Толук жыл

Википедия дан

Толук жыл (лат. bis sextus — "экинчи алтынчы") — юлиан жана григориан календары боюнча узактыгы 366 күнгө туура келген жыл, бул жөнөкөй, толук эмес жылга караганда 1 суткага көптүк кылат. Юлиан календары боюнча толук жыл болуп ар бир төртүнчү жыл эсептелинет, ал эми григориан календары үчүн бир өзгөчөлүк бар.[1]

Киргизүүнүн тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биздин заманга чейинки 45-жылдын 1-январынан баштап, Рим императору Гай Юлий Цезарь, Созиген башында турган александриялык астроном тобу иштеп чыккан жылнааманы киргизген. Ал жылнаама боюнча бир жылда 365,25 сутка (365 күн жана 6 саат) болгон жана ал юлиан календары деп аталган. Алты саатык айырманы ирээттөө максатында толук жыл киргизилген. Үч жыл 365 күн менен, ал эми төртүнчү жылга февраль айына бир күн кошуп эсептеле баштаган.

Григориан календары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошондой эле караңыз: Григориан календары

Тропикалык жылдын узактыгы 365 күн 5 саат 48 мүнөт жана 46 секунд. Тропикалык жыл менен орточо юлиан календардык жылдын ортосундагы айырма (365,25 сутка) 11 мүнөт 14 секундду түзөт жана 128 жыл ичинде бир сутканы түзөт

Тиркемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Климишин И. А. Календарь и хронология. — Изд. 3. — М.: Наука, 1990. — С. 289. — 478 с. — 105 000 экз. — ISBN 5-02-014354-5