Сапар Исаков

Википедия дан
Сапар Исаков
Сапар Исаков
Желек
Желек
Кыргызстандын премьер-министри
желек
желек
25-август 2017-жыл — 19-апрель 2018-жыл
Президент: Алмазбек Атамбаев
Сооронбай Жээнбеков
Андан мурунку: Сооронбай Жээнбеков
Мухамметкалый Абулгазиев (м. а.)
Андан кийинки: Мухамметкалый Абулгазиев
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын президентинин аппарат жетекчиси
1-март 2017 — 26-август 2017
Андан мурунку: Фарид Ниязов
Андан кийинки: Алмазбек Усенов
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары
31-январь 2017 — 1-март 2017
Андан мурунку: Аалы Карашев
 
Дини: ислам
Туулган жылы: 29 -июль 1977(1977-07-29) (46 жаш)
Туулган жери: Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР
Атасы: Исаков Жумакадыр
Апасы: Өмурбаева Нургүл
Партиясы: Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
Билими: Кыргызстандын эл аралык университети
 
Сыйлыктары:
2-даражадагы «Манас» орени
2-даражадагы «Манас» орени

Сапар Жумакадырович Исаков (төр. 29-июль 1977, Фрунзе, Кыргыз ССРи) — Кыргызстандын мамлекеттик ишмери, Кыргыз Республикасынын премьер-министри (2017-2018). Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсү.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сапар Исаков 1977-жылы 29-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн.

Эмгек жолу:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1999-2003 — Кыргызстандын эл аралык университетинде мугалим;
  • 2003–2007 —төмөнкү даражадагы дипломат, үчүнчү катчы, төртүнчү катчы, КР Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
  • 2007 — КР өкмөтүнүн эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
  • 2007–2009 — КР өкмөтүнүн сырткы байланыш бөлүмүнүн башчысы;
  • 2009–2010 — Өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча Борбордук агенттиктин коммуникация кызматынын башчысы;
  • 2010-жылдын май айынан тарта — КР Убактылуу өкмөттүн эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2010-жылдын август айынан тарта — КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • 2010–2011 — КР өкмөтүнүн аппаратынын орун басар рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • 2011–2017 — КР президент аппаратынын жетекчисинин орун басар рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • 2017-жылдын 31-январынан тарта — КР президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;
  • 2017-жылдын мартында өлкө башчынын буйругу менен КР президентинин аппарат жетекчилигине дайындалган.

3-даражадагы Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы бар.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]