Сүйүнбай Эралиев

Википедия дан
Эралиев Сүйүнбай
Туулган датасы:

15 -октябрь 1921(1921-10-15)

Туулган жери:

Үч-Эмчек айылы, Талас району, Талас облусу , Кыргыз ССР, РСФСР, СССР,

Өлгөн датасы:

16 -июль 2016(2016-07-16) (94 жаш)

Жарандыгы:

ССРСКыргызстан

Ишмердүүлүгү:

акын, котормочу

Сүйүнбай Эралиев — акын жана котормочу, Кыргыз Эл акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүйүнбай Эралиев 1940-жылы орто мектепти бүтүргөн.
С.Эралиев өзүнүн бала чагы тууралуу мындай деп эскерет:
"1921-жылы 15-октябрда Тегерек деп аталган бийик чокулуу өрөөндө жарыкка келипмин, анда боз үйдө олтурчу экенбиз. Айылдын аты - Үч-Эмчек, Кыргыз ССРи, Талас району.
Айылдын күн батыш жагында анын көркүнө көрк кошуп, кадимки кур курчагансып, кийин мен ырларымда ырдаган өзүнчө бир кооз Кур-Таш бөксө тоосу турат.
Апам Разия өтө адептүү, башкага эмес, өз балдарына өйдө карабаган мүнөзү жумшак, алпейим киши эле.
Атам Эралы дагы ошондой эле жөнөкөй колхозчу, бирин-эки жылкысы, уй-кою бар, өз оокатына камкор болчу. Негизги кесиби - саяпкерлик. Күлүк аттарды таптап, чоң мелдештерге байгеден чыгарып, ошол чөлкөмдө бир топ кадыр-барктуу эле.
Бирок мен таятам Орозбай молдонун колунда чоңойдум. Ал жинди оору менен ооруган адамдарга чейин айыктырган дарыгер, анан дагы кол ойнотуп комуз черткен, кезинде атактуу Атайга күү үйрөткөн чоң комузчу эле. Атайдын таятамдыкында эки жылча жүрүп сабак алганын айыл аксакалдары кийин дагы көпкө чейин айтып жүрүшчү," - деп Сүйүнбай акын 2012-жылы 3-майда "Де Факто Archived 2017-06-08 at the Wayback Machine" гезитине маек курган.
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында 1942–1944-жж. согушка катышып, оор жарадар болгон.
1944–1951-жж. Талас облустук «Лениндик туу» гезитинин жооптуу катчы, «Кыргызстан пионери» гезитинин жооптуу редактору, 1959–1965-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын катчысы, 1965–1967-жж. Москвадагы Жогорку адабияттык курстарда угуучу, 1967–1984-жж. Жазуучулар союзунун башкармалыгынын адабий кеңешчиси, 1984-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун кыргыз акындарынын ассоциациясынын президенти болгон.
Ырлары 1939-жылдан жарыялана баштаган.
Биринчи поэтикалык жыйнагы «Биринчи жаңырык» деген ат менен 1949-жылы жарык көргөн.
С.Эралиев кыргыз поэзиясында биринчи болуп эркин ыр формасын 1966-жылы жазылган «Жылдыздарга саякат» поэмасында чеберчилик менен пайдаланган.
Акын У.Уитмендин, Р.Тагордун, М.Турсун-Заденин А.Твардовскийдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
С.Эралиевдин чыгармалары көп тилдерге которулуп, «Жылдыздарга саякат» поэмасы 1967-жылы Югославияда басылып чыккан.

Наамдары. Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1948-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1974-жылдан «Кыргызстандын Эл акыны».
1981-жылы акын А.А.Фадеев атындагы бүткүлсоюздук адабий сыйлыкка татыктуу болгон.
1986-жылы «Кыштак кечтери» аттуу китеби үчүн (1985-жылы басылып чыккан) Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгын алган.
1998-жылы Казакстандын адабият жана өнөр тармагындагы Эл аралык Жамбыл атындагы сыйлыгы ыйгарылган.
2000-жылы кыргыз жана казак элдеринин ортосундагы достукту чыңдоодогу зор салымы үчүн Казакстан Республикасынын «Алтын көпир» аттуу Эл аралык сыйлыгы берилген.
«Элдердин достугу» ордени;
Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени;
III жана I даражадагы Манас ордендери
Ардак грамоталар жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.
2006-жылы «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген ардак наам берилген.

Китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде Биринчи жаңырык: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 78 б.
Тууган жер: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргыз мамбас, 1950. – 84 б.
Ак-Мөөр: Лирикалык поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1959. – 224 б.
Түнкү сыр: Поэма жана ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 99 б.
Уяң жылдыздар: Ырлар жана поэмалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962. – 186 б.
Күндөр: Сатардын күндөлүгү – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1964. – 79 б.
Жайында: Сатардын күндөлүгү. – Ф.: Мектеп, 1966. – 86 б.
Жылдыздарга саякат: Поэма жана ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 81 б.
Өмүрлөргө саякат: Поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 104 б.
Жол: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1969. – 79 б.
Сан тоолор: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 266 б.
Каркыралар: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1972. – 88 б.
Кыргыз жаны: Ырлар, поэмалар. – Ф.: 1974. – 139 б.
Айыл ырлары: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 244 б.
Сагынганда: Лирика. – Ф.: Мектеп, 1977. – 103 б.
Тандалмалар: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 463 б.
Биздин суулар: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 212 б.
Тандалган чыгармалар: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 400 б.
Тандалган чыгармалар. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 412 б.
Биздин жердин көркү ай: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1983. – 16 б.
Кыштак кечтери: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1985. – 149 б.
Кызгылт багымдат: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 312 б.
Тандалмалар: Ырлар жана поэмалардын 2 томдугу. – Ф.: Адабият, 1991.
1-т. – 1991. – 303 б.
2-т. – 1991. – 286 б.
Дүйнө: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Адабият, 1989. – 190 б.
Сага айткан сыр: Чакан аңгемелер. – Б.: Кыргызстан,1997. – 272 б.
Сүйгөнгө кат: Ырлар. – Б.: Кыргызстан, 1994. – 176 б.
Ырлар, поэмалар. – Б.: Шам, 2001. – 320 б.
Эсимдесиң: Ырлар жыйнагы. – Б., 1998. – 218 б.
Сага айткан сыр: Чакан ой жүгүртүүлөр, эсселер, экспромттор. – Толукталып 2-бас. – Б.: Шам., 1999. – 364 б.
С.Эралиев. – Б.: Шам, 2001. – 319 б.
Акын Сүйүнбай Эралиевдин дүйнөсү. – Б.: Бийиктик, 2002. – 311 б.
Кезиктин күүлөр ээси. – Б.: Бийиктик, 2002. – 317 б.
Тандалмалар. – Б.: Сүрөт-басма-салону ЖЧК, 2003. – 244 б.
Жаңыл Мырза жана Шырдакбектин боз жорго. – Б.: Бийиктик, 2003. – 69 б.
Ак таңдар. – Б.: Бийиктик, 2003. – 283 б.
А мен өткөн жаштыгыма кусамын. – Б.: Бийиктик, 2006. – 195 б.

Орус тилинде
Весенние цветы: Стихи и поэма. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 156 с.
Поэма о любви. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 168 с.
Упрямая красавица: Поэма. – М.: Сов. писатель, 1960. – 95 с.
Поэма о любви. – М: Мол. гвардия, 1962. – 104 с.
Застенчивые звезды: Стихи, сказки, поэмы. – Ф.:Киргизгосиздат,1933. – 104 с.
Много у меня друзей. – М.: Детгиз, 1968.
Сатар достает облака. – М.: Детгиз, 1968.
Белые запахи: Стихи и поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 136 с.
Сатар достает облака: Рассказ в стихах. – М: Дет. лит., 1970. – 48 с.
Земное время: Стихотворения и поэмы. – М.: Худож. лит., 1973. – 253 с.
Доброта: Стихи. – М.: Сов. писатель, 1977. – 175 с.
Памятник солнцу: Стихи и поэма. – М: Воениздат, 1978. – 102 с.
Избранное. – М.: Худож. лит., 1981. – 223 с.
За кочующими облаками: Стихотворения, поэма. – Ф.: Мектеп,1982. – 124 с.
Прекрасна наша земля: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1984. – 14 с.
Все пройдет: Стихи, поэма. – М.: Сов. писатель, 1990. – 141 с.
Книги русских писателей, вышедшие на киргизском языке. – Ф., 1972.
Лиловый восход: Стихи. – М.: Мол. гвардия, 1985. – 95 с.
Сверкающий перевал: Стихотворения и поэма. – М.: Сов. писатель, 1981. – 128 с.
Избранное. – Б.: Бийиктик, 2005. –318 с.

Башка элдердин тилдеринде
Много у меня друзей:Стихи. – Нукус: Каракалпакия, 1967. – 63 с. – каракалп.
Эхо земли: Стихи. – Душанбе: Ирфон, 1977. – тадж.
Я сын гор: Стихи и поэма. – Ташкент: Изд-во лит. и искусство,1980. – 95 с. – узб.
У подножья Ала-Тоо: Стихотворения и поэма. – Киев: Рад. пысьменник, 1983. – 143 с. – укр.

КОТОРМОЛОРУ
Тока Салчак. Араттын сөзү: Повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 132 б.
Твардовский А. Василий Теркин. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 207 б.
Баруздин С. Рави и Шаши. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 42 б.
Бекхожин К. Егор кызы – Мария: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас,1957. – 42 б.
Кырк кыз. Каракалпак элинин эрдик дастаны. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 332 б.
Межелайтис Э. Кастант – музыкант. – Ф.: Мектеп, 1965. – 62 б.
Айбек. Балалык: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1970. – 264 б.
Уитмен Уолт. Жалбырактар: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 128 б.
Тагор Рабиндранат. Акыркы кат: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 118 б.
Шиллер Ф. Мария Стюарт: Трагедия. – Ф.: Мектеп, 1975. – 84 б.
Межелайтис Э. Кастант. – музыкант: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1984. – 56 б.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]