Манап бий

Википедия дан

Манап Бийдин теги жана балалыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

МАНАП БИЙ 16-кылымдын аягы – 17-кылымдын башында жашап, кыргыз санжырасында Түндүк Кыргызстанды бийлеген чоң бий катары каралат. Генеологиялык уламыштар боюнча Тагай бийден Кылжыр, андан Дөөлөс баатыр. Көпчүлүк тарыхчылар (Ө. Осмонов, Т. Өмүрбеков ж. б.) Манапты 4-атасы Тагай бийдин тушунда түзүлгөн кыргыздардын конфедерациялык саясий бирикмесин бекемдөөнү уланткан деп таанышат. Ошондуктан эреже катары кыргыз коомундагы кийинки чоң бийлер (мисалы, бир туугандар Үчүкө-Түлкү, Маматкул Үчүкө уулу, Болот, Черикчи, Эсенкул, Ниязбек, Калыгул Бай уулу) же хан (Ормон хан) негизинен Манап бийдин тукумунан таңдалган. «Кагидайы өзбеки» жана «Усулы тауарих» китептерине таянган К. Халид (19-к.) да мындай эреженин Орто Азияда кеңири колдонулганын, б. а. хан атына ылайык болуш үчүн тогуз ата туташ бий (бек), жок дегенде төрт атадан хан (бек) болуу керек, эзелтеден берки заң ушундай экенин белгилеген. Манаптан Сүтөй, Жарбаң. Көпчүлүк санжыралар муну энесинин курсагын жарып алгандыктан, ушинтип аталып калганын эскертет. Сүтөйдөн Сарысейит, Тугур. Тугурдун балдары «чоң чарык» аталды.Сарысейиттен Үчүкө, Түлкү, Кудаян.Тарыхчы-этнограф окумуштуулар санжырада айтылган маалыматтарга таянып,Манап бий болжол менен 1555-жылы туулган деп эсептешет.Ал Дѳѳлѳс баатырдын тѳртγнчγ, кенже уулу .Анын Токо ,Жантай, Элчибек деген агалары болгон.Дѳѳлѳстγн ушул тѳрт уулунан тарагандар сарбагыш уруусун тγзѳт.Даназалуу Дѳѳлѳс баатырдын Асылкан ,Меншек жана Кѳкмончок деген γч аялы болгон. Асылкан пайгамбарыбыз Мухаммед алейхи саламдын тукуму-намангандык олуя-кожонун кызы болгон имиш.Ал эми Кѳкмончок калмактын Карагыз деген ханынын кызы экен. Кѳкмончоктун сынчылык касиети кγчтγγ болуп ,ал Дѳѳлѳс баатырдын мандайында жылдыз жанып тураарын байкап,жактырып, ага турмушка чыккан.Дѳѳлѳстγн биринчи аялы Асылкан эркек тѳрѳп ,анын урматына Дѳѳлѳс батыр чон той берет.Баланы ошол кезде ѳтѳ аздектелген манат кездемеге ороп, бешикке бѳлѳшѳт.Баланы кѳргѳнγ келген байбичелер ал оролгон манатка кѳнγл бурушуп, баланын аты Манат болсун дешет.Кийин Манат деген ат Манап болуп ѳзгѳрγп айтылып калган деген пикир А. Жумагуловдун «Манап термини жѳнγндѳ» деген макаласында айтылат.Дагы бир санжырада Асылкан Мухаммед пайгамбарыбыздын тукумунан болгондуктан ,ѳз баласын арабдардын курайш уруусунун ислам дини пайда болгонго чейинки байыркы кудайы Манафтын урматына Манаф деп атаган деген пикир айтылат.Эгерде ислам дининин тарыхына кайрылсак , Мухаммед пайгамбарды анын атасынын агасы тарбиялаган. Анын толук ысымы Абу Талиб Абд Манаф ибн Абд ал-Муталиб болгон. <Мухаммедин тѳртγнчγ атасынын аты Абдулманаф болгон. Бул Манафтын кулу дегенди тγшγндγргѳн. Чынында эле Мухаммед алейхи салам чыккан курайш уруусу мурда Манаф деп аталган идолго сыйынган.Кандай болсо да Манап бир туугандарынын ичинен ѳзгѳчѳ сыймыктуу орунду ээлеген. Анткени Дѳѳлѳстγн мандайында кγйгѳн жылдызы Манапка ѳткѳн деп айтылат санжырада . Мындан сырткары , энеси Асылкандын пайгамбарыбыздын тукумунан болушу да анын зобосун кѳтѳрγп турган. Таасирдγγ жана кенже уул катары ал атасынын γйγндѳ жашап , батыр атасынын мыкты тарбиясын алган.Манап төрт бир тууган болгон: Манап, Элчибек, Жантай, Токо. Кара токо, Манап ай, Үй башына бир жылкы, ала берди санабай дешкен.

