Талкуу:Манап бий

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Биринчиден, бул жерде көрсөтүлгөн Манаптын уулу Жарбаңдын баатыр болгону тууралуу башка кабар эч жерде жок экенин эске алуу керек эле (мисалга Б. Солтоноев, О. Сыдыков, Э. Төрөкан уулу, Бала Айылчы, Т. Молдо, Муса Байгаринов, ж.б. санжыраларды кароого болот), экинчиден; кыргыз-казакка хан болгон Эшимди кыргыздын саруу уруусунан экенин жана анын 1628-ж. каза болгону так фактылар менен такталмайын аны «кыргыздын саруусунан» деп, маалымдамаларга киргизүү да туура эмес, болбосо кыргыздын саруу уруусунда Эшим аттуу киши болгон күндө дагы аны кыргыз-казакка хан кылуу үчүн көптөгөн тарыхый далилдер керек. Анткени, буга чейин XVII к-дын биринчи жарымына тийиштүү маалыматтарга таянган белгилүү окумуштуу Ч. Валиханов: 1630-жылдары жашаган Ишим (Эшим) кыргыз бийи Кукемдин (Көкүм) жардамына таянып, катаган менен чанчклылардын Турсунун жеңгенин жана Ишимдин небереси, Жааңгердин уулу Тооке дагы Тиеске (Тейиш) таянып кыргыздарды бийлеген деп (кара:Валиханов Ч.Ч. соч. в 5 томах, А., 1961, Т. 1, С. 374.), бирок Манап бий тууралуу эч нерсе айтпайт. Б. Солтоноев гана: «Тобокел хандын жакын тууганы казак ханы Эшимкан (кыргыз, казак ханы катаган менен согушкан эңчер бойлуу эр Эшим ушул)» -деп (туурасы кыргыз-казак ханы дегенден кийин үтүр коюлушу керек эле), анан: «…Казак-кыргыздын ханы эңчер бойлуу эр Эшим калмак менен жоолошкондо арка кыргызынын аскер баштыгынын бири Манап болуп, согушта Иле боюнда өлгөн. Эшим хан.., хан Турсунду өлтүрүп, Ташкенге Жанкороздун уулу, Тагайдын небереси Көкүмдү улук кылып, канчалык кыз-катын, мал олжолоп кайткан» –дейт (кара:Солтоноев Б. Т.1. 101, 107, 115-беттер). Бул жерде Эшим менен Манаптын биригиши тууралуу сөз болгон жок. Ошондуктан тарых этиштин шарттуу ыңгайы менен же ойдон чыгарылган маалыматтар аркылуу жазылууга тийиш эмес. Ушул жагын көңүлгө алып коюуну суранабыз.

Эр Эшим бириккен колдун башына Манап бийди калтырып[булагын түзөтүү]

"Тарыхый маалыматтарда (? кайсы) Манап бий 1625 жылы Эшим хан башчылыгы астына кыргыз менен казактын колу биригип Иле боюнда калмакка каршы кылган согушунда жоо колунан каза болгон. Катагандын хан Турсуну Эр Эшимдин оордуна согуш маалында хан болуп калган. Бирок, согуш 3 жылга созулуп, кошун ылдам кайтып келе алган эмес. Турсун Эшимдин жоктугунан пайдаланып анын ордосун, элин талай баштаган. Ошондон улам "Катагандын хан Турсун, хан Турсунду ант урсун" деген лакап сөз калган. Эр Эшим бириккен колдун башына Манап бийди калтырып, өзү тандамал кошун алып ордосуна кайтууга мажбур болгон" деген тыянактар туура эмес. Кайсы тарыхый булактан алынган деген суроо туулат.Анткени муну (эч кандай тарыхый маалыматтарга таянбай), алгач тарыхчы Ө. Осмонов жарыялаган:"

Муну мен жазгам, ошондуктан жооп берип койойун:

Бул маалыматты алгач Ө.Осмонов эмес Б. Солтоноев келтирген:
Кыргыз менен катагандын согушу

"Карыялардын берген кабарында: «Эңчер бойлуу Эр Эшим, катагандын хан Турсунду өлтүрдү» деп, ал тууралуу төмөндө жазылган бир далай кабарларды билет. Бирок анын кайсы жылдарда болгонун биле албайт. 'Тарыхчыларга караганда бул согуш 1625— 26-жылдарда болгон.' Кыргыз, казактын ханы калмак менен Иле өзөнүнө кыргыз, казакты баштап (ал заманда казакка кыргыз карап турган шаары болгон), согушуп жүргөндө Ташкенде хан болуп турган катагандын хан Турсуну келип, Талас менен Чүйдөн кыргызды чаап, малын талап, кыз катыны олжого кеткенде Иледе калмак менен согушуп жүргөн Эр Эшимге кабар бергенде, Эр Эшим калмактын бетине аскер коюп (кабарда ал аскердин баштыгы Манап болгон), өзү кайра тартып, жарым аскери менен токтоосуз күндөптүндөп жүрүп олтуруп..."

