Котормочу

Википедия дан

Котормочу - кайсы-бир тилден башка тилге тексттерди жана башка материалдарды которуу менен алектенген кесиптин ээси. Котормочу чыгарманы көркөм которушу да мүмкүн, илимий же үстүрт которушу да ыктымал. Синхрондуу (айтылып жатканга удаалаш) которуу менен алектенген адистер да бар.

Кесип түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Котормочу кесибин аркалагандар: синхрондук котормочу, илимий котормочу, адабий котормочу, көркөм котормочу, сөзмө-сөз котормочу.

Дүйнөдөгү заманбап котормочулук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүйнөдө котормочулук жаатында айланган капитал 33 жарым миллиард долларга жетип, 2020-жылга чейин бул сумма 42 процентке көбөйөрү күтүлүүдө.
Котормочулук ишмердүүлүгү глобалдык экономикадагы кыйынчылык тартпаган, анын таасири астында калбаган жалгыз тармак, - дейт Америкадагы Lowell Mass аттуу аналитикалык фирманын эксперти Натали Келли.
2010-жылдан 2020-жылга чейин котормочулук тармагындагы өсүш 42 процентке жогорулайт. 2012-жылы тил котормолору менен алектенген компаниялардын глобалдык кирешеси 33 жарым миллиард доллар деп табылган. 2005-жылы эле бул көрсөткүч 20 миллиард долларга жете элек болчу.
Дүйнөдө 26 миңден ашуун компания бул тармакта иш алып барып, 2011-жылы котормочулардын мамлекеттик органдарга төлөгөн салыгы 100 миллион доллардан ашкан.

Кыргыз котормочулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыздын байыркы тарыхынан бери элчилери жана котормочулары болгон.

Эне-Сай Кыргыз каганатындагы элчилерди да котормочу катары кароого болот.

Совет доорунда Кыргызстандагы кыргыз элинде Алыкул Осмонов, Узакбай Абдукаимов, Салижан Жигитов, Аман Токтогулов, Ашым Жакыпбеков, Аман Саспаев, тарыхчы Өмүркул Караев, ж.б. даңазалуу котормочулар болгон.

Пост-советтик доордо Төлөгөн Козубеков, Таалайбек Абдиев, Арслан Капай уулу, Мукан Алыкулов, Тынчтыкбек Чоротегин, Акылбек Кылычев, ж.б. котормочулар белгилүү.

Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да даңазалуу кыргыз котормочулары болгон жана бар. Алардын бири - маркум тарыхчы Анвар Байтур (Кытай).

Кыскача адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]