Мазмунга өтүү

Ормон хан

Википедия дан
Ормон Хан‎»‎ барагынан багытталды)

Ормон Ниязбек уулу (1792-1854) – Кыргыз хандыгынын Сарыбагыш уруусунан көтөрүлгөн ханы.

Ормон Ниязбек уулу
Ормон Ниязбек уулу
Кыргыз хандыгы
1842 — 1854
 
Каза болгон жылы: 1854 жыл(1854)
Каза болгон жери: Ысык-Көл
Уруусу: Сарыбагыш
Атасы: Ниязбек
Балдары: Уметаалы (уул), Чаргын (уул), Кулан (кыз)
Кесиби: Хан

Түптүү бий тукуму. Оң канаттагы сарыбагыш уруусунан. Бабасы Манап бийдин аты кыргыз ичинде ак-сөөктүктү туйундурган энчи атка айланып калган. 4- атасы Маматкул бий кыргыздардын жогорку бийи болуп “жогорку бий” чениндеги адам экендигин кытайлыктар 1758 жылы Кыргызстанга келишкенде жазып кетишкен. Чоң атасы Эсенкул бий дагы оң менен солго бийлиги өткөн, өз заманын көрүнүктүү саясатчыларынан болгон. Анын демилгеси менен азыркы Чүй, Талас өрөөндөрүн кыргыз уруулары туруктуу жайлашып, Ата Конушту сактап калуунун эң негизги шарты түзүлгөн. Өз атасы – Ниязбек. "Ниязбектин сегиз бек, телегейи тегиз бек, теменеси болот бек" аталышкан. Демек 8 бир тууган болушкан.

Ормондун теги толугу менен: Тагай бий → Сарыбагыш (Кылжыр) → ДөөлөсМанап бий → Сүтөй → Сарсейит → ҮчүкөМаматкулЧерикчий → Болот → Эсенкул → Ниязбек → Ормон.

Ормондун хан болуп көтөрүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ормон хандын хан көтөрүлүшүнө анын ата-бабаларынын эл үчүн кылган иштери, алардын атак даңкы, эрдиктери чоң салым кошкон. Ормондун хандыкка көтөрүлүшү 1842-ж. (кээ бир учурда андан алда канча эрте убакытты айтышат - 1825) Көтмалдыда өткөн оң менен солдун тобунда болгон.

Ормон, өнүгүү үчүн кыргыз биригип, бир адамды бий шайлап, ага баш ийүү замандын шарты болуп тургандыгын айтып, сырткы душмандарды айтып, бий көтөрүү демилгесин сунуштаган.Чогулган жалпы бийлер ылайык көрүп Ормонду бий көтөрүшкөн.

Ормондун хан көтөрүлүшүнүн 1825-жылга орун алгандыгы жөнүндө Б. Солтоноев жана С. Абрамзон кабар беришет. Бул окуянын 1825 туура келиши тарыхый шарттарга көбүрөөк туура келет деген пикирлер да бар. Анткени, жамы кыргыз биригип жогорку бий көтөрүшү Кокон хандыгы түндүк Кыргызстанга өз бийлик үстөмдүгүн орнотконго чейин мүмкүн боло ала турган орчундуу саясый окуя эле. Бирок 1842-жылы, элүү жашында хан болгону тууралуу жоромол да чындыкка жакын.

Ормонду бий көтөргөн курултайга кыргыздын ири урууларынын өкүлдөрү: сарыбагыштан Жантай, Төрөгелди, Адыл, Түлөберди, Калпак баатырлар; бугудан Боромбай, Балбай баатыр, Өмүр баатыр, Муратаалы; солтодон Жангарач, Тынаалы, Төкөлдөш, Жетикашка, Чыңгыш, Күрпүк; саяктан Алыбек, Черикчи, саруудан Ажыбек датка, чериктен Ажыбек баатыр; азык, кушчудан Бүргө баатыр ж. б. уруулардын билерман бийлери келген болчу.

Келген элге тогуз ак боз бээ союлуп, Ормон көчмөндөрдүн эзелки каада-салты боюнча ак кийизге отургузулуп, хан көтөрүлөт.

Жогорку бий белгиси катарында ага кызыл тебетей кийгизишет. Кээ бир маалыматтарга ылайык бул курултайга Кокон хандыгын өкүлдөрү жана түштүк кыргыздарын бийлеп турган адигине уруусунун бийи Алымбек датка дагы катышкан. (Бул маалымат да азыр тастыктала элек).

Ормон заманындагы кыргыздар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

XIX - кылымдын биринчи жарымындагы саясий абалды эки мүнөздүү көрүнүш менен сүрөттөсө болот. Биринчиден, бул коңшу өлкөлөрдүн Кыргыз Жергесине карата жүргүзгөн баскынчылык маанайдагы саясаты. Бул өңүттө Кокон хандыгы өзгөчө көп ийгиликке жетишкен. Экинчиден, кыргыз урууларынын өз ара ынтымагынын жоктугу. Бир жагынан, уруу бийлеринин кур намысы жалпы ынтымакка кедерги болуп, тышкы баскынчылардын ийгиликтүү болушуна өбөлгө түзсө, экинчи жагынан, коңшу өлкөлөрдүн тышкы саясаты кыргыз биримдигинин ажырымынын андан ары тереңдетип, кыргыз жергесин бөлүп-жарып каратып алууга максатталып, улам бир бийге белек-бечкек, бийлик даража наамдары берилип, куру намыстын курчушуна от жагылып турган.

Сөөк өчтү душманы болгон калмактардын жок болушу менен кыргыз-кытай мамлекеттеринин жана жайыт жер талашкан казак уруулары менен Абылай хандын алдында кыргыз-казак чек ажыратышкандан кийин, кыргыз эли, салыштырмалуу түрдө айтканда, тынчтык мезгилде жашап турушкан. Кыргыз элинин экономикалык байлыгынын негизин түзгөн төрт түлүк малдан тышкары, тынч элди аралай соода кылган кербендерден түшкөн туяк пул сыяктуу үлүштөр уруу бийлеринин байлыгын арттырып, ар биринин өз алдынча бийлик жүргүзүүгө болгон умтулуусун күчөтө берген.

Ушундай мезгилде жетилген Ормон, биримдик болбосо алакандай кыргыз сырткы душмандарга каршы тура албастыгына көзү жетип, Кыргыз мамлекетин курууну максат кылып, айтылган бий көтөрүү курултайына алда-мурун даярданып баштаган. Кеңеш доорундагы саясый идеологияга туураланып жазылып калган эмгектердин таасири алдында, кыргыз тарыхында болгон бул олуттуу саясый окуя, Ормон опуза кылып кыргыз бийлерин амал менен чогултуп алып, өзүн-өзү жөн эле хан атап алган маанайда чагылдыруу адат болуп калган.

Чындыгында Кыргыз мамлекетинин саясатынын негизи уруу саясатында жаткандыгын жакшы түшүнгөн Ормон өз саясатын уруу ичиндеги жана уруулар аралык саясатты жүргүзүүдөн баштаган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айрым шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]