Же Солтоноев тарыхый булак катарына кирбейби? Да бир жерден окуганым бар эле, тапканда шилтемесин берип койойун. Булагын тактап темага түзөтүү киргизип койдум.

Туура Б. Солтоноев келтирген, бирок тыянак чыгаруу үчүн адегенде анын кол жазмасын анализ кылуу керек эле. Башкача айтканда жыйынтык башка маалыматтарга салыштыруу аркылуу чыкса жакшы болмок. Анткени, дагы бир белгилүү тарыхчы: «...Изилдөөчүлөр Белек Солтоноев, Өскөн Осмонов жана башкалар негизинен оозеки маалыматтарга таянышып кыргыз коомунда XVI – кылымдын экинчи жарымынан XVII – кылымдын биринчи жарымы мезгилинде жашап өткөн сарыбагыш уруусунун өкүлү Дөөлөс уулу Манап ысымдуу инсандын ишмердүүлүгү менен байланыштырышып, андан кийинки кыргыз мамлекет башчыларынын «манап» деген титулду колдоно баштаганын белгилешет. Бирок, бул ошол мезгилге тиешелүү бир да тарыхый жазылма булактар менен ырасталбайт» дейт (караңыз: Сапаралиев Д. Кыргыз мамлекет башкаруучуларынын эң жогорку титулдары жөнүндө). Туурабы? Туура. Демек, ар бир маалымат бир нече тарыхый булактар менен такталганда гана ага ишенимдүү мамиле кылууга болот. Дагы бир жолу кайталап коелу, Манаптын Эшим менен биригип кетишин – Эшим тарап да далилдеши керек. Же Эшимди өз көзү менен көрүп, далай жолу баарлашкан Абулгази бахадур хан Манапты жазбаганы боюнча такыр башка тыянак чыгат. Анын үстүнө Б. Солтоноевдин эмгегинин көп жеринде стилистикалык жана хроногиялык каталарларга жол берилген. Баарын санап отурууга мүмкүндүк жок, эң негиздүүлөрүнөн мисал келтирели: «Абылай Ысык-Көлгө барып, Чолпон-Атанын жээгинде, быткылында чеп жасап, мал-башы менен бекинип жаткан. Мундуз кыргызы таталай уругунун баштыгы Тыныбек менен согушуп, төрт күндөн соң казактар жапырып кирип чебин талкалап, 150 түтүн кишинин көбүн кырган» (кара: Солтоноев Б. Т. 1. 170-б.) деген сөздөргө түшүнүү кыйын (мааниси боюнча казактар өздөрү жасаган чепти өздөрү талкалап жатат жана Тыныбектин кайсы жактан чыга калганы түшүнүксүз бойдон калган же ортодогу чекит артыкбаш). Ушуга окшогон жаңылыштыктар кийин такыр башка жыйынтык чыгарууга түрткү берет. Бул жердеги Абылайдын Көтмалды, Чолпон-Ата, Соң-Көлгө (Ч. Валихановдогу Кичи-Кемин-Кемин) чейин жеткени жөнүндөгү маалыматтар башка бир да жерде кезикпейт. Ошондуктан аны чындык деп, тарыхка киргизүүгө болбойт. Башкача айтканда Б. Солтоноевдун эмгегиндеги бизге жаккан жерин алып, жакпаган жерин аттап кетүү – акыры тарыхтын бузулушуна алып келет. Буга мисал, эмгегинин дагы бир жеринде (кара: Т.1. 81, 87-беттер): «Ферганада мусулман дини жайылып калгандыктан, Тагай мусулман динине кирип, кожо-молдонун таасири менен Мухаметкайдар деп, Тагайга так берген чыгар. Балким Мухаметкайдар Тагай болуу керек» десе, биздин тарыхчыларыбыз Б.Солтоноевдин «балким», «болуу керек» деген сөзүн алып салып, калганын гана пайдаланып, Мухаммед Кыргызды Тагай бий кылып тынышты. Бирок, Б. Солтоноев «Тарих-и Рашидини» окуган эмес, В. Бартольд колдонгон мисалдар менен чектелген. Ошондуктан анын «чыгар», «болуу керек» дегени илимий фактыга жатпайт. Тагайдын Эреше ханга(Рашид хан) ак үйлүү болгонун ал «заложник» катары түшүнгөн. «Заложник» деген сөз Юдахиндин сөздүгүндө «башы барымтага кеткен киши» деп которулат. Бирок, «ак үйлүү» деген түшүнүктү «заложник» эмес, келечекте бий(хан) болууга ылайыгы бар адамды алдын-ала өз жагына тартып, союздаш катары тарбияга алуу деп түшүнүү чындыкка жакыныраак болуп, мындан да өз алдынча, башка тыянак чыкмак.

