Чыныбай Турсунбеков

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков.
Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков.

Чыныбай Акунович Турсунбеков - акын, адабиятчы, коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин учурдагы Төрагасы (2016-жылдын 27-апрелинен), депутат жана КСДПнын мурдагы фракция башчысы. Кыргызстандын Нарын районунун Жан-Булак айылында 1960-жылы 15-октябрда туулган. 1978-жылы орто мектепти, 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология жана журналистика факультетин, 2004-жылы Дипломатиялык академияны артыкчылык дипломдору менен аяктаган. 1983-1985-жж. «Кыргызстан» басмасынын саясий адабияттар редакциясында редактор, улук редактор болуп иштеген. 1985-1988-жж. Кыргыз илимдер академиясынын аспирантурасында окуп, 1988-жылы филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Чыныбай Акун уулу Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда (тогуздун айынын 15инде) Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Жан-Булак айылында туулган. "Мен көп балалуу үй-бүлөдө чоңойдум. Мен он бир тууганмын, үй-бүлөдө алтынчы баламын" - деп анын эскергени бар.

Ал 1978-жылы Жан-Булак айылындагы орто мектепти аяктаган.

1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) кыргыз филология жана журналистика факультетин, 2002-жылы Бишкек шаарындагы Дипломатиялык академияны артыкчылык дипломдору менен аяктаган.

1983-1985-жж. «Кыргызстан» басмасынын саясий адабияттар редакциясында редактор, улук редактор болуп иштеген.

1985-1988-жж. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын аспирантурасында окуп, 1988-жылы филология илимдеринин кандидаттык диссертациясын жактаган.

1989-1992-жж. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде окутуучу, ага окутуучу, декандын орун басары болгон.

1993-1994-жж. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү, 1995-1997-жж. ТИКА кызматкери, «Манас-1000» Мамлекеттик комитетине караштуу Түркиядагы «Манас дастаны» филиалынын директору болуп иштеген.

1993-1996-жж. «Азаттык» радиосунун Түркия боюнча кабарчысы да болгон.

1997-жылы Кыргызстанга кайтып келип, «Акун» фирмасын негиздеген. Ошондон баштап «Акун» фирмалар тобун жетектеп турду.

Кыргызстан ишкерлер союзунун президенти, Кыргыз түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы коомдук кызматтарын да аркалады.

Парламенттик ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Ч. Турсунбеков 2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. КСДП парламенттик фракциясынын лидери катары бир нече жыл иш алып барды.
2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2016-жылдын 27-апрелинде Жогорку Кеңештеги жашыруун добуш берүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп дайындалган. Учурда (2017-жылы) бул кызматты аркалап келет.

Чыгармачыл ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Биринчи ыры «Таңкы шаар» деген ат менен «Кыргызстан пионери» гезитинде жарык көргөн. Алгачкы ырлар жыйнагы 1985-жылы «Жүрөктөгү жаңырык» деген ат менен басылып чыккан.

Ал 1989-жылы Пицундада өткөн жаш акындардын Бүткүл Союздук 14-фестивалынын лауреаты болуп, ошол эле жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү.

«Манас» эпосу боюнча кыргыз, түрк, англис тилдеринде жарык көргөн көркөм иллюстрациялуу альбомдун түзүүчүсү жана котормочуларынын бири. «Түрк тилдеринин грамматикалык сөздүгүн» түзүү боюнча комиссиянын курамында иштеген.

Орус тилинен Николай Рубцовдун, түрк тилинен Осман Түркайдын айрым ырларын, түрк жазуучусу Нихал Атсыздын «Көкжалдардын өлүмү» романын, ошондой эле Түрк Тил курумунун тапшырмасы менен «Түрк дүйнөсүнүн адабияты» деген аталыштагы эки томдукту кыргыз тилине которгон.

Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Үй-бүлөлүү. Жубайы - Нуржан.

Үч баласы бар.

Наамдары. Мүчөлүгү[оңдоо | булагын оңдоо]

Эл аралык Ч.Айтматов Академиясынын академиги.

1994-жылдан Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү.

Филология илимдеринин кандидаты.

СССР Жазуучулар союзунун, СССР Журналисттер союзунун мүчөсү.

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

• 1989-жылы - Пицундада өткөн Жаш акындардын Бүткүл Союздук XIV фестивалынын лауреаты.
• 1999-жылы - “Жылдын мыкты бизнесмени” наамы.
• 2000-жылы - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы.
• 2003-жылы - “Даңк” медалы (Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы боюнча экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн).

Жарык көргөн китептери[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

Жүрөктөгү жаңырык: Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1985. - 37 б.

Шаарда жоголгон сөз: Ырлар. - Б.: Адабият, 1994. - 74 б.


Орус тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

Литературные тенденции Кыргызской профессиональной литературы 60-80-х гг.: Монография. - Б., 1992. - 262 б.


Котормолору[оңдоо | булагын оңдоо]

Көкжалдардын өлүмү: Роман. - Анкара, 1999. - 450 б.

Ал тууралуу адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6
  • Айтматов академиясынын академиктери / Жыйнакты түзгөн Дилдебек Андашев; Жооптуу редактору Четин Жумагулов. Китепти каржылаган Темирбек Асанбеков. – Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 2011. – 104 бет, сүрөттөр. – (Мында: 50-бетте). – ISBN 978-9967-14-087-5.



Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]