катары ой жүгүртпөйт жана ал ойлоого алууга мүмкүн болбогон нерсе. Ошондуктан билимди, акыйкатты, болмушту Баарынабирдейликке тийиштүү кылып жамай салууга болбойт. Ал бар нерселердин баарына тең трансценденттүү. Андай болгон соң ар кандай аныктамаларды танат. Христиандык дин илими абсолют түшүнүгүн Кудай түшүнүгү менен байланыштырат. Григорий Богослов Кудайды «баарынан жогору туруучу» деп атайт. «Кудайга Гимнде» Кудай, айтууга сөз жетпеген, аңдоого акыл дарамети алсыз, ар кандай болуп жаткандардын себепкери, баарына бирдей таандык, ал эми болгондордун баары эч кимге эч кимиси эмес да»,деп мүнөздөлөт. Жаңы доордун философиясы абсолютту Кудай менен төптөштүрүлүшүн жана абсолютту баарынан толуктугу катары түшүнүүсүн дин илиминен мурастап калган эле. Абсолютка карата азыркы мамиле антимониячыл (эч каршылыксыз далилге гана жол берүү) болуудан калды; өзүнүн трансценденттүүлүгүн жоготуп, имманенттик дүйнө катары талкуулана баштады. Б. Спиноза Кудайды «абсолюттуу чексиздик катары» (end absolute infinitum) аныктаган. Анын оюнча Кудай бул өзү Анык реалдуулукка ээ болгон бирден бир Субстанция, ал эми калгандары, анын гана модификациясынын маңызы. Кудай жөнүндөгү Спинозанын түшүнүгү Ф. Г. Якоби тарабынан кескин сынга алынып, философиялык түшүнүк абсолютту Кудай менен төптөштүрүп кароонун жөндүүлүгү канчалык экени тууралуу маселени көтөрүп чыккан. Абсолюттагы аңыздалган Кудайга караганда Библиядагы Кудайдын мүнөздөмөсү алда канча көтөрүңкү маанайда. Анын үстүнө Кудай кудуретинин Ачылыштары рационалисттик философиянын каражаттары менен таанылбайт, булардын каражаттары жана аракеттери көпчүлүк учурда пантеизм менен атеизмге алып барат. Кудай керемети даанышман сезим менен сергек ишеничке ачылат. Бул жагынан И. Г. Фихтенин көзкарашы да оргиналдуу. Анын ырастоосу боюнча абсолют бул абсолюттук «Мен» дегендин өзү. Ал эми Ф. В. Шеллинг өз түшүнүгүн: Абсолют бул объект менен субъекттин абсолюттук төптөштүгү катары сунуштайт. Г. В. Ф. Гегель абсолютту ушундай түшүндүрүүчүлөрдү катуу сындаган. Гегель үчүн нукура абсолют бул Рух, өзүндөгү процесстин мазмуну барып турган абстракттуу аныктамалардан, жеткен конкреттүү аныктамаларга карай бараткан ырааттуу кыймыл түрүндөгү ачылышка ээ болгон жандуу Субстанция болуп саналат. Ошондой абсолют бир эле убактын ичинде «өзүндөгү» жана «өзү үчүн» болмушу болгону. «Өзүндөгү болмуш» катары ал баарына бирдей тийиштүү жалпылыктын түздөн-түз көрүнүшү, бүткүл нак болмуштан айрым турган, накайтаза өзүнө өзү төп келген төптөштүк. Тескерисинче, «өзү үчүн болмуш» катары абсолют өзүнөн бөлөктөрүн да өзүнө камтыйт. Ошентип, формалдуу аныктаманы түзгөн, карама-каршылыктардын бул эки кыйдамы (моменти) Рухтун өзүн өзү табуу процессинде бирине бири дал келүүчү баштапкы жана аяккы чекиттер катары түшүнүлүүгө тийиш. Абсолютту «абсолюттуу аң-сезим» же «тажрыйба» менен төптөштүрүлгөн Баарынабирдей таандык бүтүндөй бир чексиз реалдуулук катары түшүндүрүп келишкен. Ал эми абсолюттук идеализм деп аталгандардын талапкерлери Ф. Брэдли, Ж. Ройс сыяктууларга бул жетектөөчү мааниге ээ категориядан болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1