Б. Солтоноевде так эмес жерлери бар экендигин эч ким танбайт. Бирок, кызыгы Валиханов жазып кеткен маалыматтар тарых деп таанылып, ошол эле жылдары кыргыз тарыхчысы жазып алган маалыматтарды жаратпай "санжырага" жаткыра берүү мага жакпайт. Кыргыз өзү билип-тааныган тарых - санжыра. Мисалга, Валихановдун дагы кыргыз жөнүндө туура эмес жазып кеткен маалыматтары толтура. Айтайын дегеним: кыргыз өзү билип, бирок, башка элдер аны кандайдыр бер себеп менен жазбай калган учурдун баары эле калп эмес. Кыргыз өзү билип, башкалар билбеген тарыхы да бар го дейм. Жазма булактардан кайчы далилдер болуп турса жакшы, бирок жок болсо "сөзсүз эле калп" эмес.

Сапаралиевдин айтканы (жогорудагы мисал), бир четинен карасаң жүйөлүүдөй эле, бирок, Манаптын ким экендигин, "манаптар" ким экендигин түндүк кыргыздары, тарыхый далилсиз эле билишкен жана билишет. Кээде ушинтип айкын турган нерсени далилде десе, айтаарга сөз табылбай калат экен. Эгер манапчылык деген бийлик системасы Манап бийдин аты менен байланышы жок, ал башка адамга же көрүнүшкө байланыштуу деген далил-жүйөө табылса, анда кызуу талкууга кирсе болот го.

Ким менен талкуу кылып жатканымды биле албай түйшөлүп турам.


Тарых башка илимдерден хронологиялык дата, так маалыматтары менен айырмаланат. Тарыхты тарыхый далилсиз деле билип, аны тарыхчылар пайдаланса, анан ар ким өз оюн тааңуулап кирсе, аны балдарга окутуунун кереги барбы? Анткени, тарых илиминин өзгөчөлүгү ушунда - ар бир тарыхчы өзүнүн ой жүгүртүүсү, кандайдыр бир нерсени кабыл алышы, аны түшүндүрүүсү менен айрымаланат. Ошондуктан кол жазма болобу, оозеки тарых болобу ал далилденгенден кийин гана тарыхка айланышы керек. Далилденбесе шашылып тыянак чыгарбай, кийинкиге калтырган оң. Келечекте ал акырындап, сөзсүз далилденет. Мисалы ошол эле Б. Солтоноев менен Ч. Валихановдон казак султаны Баракка байланышкан окуяны кезиктирүүгө болот. Анда Барак султандын 1773-74-ж. (Солтоноев) Боролдой тоосу аркылуу кыргызга кол салып(Валихановдо 1770), кыргыздар азыркы Кочкор өрөөнүнө чегинип, Кочкор-Ата мазарынан жеңилип калганы айтылат. Муну башка маалыматтарга салыштырбаган биздин тарыхчылар аларды толук кайталап жүрүшөт. Эми Солтоноев же Валихановго ишенип макул дейли, тарыхка киргизели. Бирок архив документтериндеги Барак султандын 1750-ж. март айынан мурун каза болгонун кайда катабыз? Өрттөйлүбү? Ал эми Кыргызстанда Боролдой деген тоо жок, анын Казакстанда экенин, Кочкор-Ата деген мазар да азыркыга чейин сакталып, ал ошол Бооролдой тоосунда жайгашканын эч кимге айтпай эле койбойлубу?

