Калыгул Бай уулу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Калыгул Бай уулу (1785, азыркы Ысык-Көл району, Кара-Ой айылы — 1855, Чолпон-Ата) — кыргыз элине кеңири белгилүү ойчул, нускоочу акын; «Замана» агымынын өкүлдөрүнүн бири. Калыгулдун өмүр жолу, чыгармалары жөнүндө так маалыматтар аз. Октябрь революциясына чейин Калыгулдун мурастары эл арасында оозеки айтылып келген. Совет доорунун биринчи жылдарында анын чыгармалары аздап жыйнала баштаган, илимий жактан изилденип, мектептерде жана педагогикалык институтта окутулуп келген. Бирок совет мезгилинин, айрыкча 1947жылдан анын чыгармачылыгы реакциячыл деген жалаа менен катуу сынга алынган. Ал жөнүндө изилдөөлөр токтотулуп, чыгармалары пайдаланууга тыюу салынган. Калыгул 6—7 жашынан айылындагы Сопу ата деген чоң молдодон таалим алган. Чыгармаларындагы маалыматтарга караганда Чыгыш элдеринин адабиятынан, маданиятынан, тарыхынан кабардар болгон. Айрыкча Орто Азиянын Кулкожо Акмат (Кулкожоакмат), сопу Алдаяр (Сополдаяр) сыяктуу белгилүү инсандардын чыгармалары, философиялык көз караштары, сопучулук (суфизим) түшүнүктөрү менен терең тааныштыгы байкалат. Калыгул жаш кезинен эле эл оозуна алынып, кадыр-баркы артат. Калыгул өзү жашаган тарыхый доордун улуу өкүлү катары кыргыз жергесинде болуп жаткан орчундуу окуялардын дээрлик бардыгына катышып, көпчүлүк учурларда активдүү роль ойногон. Түндүк кыргыздар менен Кокон хандыгынын иш алакаларында элчи, кеңешчи катары өз уруусунун жана элинин таламын коргогон. Сарбагыш, бугу урууларынын, жалпы эле Көл чөлкөмүнүн Кокон хандыгына баш ийбей калышында Калыгулдун ролу чоң делет. Ал Ормондун хан шайланышына активдүү катышат. Калыгул акылман, олуя катары кыргыз жергесин басып алууга умтулуп, каптап келе жаткан орус падышачылыгынын баскынчылык саясатынын коркунучун алдын ала көрө билген. Ал коом, турмуш, жашоо, каада-салт, тиричиликтин түрдүү учурлары жөнүндө ой-пикирлерин, корутундуларын, кеп-кеңештерин «маселдер» деп атап, накыл сөз түрүндө, уйкаштыкка келтирип баяндаган. Ал башка акындардан айырмаланып, чоң жыйындарда ырдабай, айтышка түшпөй, комуз чертпей, ырларын маселдетип, жорго, накыл сөз түрүндө куюлуштуруп, обонсуз айткан. Калыгулдун масел сөздөрү ар кыл багытта, тематикада болуп, өз алдынчалыкка, жеке өзгөчөлүккө ээ. Акындардын айрымдары анын идеяларын улантышса, бир даары анын «Акыр заманынын» нугунда чыгармаларды түзгөн. Калыгулдун маселдери бир бүтүн чыгарма эмес, ар бир ыр түрмөгү кыска-кыска жыйынтыктуу, корутунду түрүндө кыска айтылып, ар башка мазмундагы, багыттагы бир канча ойду өзүнө камтыйт. Аларда турмуштун ар кандай жактарына ой чаптырылып, коом менен адамдардын жашоосундагы социалдык мааниси терең маселелер козголот. Ал жамандык-жакшылык, марттык-сараңдык, өмүр-өлүм, айкөлдүк-пастык, жүрүм-турум адеби, үй-бүлөлүк жана тууганчылык мамиле, турмуш мыйзамы, сулуулук жана көркөмдүк, кооздук жана башка темада, ар башка башытта терең ойлорду айткан. Калыгулдун чыгармачылыгын мүнөздөй турган, өзүнө гана таандык турмуштук, коомдук-социалдык көз караштары, философиялык ой толгоолору, жыйынтык-корутундулары бар. Анын чыгармалары мазмуну, башыты гана эмес, түрү жана түзүлүшү жагынан да төкмөлүк поэзиядан айырмаланат. Муун өлчөмүндө, саптык түзүмүндө да -ырчылар поэзиясындагы салттуу 7-8 муун өлчөмү ар дайым сактала бербейт. 