Манап Бийдин саясий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дѳѳлѳс ѳлгѳндѳн кийин анын бийлик , кѳк асабасы , ак ѳргѳсγ ,жоо жарагы жана карагер тулпары Манапка мураска калган.Манап бий аталып , ѳз алдынча эл башкара баштаган кезде кыргыздар Чынгыз хандын жана анын урпактарынын γч кылымдык эзγγсγнѳн толук кутулуп , ѳз алдынча мамлекет болуп калыптанып калган эле .Орто Азиядагы байыртан эле жергиликтγγ делип эсептелген этностук бирикмелер казактар менен ѳзбектер да эл катары тγзγлγп, ѳздѳрγнγн ээликтерин тактап , коншу элдер менен ѳз ара мамилелерин аныктай башташкан.Ошол кездеги саясий кырдаалды тура баамдаган Манап бий кыргыз урууларынын ортосундагы ынтымакты чындоону биринчи орунга койгон.Бир жактан ѳзбек тѳбѳлдѳрγнγн кысымын , экинчи жактан чыгыш тараптан улам берилеп жылып келе жаткан калмактардын баскынчылык саясатын алдын ала сезген кыраакы Манап бий алдыда боло турган кармаштарда боордош казак эли менен бекем келишим тγзγп, биргелишип кγрѳшγγнγн зарылчылыгын тγшγнгѳн. Ошон γчγн ал адегенде географиялык жайгашуусуна ылайык ошол кезде эле анжияндык жана аркалык болуп экиге бѳлγнгѳн кыргыз элинин кγчтѳрγн бириктирγγ γчγн Анжиян кыргыздарынын башчысы Кѳкγм бий менен туугандык мамилени чындаган. Экинчи кезекте кыргызга канатташ жашаган казак урууларын башкарган Эр Эшим менен келишим тγзγш керек эле .Аракеттердин натыйжасында бул милдет да аткарылып , эки элдин ынтымагы бекемделген.Ушундан улам тарыхчылар Манап бийди кыргыз-казак союзун тγзгѳн биринчи саясий ишмер катары баалап, окуу куралдарына жана окуу китептерине киргизишкен. Кѳкγм бий баштаган анжияндык кыргыздар менен Манап бий башында турган аркалык кыргыздар бир чечимге келишип ,казак урууларын жетектеген Эр Эшимди кыргыз-казакка хан кѳтѳргѳн.Манап бий менен Кѳкγм бий анын эн ишенимдγγ адамдарынан болуп калган. Хан ордосу катары Ташкент шаары эсептелген. Ошол кезде Ташкент он эки капкалуу чон шаар болуп,шарттуу тγрдѳ γч бѳлγккѳ бѳлγнγп, анын бир бѳлγгγндѳ кыргыздар,экинчи бѳлγгγнда казактар , γчγнчγ тарабында ѳзбектер жайгашкан. Манап аркалык кыргыздардын чон бийи деп аталып, ага мамлекеттин тγндγк-чыгыш чѳлкѳмγн тескѳѳ , ошол кезде кыргыз-казактын башкы жоосу катары калыптанып калган калмак баскынчыларынан мамлекеттик чекараны коргоо милдети жγктѳлгѳн.1535-жылы калмактар Жунгар хандыгына бириккенден кийин алардын экономикалык , согуштук кубаты ,биримдиги ого бетер кγч алган. Эми Манап бийдин саясий ишмердигинин негизги милдети Жунгар хандыгынан кыргыз ,казактын жерлерин жана эркиндигин коргоо болгон.XVII кылымдын башында калмактар Иле дарыясына жакын келип жайгашып калгандыктан, бул дарыя алардын батыштагы чек арасы болуп калган. Аларды кандай да болбосун дарыядан бери ѳткѳрбѳш керек эле.Боордош эки элдин тагдырына байланышкан бул милдетти аткарыш γчγн Манап бий болгон кγчγн жумшаган.Азыркы Ортотокой суу сактагычы жайгашкан жердеги Манап бийдин ордосуна кыргыз,казактын уруу башчылары менен кол башчылары тынымсыз каттап, саясий абалды талдап турушкан. Кол салууга ар дайым даяр турган баскынчылардын мизин кайтаруу γчγн кошумча кол чогултулган.Эзелтен келе жаткан аскердик салт боюнча чогулган кол ондуктарга, жγздγктѳргѳ жана миндиктерге бѳлγнгѳн, ал эми тажрыйбалуу , эр жγрѳк жоокерлер аларга башчылыкка дайындалган. Башкы колбашчылык милдетин Манап бий ѳзγ алып , тγмѳнбашы аталган. Санжырада баяндалгандай , манап бийдин черγγсγндѳ жалан кыргыздардан турган аскер бѳлγктѳрγнѳ кыргыз азаматтары колбашчылык кылган учурлар кѳп болгон.Бул эки элдин бири-бирине болгон ишенимичин арттырган. Жоокерлерге согуш ѳнѳрγн γйрѳтγγ , аларды курал-жарак , тамак-аш менен жабдуу иштерин тескѳѳ жагын Манап бий ѳз колуна алган.Мына ушул кезден баштап ѳмγрγнγн акырына чейин Манап бий жоокердик кийимин γстγнѳн тγшγргѳн эмес деп айтылат санжырада.XVII к. биринчи жарымында калмактар Иле дарыясынан ѳтγγгѳ аракет кыла баштаган . Кезектеги калмактар менен согуш 1625-жылы Иленин жээгинде болуп, казак-кыргыз колун Манап жетектеген . Айкаш кѳчмѳндѳрдγн салты боюнча эрѳѳл менен башталган . Эр сайышта Манаптын уулу Жарбан калмактын Дѳнѳнжѳй деген баатырын сайып ѳлтγргѳн . Санжыра боюнча ушул салгылашта Манап бий дагы 60 жаштар курагында каза тапкан.Манаптын Жарбан жана Сγтѳй деген уулдары болуп алар кыргыз эли γчγн кѳп кереке жараган .Акын Тоголок Молдо алар жѳнγндѳ тѳмѳнкγ ыр саптарын айткан: «Манаптын Сγтѳй , Жарбаны , Баарынан бийик арбагы . Бир чети Чγй, Кеминде , Атбашы ,Нарын тармагы , Кочкоратаѳзѳнγн жердеп турат калганы.»
Колдонулган адабияттар :Кыргыз санжырасы .-Б.,1994. θ.Осмонов. Манап бий деген ким болгон ? «Манапчылык» деген эмне?.-Б.,2003.


