Черикчи бий

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Черикчи бий Темир уулу (туулган жылы белгисиз-1785)-1750-66-жылдардагы сарыбагыш уруусунун Темир бөлүгүнүн башчысы).
18-кылымдын 1-жарымында калмактардын айынан тундүк кыргыз уруулары Ферганага сүрүлөт.
Ферганада жургондо Черикчинин атасы Темир Намангандын улугуна Иледеги коңтаажынын тулпарын алып келип бреген кызматы үчүн ,анын жардамы менен элин чогултуп Кетмен-Төбөгө көчүп келет.
Ал эми 1747-ж орус дарегиндне Галдан Церендин тушунда Анжиян шаарынын башкаруучулугуна Черикчи дайындалгандыгы айтылат.
Черикчи бийдин сонку ишмердүүлүгү кыргыз-кытай саясий мамилелеринде көрүнот.
Анткени Жунгар мамлекети кулагандан кийин кыргыздарды өз тарабына тартууга аракеттенген жан ошондой эле Жунгар жетекчилерин кыргыз конуштарынан издөө салган Цинь Кытай империясынын чабармандары келе баштайт.
Алардын бири Урдена 1758-ж Черикчи бийге жолугуп Жунгар баскынчыларын колго түшүруудө жардам берүусун сурайт.
Андан кийин ушундай маселе менен Чыгыш Туркстандагы Кытай аскер башчысы Чжао хуей Черикчи бийге ккайрылат жана императордун кыргыз элчилерин жөнотуу керктигин ынандырууга аракеттенет.
Бул маселени Черикчи бий жалгыз өзу чечпестиги жана улуу башкаруучу Маматкул бийдинмакулдугу менен ишке аша тургандыгын билдиретКөп узабай Чжао Хуэй Маматкул бийге жолугуп, Кытайга кыргыз элчилерин жонөтуу туралуу анын макулдугун алат.
Натыйжада Черикчи бий жетектеген кыргыз элчилери 1758-ж. Кытай императорунун кабыл алуусунда болуп, алардын бийлигин тааныгындыгын ооз жүзүндө билдирип жана согуштук жөнү менен таанышып кайтышат.
Император Черикчи бийге 3-даражадагы чиндик белги тапшырат бирок Черикчи бий Цин империясынын кыргыз конуштарына коз арткан саясатына каршы турган.
1760-ж. Жунгар жетекчилерин издеп жүробүз деген шылтоо менен кыргыз конуштарын аралап жүргон Кытай отрядына Черикчи бий Ысык-Көлдөн сокку урган.
1762-ж түштүк кыргыз урууларынын башчысы Ажы бий, Кокондун башкаруучусу Ирдананын басып алуучулук саясатына каршы биргелешип согущуу өтүнүч менен Маматкул бийге кайрылат.
Черикчи бий жана Темир аскердик күчтөрдү топтой баштайт.
Бирок Орто Азия элдеринин кытай баскынчыларына каршы биргелешип күрөшүү жөнүндөгу макулдашуулардан кийин 1763-ж. Ош шаары кыргыздарга кайтарылып бырылет.
Черикчи бий сарыбагыш уруусун болжол менен 1760-жылдын аягына чейин башкарган.
Бийлик андан кийин Атаке жана Эсенгул баатырларга өткөн.
Черикчи бийдин азыркы күндө 12 уулунан тараган тукумдары Кочкор өрөөнүндө жана Чүй районунда турушат.

Колдлнулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Нарын облусунун энциклопедиясы.-Б., 1998
Закиров С. Кыргыз санжырасы.-Б.,1996
Кыргызстан тарыхы. Энциклопедия.-Б.,2003