Талкуу:Калыгул Бай уулу

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Бул жерде Б. Солтоноевдеги «...Кийинки жылы 1793-(уй жылы) солтодон Кудайберди, сарбагыштан Эсенгул баштык болуп, кыргыздан кыштын күнү көп кол барып, Иленин күн чыгыш жак жээгинде согушуп, «Көкүмбулак» деген жерде Бердикожону өлтүрүп, казакты чаап, көп мал-мүлк олжо алып кайткан. Ушул согушка жети жашар Калыгул даанышманды бышыктырмак үчүн Эсенгул ээрчите барган» деген кабарга (кара: Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы, Б., 2003. 193–194-б.) таянуу менен Калыгулдун туулган жылы кийинки маалыматтарда туура эмес берилип жүрөт. Ал эми 1786-ж. 13-февралда тилмеч Киленей Мамлимден уккан И.Г. Андреевдин маалыматы менен салыштырып (кара: Андреев Г.И. Описание Средней орды киргиз-кайсаков. А., 1998. 79 – 80-б.), мындан да тагыраак жыйынтык чыгарууга болот. Анда, тоолук кыргыздарга каршы жортуулга даярданып, кол жыйнаган чанычкылы (чашклы) болуштугунун бийи Берды-хожанын ошол жылы (1786-ж.) январь айында өлтүрүлгөн. Демек Калыгул болжол менен 1779-ж. туулган болуп чыгат. Ушул жагы эске алынса жакшы болот эле.