Адабияттар: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993. Т. 1-2; Бөөмбаев Н. Кыргыз санжырасы. Б., 2011.


  • Тарыхый маалыматтарда (Б. Солтоноев. "Кызыл кыргыз тарыхы" 1т. 1993 Archived 2011-10-11 at the Wayback Machine) Манап бий 1625 жылы Эшим хан башчылыгы астына кыргыз менен казактын колу биригип Иле боюнда калмакка каршы кылган согушунда жоо колунан каза болгон. Катагандын хан Турсуну Эр Эшимдин оордуна согуш маалында хан болуп калган. Бирок, согуш 3 жылга созулуп, кошун ылдам кайтып келе алган эмес. Турсун Эшимдин жоктугунан пайдаланып анын ордосун, элин талай баштаган. Ошондон улам "Катагандын хан Турсун, хан Турсунду ант урсун" деген лакап сөз калган. Эр Эшим бириккен колдун башына Манап бийди калтырып, өзү тандамал кошун алып ордосуна кайтууга мажбур болгон.
  • Санжыраларда Манап бийдин бу дүйнөдөн жаш өткөндүгү айтылат. Согушта шейит болгондо болжолдуу жашы 35-38 тегерегинде болгон.
  • Кеңеш доорунда таптык күрөштүн эпкини менен Манап бий жана ал түптөгөн бийликтин манапчылык системасы дайыма караланып, аны зуулум кылып сүрөттөп келген (Б. Солтоноев). Бирок, эгемендик учурунда бул көз караштардын негизсиз экендиги айкын боло баштады.
  • Жапон окумуштуусу Хаккайдо Якияма Тэцу бийлик жүргүзүүнүң "манапчылык" системасы жөнүңдө доктордук диссертация жактаган.
  • Манаптын бийдин Сүтөй жана Сүтүке деген эки уулу: болгон. Сүтүке төрөлгөндө энесинин ичин жарып алышкан, ошондуктан Сүтүкенин өз аты айтылбай Жарбаң деген ат менен белгилүү болуп кеткен.

Колдонулган адабияттар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

О. Сыдыков. Тарых, Кыргыз-Шадмания(жеткиликсиз шилтеме)