Эсенкул бий

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Эсенкул бий Болот уулу[оңдоо | булагын оңдоо]

XVIII кылымдын 2-чи жарымындагы көрүнүктүү кыргыз саясатчысы. Туулган жылдары так белгилүү эмес. Санжыраларда айтылып калган боюнча, Эсенкул Болот бийдин 40 жаштарга чамалап калганда атайын тандап үйлөнгөн Таалайкеден төрөлгөн уулу экендиги айтылат (Б. Солтоноев. Эсенкул феодалдын туулганы). Өз кезегинде Болот бий, 1685 ж. калмак жапырыгы учурунда төрөлгөндүгү айтылат. Демек Эсенкул бийдин туулган жылдары 1725 жж. тегерегинде болот. Ормон хандын чоң атасы.

Эсенкул бийдин саясый ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Эсенкул баатырдын ишмердиги негизинен кыргыз уруулары кайтып Ата-Конушун жайлаган мезгилге туура келет. Эсенгул бийдин саясый ишмердиги жана эрдиктери жөнүндө маалыматтар Алымбектин санжырасындаберилген. Эсенкул бий кыргыз урууларын 1758 ж. калмактарды кытайлар талкалагандан кийин, бошоп калган мурунку кыргыз жерлерин ээлеп калуу саясатын жүргүзгөн. Бул жөнүндө Алымбектин санжырасында: "Ал кыргыз, казактын конушка кызыкканын көрүп, ал убакта ушул жакы кыргыздардын жөнүн Эсенкул билчү экен. Эсенкул ким? Маматкулдун Болотунун уулу.Солтону Каракчынын уулу Байсейит, Байсейиттин уулу Кебек бий билчү, ага кошулуп, Кошойдун уулу Момокон башкаруучу экен. Жайылдын картайган кези экен. Казак бетинде сарыбагыш, солто, кушчу, кытай, саруу болгон. Иле жагында сарыбагыш [болгон]. Солто Талас жагында аралаш болгон.35 Солто, сарыбагыш кыргыздар качпай согуша берген, бирок аз [болуп] көчүп жүрөт. Иле жак, Таластан наркы жак эл жайлоого көчкөндө бош калат. Бош калган жерге казак келип туруп алат, Абылайкандын доорунда. Эсенкул баатыр, бөлөкбай Кебек бийди кыргызга кабарчы кылат; «Таласка, Капкага чогулалы!?» деп. ...Кыргыз Капкага чогулат. Ар уруктун башчылары бар, анын баарын мага жазып отуруу кыйын. Эсенкул баатыр Кетментөбөдөгү саякты; «көчүп кел, ушул Талас, Чүйгө орносоңор боло!» дейт. Чогулган эл ага макул дешет. Жыйынга келгендер: саяктын башчысы[нын] жыйынга келгени, кабадан Садыр экен, түнкатар Арзымат уулу, чакырдан Түлкүнүн уулу Качыке экен. Каба Талас жака көчүп келмей болот. Чакыр Кочкор, Чүйгө көчүп келмей болот. «Казакка конушту бербейли, колдон келгенче кармаша берели, азсынткан казакты көрөлү!» дешет, саруу, кытай, кушчу. Таласта турганына, уругу саруу, саруу ичинде бошмоюн уругунан Туума бий деген адам аксакалы экен. Казак беттешине солдун башында ушул Туума бий экен, убада кылып тарайт жыйын. Чакыр Кочкор, Чүйгө чейин көчүп келет. Садыр көчүп келет. Иниси Сейит тил албай, элди бузуп токтотуп калат. Садыр ээрчиген кабаны алып келет. Азыраак болуп келет. Капканын оозуна чоң коргон салат".

Ошо мезгилде казактын уйсун уруусунан сары уйсун, кашкоро, жансейит, садыр, чапырашты, ышты, ботбай, шыйкымдан каракойлуу, аккойлуу, куушыйрак уруктары Сарытокум, Үчалматы, Иленин бер жак жээгин басып келип, отурукташышып сарыбагыш, солто урууларын кол салып турушат. Чанчкулу Бердикожо баатыр баштаган казактар кыргызга дайыма тынчтык бербей аттанып келе беришкен. Тынчты алышкан казактарга каршы Эсенкул баатыр сарыбагыш, солто, чекир саяктарды бириктирип сокку уруп, казактын көп баатырларын тындым кылышат. Тынчтыкты алган казак уруктары Иледен ары көчүп кетишет. Аман калган Бердикожо баатыр "Орто жүз аргын төрөсү көкжарлы Барак ханга барат арыз болуп. Көкжарлы Барак макул болуп, уйсун-аргындан 4000 адам кол алып, уурданып аттанат, кыргызды көздөй". Көкжал Барак баштаган казактын колу дагы жеңилет.Бул окуя жөнүндө Б.Солтоноевдин кабары