Жаңыл Мырза
Жаңыл Мырза — 17 кылымда нойгут уруусунан чыккан кыргыздын баатыр кызы.
Манап бийдин небереси Түлкү баатыр Жаңылга үйлөнөм деп агасы Үчүкөнү, Атакозу, Чабакты баш кылып кошуун курап барат. Б. Солтоноевдин маалыматы боюнча Жаңыл Мырза азыркы Аксуу (Кытай) шаарынын чөлкөмүндө турган. Күйөөлөп баргандар Жаңыл Мырзаны үйүнөн жолуктура алышпай калышкан. Бир чети тосуп албагандыгы үчүн намыстанышып, бир чети, айтылуу баатырдыгын сынамака нойгуттардын жылкысын тийип алып кетишет да, бир кабарда, Турпандын башы Какшаалдын ичине келип, жатып калышат. Артынан кууп жеткен Жаңыл Мырза алгач ишти тынч бүтүрмөккө көңүлдөнөт. Бирок, атасынын "кыз бала болбой, эркек болгондо, ушинтип жоосун аяп турмак беле" - деп намысына тийгенинен улам жана Түлкү баатырдын ошол маалда жойлоп кирип барган кертайганын сөккөнүнө арданып баш баатырларды: Үчүкө, Түлкү, Аккочкор, Канкы, Атакозу, Чабакты жаа менен атып өлтүрөт. Алардын сөөгүн ардактап көмдүрүп, калган кошуунду жолуна салат.
Кошуундагылар келип Үчүкө Түлкүнүн атасы Сарсейитке кабар айтышат. Тейиш ханга кеңеш салышып, баатырлардын кунун нойгуттардан кууп алмакка чечим чыгарышып,эки жылдан кийин аттанып барып Жаңыл Мырзаны колго түшүрүп келишкен. Жаңылды колго түшүргөндө аялзат катары аябастан, баатыр катары кабылдашып, кадимки баатырларга көргөзүп келген кордуктарды көргөзүшөт. Жаңыл Мырзаны жоортулдун колбашчысы болгон карабагыш уруусунун бийи Калматайга алып беришет (*Б. Солтоноевдин вариантында Жаңылды Ормотойго беришет).
Жаңыл Мырза Калматайдыкында биртоп жыл туруп калат да кийин качып кетет. Анын качып кетишине айылдагы кыз-келиндер себепкер болгон. Алар Жаңылдын көзгө атаар мергендигин угушуп, көргөнгө дегдешип, өнөрүн көрсөтүп берүүнү Жаңылдан суранып жатып макулдатышат. Жаңыл өзүнүн Карадолу атын, жаасын, саадагын сурап бергиле деп шарт койот. Кыз-келиндер барып Калматайдан Жаңыл Мырзанын атын, жоо жарагын сурап беришет. Убадалашкандай Жаңыл Мырза өнөрүн көргөзүп, бирок, ошол жерден мурдагы жоокердик турмушу эске түшүп, жаасын кесеп "Мен эми кеттим, артыман куубагыла, кууганың аман калбайсың" - деп жолуна түшөт. Жардаган эл, мындай адамдын сырттанын кулданткан болбойт деп Жаңыл Мырзанын азаттыгана макул болушат. Каршы болгон Калматайды атып ташташат.
Жаңыл Мырзанын кайтып баргандан кийинки турмушу жөнүндө бир беткей маалымат жок. Жаңыл Мырзанын тагдырына кызыгып, изилдөө жүргүзгөн Калкан Керимаалы уулунун варианты өзгөчөлөнөт. Анын вариантында Жаңыл Мырза качканда, артынан куугун түшүп көп баатырлар мерт болот, алардын аты менен азыр да көп жерлер аталаарын айтат. Ошондой артынан куба баргандардын бири - Акатан баатыр менен Жаңыл Мырза жекеге чыгып, жараланып, бирок, аны да жеңип, алы куруп барып Качыралы капчыгайында 2-3 күң жашырынып жатып калат. Жаратынан улам жол жүрө албай, жарасы ырбап-шишип кетет. Кашкар тушунда дыйканчылык кылып жан баккан Акун деген жетим баланын багуусунда бир жылда болуп калат. Ачык жүргөндөн коркуп, изин жашырып, аргасыздан ошол балага турмушка чыгып, өмүрү кедейчиликте өткөн дейт.
Жаңыл Мырзанын тарыхы кыргыз адабиятында өз оордун тапкан. Анын кайгылуу тагдырына Б. Солтоноев, Тоголок Молдо, Үсөйүн ажы, К. Тыныстанов, Чоробай уулу Абдыкалык , С. Эралиев, Ж. Кенчиев, Калкан Керималы уулу кайрылышыкан. Жаңыл Мырза дастан түрүндө ырдалып, анын 8 варианты бар деп айтылат.
Булактар
Б. Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы. 1 том. Archived 2011-02-04 at the Wayback Machine
Үсөйүн ажынын санжырасы(жеткиликсиз шилтеме)
Калкан Керималы уулу "Жаңыл", Нарын 1996