Ленин чокусу
Appearance
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/ky/thumb/1/17/Alpinizm.jpg/220px-Alpinizm.jpg)
Ленин чокусу Чоң-Алай кырка тоосунун борбордук бөлүгүндөгү эң бийик чоку.
Кыргызстан менен Тажикстандын арасында. Бийиктиги боюнча (7134 м) Кыргызстандагы Жеңиштен кийин экинчи, КМШдагы 3-чоку. Кырка тоонун чоку көтөрүлүп турган аймагы кар мөңгү менен капталган. Кар чеги түндүгүндө 4200 м, түштүгүндө 4500 м бийикте. Түндүк капталынан Корженевский (уз. 19,5 км), Ленин атындагы (9,5 км) жана Каман (8,1 км), түштүгүнөн Чоң жана Кичи Суукдара (25,2 жана 13,1 км) мөңгүлөрү башталат. Чокуга альпинисттерден 1-болуп, 1934-ж. В. Абалаков, К. Чернуха жана И. Лукин чыккан.