Бирок биз пайдаланбасак, аны башка бирөө пайдаланып, бир күнү чыгарат да. Анан эмне болот? Жалгыз жол - мурунку жазганды кайра оңдоого туура келет. Ошентип, айлампа башталат. Өзүбүз жазып, аны өзүбүз окуп, кайра өзүбүз оңдоп жүрө беребиз. Кынтыксыз фактылардан кийин гана аны башка өлкөнүн тарыхчылары аттап өтө албай калат. Анан баары билет, "аа, кыргыздар бул жерде жүрүп, тигил жер үчүн согушканын". Ал үчүн тигил жазыптыр же бул жазыптыр деп эле пайдалана бербей, аны маңдай терди агызып жүрүп далилдөө керек. Мисалы, мен деле Манаптын тукуму болом. Анан, илгери атам айткан, аны баланча да уккан, түкүнчө да уккан деп, ойдон чыгарылган нерселерди кошуп жиберсем, аны эч ким далилдебей пайдалана бериши керекпи? Эми мынча болду, дагы бир мисал келтирели. Ал 1993-ж. Алматыда чыккан Шапырашты Казыбек бек Тауасарулынын «Түп-тукианнан өзиме шейин» китеби. Эмне дегенде, казактын белгилүү окумуштуулары тарабынан бул кол жазма жөнүндө көптөгөн терс корутунду жана сындар жарыяланган. Мисалы, ал кездеги Казак Улуттук Илимдер академиясынын Ч.Ч. Валиханов атындагы тарых жана этнология институту 1993-ж. 18-ноябрда Казак өкмөт башчыларынын бири К. Султановко кайрылып, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Россия Федерациясы, Иран, Кытай, Түркмөнстан, Монголия, Башкортстандан окумуштууларды чакыртып, Казыбек бектин кол жазмасына эл аралык экспертиза жасоону сунуштаган. Бирок Н. Назарбаевди карап, кылчактаган К. Султанов: «маселени талашка салып, чуулдабайлы» деп токтотуп салган. Анткени ал китептин автору белгилүү максат менен көптөгөн атактуу адамдарды (мис., Чынгыз хан, Аксак Темир, Абылай, ж. б.) Улуу жүздүн чапырашты уругуна (президент Н. Назарбаевдин уругу) киргизүүгө аракет жасап, натыйжада одоно каталарга жол берген. Ага карабай, аны талдоого алган окумуштуу Жуасов К. Тарыхка жасалган кыянат же  «Түп-тукианнан өзиме шейин» китебиндеги жасалма менен жалгандык (//Орталык Казакстан. 24, 26-февраль, 1-март, 1994) деген макаласында: «Казыбек 1776-ж. эмес, 1723-ж. кайтыш болгон. Далил? Эң биринчи – Букар жырау. Букар бабабыз өз толгоолорунда калмак менен күрөшкөн баатырларды ырдап, ...алардын ичинде Казыбек жок» дейт. Андан ары лингвистикалык талдоо жүргүзүп, Казакстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин кабыл алынган «искусство»-«өнөр», «нервная система»-«жүйкө» «архитектура»-«саулет», мындан тышкары XVIII к. казактар колдонбогон «Киргизстан», «Казакстан» (орусчасы «киргизская степь») ж. б. сөздөрдүн кол жазмага кандайча кирип калганына таң калат. 

Эң башкысы, ошол мезгилге арналган жыйнак-монография, макала болобу, 1993-ж. бери казак тарыхчылары Шапырашты Казыбек бек Тауасарулынун мындай «баалуу» кол жазмасындагы маалыматтарга көңүл бурбай келатканына карабай, аны Д. Сапаралиев жогорудагы ж. б. макаласында көп пайдаланат. Ошондуктан, дагы бир жолу кайталап коелу, бая күндөн бери Википедия болсун же гезитке жарыялана турган оозеки маалыматтан кичине үзүндү болсун биринчи иретте анын тактыгы маанилүү экенин гана эскертип жатабыз. Анткени Б. Солтоноев Манап бийди кандай булактардан алып, жазганын билбей туруп, аны так деп, көп пайдаланыла турган маалымат каражатына киргизүү туура эмес. Жөн гана Б. Солтоноев ушундай маалыматтарды берген деген эскертүү берилиши керек.