Григориан календары

Wikipedia дан

→← Бириктирүү Григорий жылсанагы

Григориан календарын киргизүү учурунда. Папа Григорий XIIIдин мүрзөсүнө чегилген барельеф.

Григориан календары(жылнаамасы) - Жердин Күндү циклдик айлануусунун негизинде түзүлгөн убакытты эсептөө системасы.

Бул календарь Юлий календарын реформалоо максатында 1582 - жылы Рим папасы Григорий III тарабынан иштелип чыккан. Григориан календары батыш өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө XVI - XVII кылымдар бою колдонулуп келген.

Россия жаңы стилге 1918-жылы гана өткөн . Ушул жылы Совет өкмөтүнүн декрети боюнча 1-февралды 14-февраль деп деп эсептөөгө өткөн. Анткени юлий календарынын тропикалык жылдарды эсептөө боюнча айырмасы 1918-жылга карата 13 сутканы түзүп калган. Бул 13 суткалык айырма эски стиль боюнча 2100-жылдын 15-февралына, же болбосо жаңы стиль боюнча 2100-жылдын 28-февралына дейре сакталат. Бул даталардан кийин ал айырма бир суткага кобөйүп, 14 сутка болуп калат. Календардык жылдын башталышы (Жаңы жыл) шарттуу түрдө алынат. Мурда айрым өлкөлөрдө Жаңы жыл 25-мартта, кээ бирлеринде 25-декабрда башталса, башка күндөрдө да башталган өлкөлөр болгон. Мисалы, Россияда XV кылымга дейре жылдын биринчи күнү болупа 1-март эсептелсе, XV кылымдан 1700-жылга чейин жаңы жыл 1-сентябрдан башталган. Акырындык менен бардык өлкөлөрдө жаңы жыл 1-январда белгилене баштаган.

Бир жылда 12 айдын болушу, жуманын 7 күндөн тураары да, астрономиялык мааниге ээ болушуна карабай, шарттуу болуп эсептелинет. Ошондой болсо да, салт боюнча азыркыга чейин сакталып келе жатат. Григориан календарына караганда мындан да тагыраак календарлык системаларды ойлоп табуга болоор эле. Бирок григориан календарынын тактыгы жетиштүү болгондугуна байланыштуу календардык жылдын орточо узундугун дагы өзгөртүүнүн эч деле зарылдыгы жок. Ошентип, жаңы стиль анча тактыкка ээ эмес, бирок ошондой болсо да, ал боюнча 1 суткалык айырма 3300 жылда гана пайда болот.

Эгерде кимдир бирөөнүн туулган жылы жаңы (Григорий) календары боюнча катталган болсо, анда жаныбарлардын аттарынан турган 12 жылдык календарь боюнча кайсы жылга туура келээрин табууга болот. Ал үчүн туулган жылга 9 санын кошуп, аны 12ге бөлгөндө бөлүнгөн сандын калдыгы эскиче жылдын иреттүү саны болуп чыгат. Мисалы: (1934+9):12=161(11) - ит жылы, (1919+9):12=160(8) - кой жылы.

Эгерде жогорудагы амалды колдонгондо калдык калбаса, анда ал эң акыркы 12(доңуз) жылына туура келет. Мисалы: (1935+9):12=162(0) - доңуз жылы.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Шаршекеев Ө. Астрономия: 11-кл. Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2012. - 208 б. ISBN 978-9967-14-101-8