4-5 муундук түзүлүш басымдуу. Калыгулдун чыгармаларын мазмундук өзгөчөлүктөрүнө, идеялык маңызына карап шарттуу түрдө эки топко бөлүүгө болот: 1) нукура элдик, салттуу поэзиянын нугунда түзүлгөн санат, терме ырлары. Акындын ырларында адамдын бийик жана асыл сапаттары даңазаланып, адамгерчиликке, боорукерликке, кайраттуулукка, дос-тууганга кайрымдуу, жолдошчулукка туруктуу болууга үндөйт. Калыгул салттуу поэзиянын нугунда түзүлгөн санат ырларында элдик көз караштын айрым жактарын өз байкоолору, ой тизмеги менен толуктап, кеңейткен, калк тарабынан калыпка түшкөн ойлор менен катар акындын өз жекечелигин көрсөткөн жагдайлар арбын; 2) Калыгулдун масел сөздөрү. Калыгул нускоочу акын болгондуктан, анын ойлору турмуш-тиричилик жагдайдын тегерегинде гана болбостон, коом, замана, анын келечеги, өлкөнү башкаруу иштери, рухий дүйнөгө кире турган өзгөрүүлөр сыяктуу социалдык курч маселелерге багытталган. Анын «Акыр заманында» («Масел сөздөрүндө») кыргыз коомунун келечек тагдыры тууралуу ой жүгүртүлөт. «Акыр заман» — маселдердин, накыл сөздөрдүн жыйындысын түзүп, бир мазмунга, бир бүтүн композициялык түзүлүшкө ээ эмес, уйкаштыгына караганда накыл сөзгө көбүрөөк жакын. Олуя акын кыргыз коомчулугунун келечек тагдыры, адеп-ахлагы, социалдык өзгөрүүлөр жөнүндө алдын ала ой жүгүртүү деңгээлине көтөрүлгөн. Калыгул өз учурундагы көчмөн кыргыз коомунда үстөмдүк кылган патриархалдык нарк-насил, адат-салттын ыдыроо алдында тургандыгын билген, келечекте анын социалдык маңызында, адамдардын кулк-мүнөзүндө, жүрүм-турумунда өзгөрүүлөр болорун туура баамдаган. Калыгулдун чыгармаларына Совет мезгилинде тыюу салынгандыктан, анын чыгармалары толук жазылып калбаган, изилдөөлөр да жок. Анын чыгармалары кылдат текстологиялык талдоого муктаж, ага тиешелүү маалыматтар, чыгармалар тактоону жана изилдөөнү талап кылат. Белгилүү маалыматтарга караганда, Калыгулдун чыгармаларынын айрым үлгүлөрү 1922-жылы Нарын уездинде К. Мифтаков тарабынан белгилүү манасчы С. Орозбаковдун айтуусунда биринчи жолу кагаз бетине түшүрүлгөн. Айрым маселдери И. Арабаевдин 1925-жылы жарыкка чыккан «Сабатсыздыкты жоюу алиппеси» аттуу окуу китебинде «Калыгул бийдин сөзү» деген тема менен берилген. Олуянын белгилүү чыгармалары жана ал жөнүндө эскерүүлөр, илимий пикирлер топтолуп, «Акылман Калыгул» деген аталыштагы жыйнак 2000-жылы жарык көргөн. К-дун Чыгармачылыгы кыргыз ад-тында, а. и. ырчылар поэзиясынын тарыхында зор из калтырган. 1999-жылы 30-октябрда туулуп-өскөн айылында күмбөзү орнотулган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]