31-январь

Википедия дан

31-январь - Григорий календары боюнча 31-күнү, жылдын аягына чейин 334 (толук жылда 335) күн бар.

Майрамдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окуялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда

  • 1941 - "Кыргыз жазуусун латын тамгасынан орус графикасынын негизинде жаңы алфавитке өтүү тууралуу" мыйзам кабыл алынган.
  • 1957 - Фрунзе киностудиясында тартылган тасмалардын 1-фестивалы ачылган.

Дүйнөдө

  • 1862-жыл – Элвен Грэм Кларк Сириус Б ак карлик жылдызын, Сириустун компаньонун, 18.5-дюймдук (47 см) телескоп (азыр Түндүк-Батыш университетинде) менен ачкан.
  • 1865-жыл – Америкалык жарандык согуш: АКШнын Конгресси Конституцияга кулчулукту жоюу боюнча 13-оңдоону штаттарга ратификациялоого берди.
  • 1876-жыл – АКШнын буйругу менен бардык жергиликтүү индеецтер резервацияларга көчүртүлдү.
  • 1891-жыл – Португалия республикалык революциянын алгачкы аракети түндүктөгү Порто шаарында баштады.
  • 1915-жыл – Биринчи дүйнөлүк согуш: Германия биринчи болуп чоң өлчөм ченинде уулуу газды Болимов кагылуушуда Россияга каршы колдонгон.
  • 1917-жыл – Биринчи дүйнөлүк согуш: Германия суу алдында сүзүүчү кемелери эки жылдык тыныгуудан кийин чексиз суу астында согушту кайта башташат деп жарыялады.
  • 1924-жыл – СССР Кеңешинин 2-жыйынында СССР конституциясынын соңку редакциясы бекитилген.
  • 1929-жыл – Советтер Союзунан Лев Троцкий чыгарып жиберилген.
  • 1930-жыл – 3M скотчту сата баштады.
  • 1943-жыл – немис фельдмаршал Фридрих Паулюс Сталинградда колго түшүп, 2 күндөн кийин анын 6-армиясынын багынуусу менен Экинчи дүйнөлүк согуштун эң катаал салгылашуусу аяктады.
  • 1946-жыл – Югославиянын жаңы конституциясы Советтер Союзун туурап курамында 6 республиканы (Босния жана Герцеговина, Хорватия, Македония, Черногория, Сербия жана Словения) белгиледи.
  • 1950АКШ президенти Гарри Труман водород бомбасын өздөштүрүүсүн жарыялаган.
  • 1958 – "Эксплорер-1" аттуу биринчи америкалык жандоочу Жердин орбитасына учурулган.
  • 1958 – Джеймс Ван Аллен радиациялуу курду ачкан.
  • 1961-жыл – «Меркурий-Редстоун-2» Меркурий изилдөөчү долбоорунун алкагында Хем деген шимпанзе космоско жөнөтүлдү.
  • 1966-жыл – Советтер Союзунун «Луна»долбоорунун бөлүмү катары учкучсуз «Луна-9» космос кемесин чыгарды.
  • 1968-жыл – Тынч океандын түштүк жагында жайгашкан Науру Республикасы көз карандысыздыгын жарыялады.
  • 1971-жыл – «Аполлон-14» Аполлон программасынын алкагында Алан Шепард, Стюарт Руза жана Эдгар Митчел астронавттар “Сатурна V” кемесинде Айдагы Фра Мауро аттуу тоолуу аймакка жөнөшөт.
  • 1996-жыл – «Хйакутаке» кометаны Йужи Хйакутаке, жапон адис эмес астроном, ачты.
  • 1999-жыл – Silent Hill оюндарынын биринчи бөлүмү чыгарылган.

Төрөлгөндөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1624-жыл – Арнольд Гелинкс, фламандиялык ойчул (1669-ж.к.).
  • 1715-жыл – Клод Адриан Гельвеций, француз ойчул (1771-ж.к.).
  • 1797-жыл – Франц Шуберт, австриялык композитор (1828-ж.к.).
  • 1857-жыл – Жордж Жексон Чарчвард, британиялык темиржол инженери (1933-ж.к.).
  • 1868-жыл – Теодор Уильям Ричардс, америкалык химик, Нобел сыйлыгынын лауреаты (1928-ж.к.).
  • 1876-жыл – Александр Николаевич Динник, украиналык илимпоз, академик, механика жана серпилгичтик теориясы тармагындагы адис (1950-ж.к.).
  • 1881-жыл – Ирвинг Лэнгмуир, америкалык химик, Нобел сыйлыгынын лауреаты (1957-ж.к.).
  • 1896-жыл – София Яновская, орус математик (1966-ж.к.).
  • 1910-жыл – Валентина Степановна Гризодубова, советтик учкуч аял, Советтер Союзунун Баатыры (1993-ж.к.).
  • 1910-жыл – Владимир Иванович Смирнов, геолог, академик, Ленин, СССР мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты (1988-ж.к.).
  • 1921-жыл – Марио Ланца (чың аты – Алфредо Арнолд Кокоцца), америкалык опера ырчысы (1959-ж.к.).
  • 1924-жыл – Теңгиз Евгеньевич Абдуладзе, грузин кинорежиссеру, СССРдин эл артисти (1994-ж.к.).
  • 1929-жыл – Рудолф Мөсбайэр, немис физик, Нобел сыйлыгынын лауреаты.
  • 1935-жыл – Кэндзабуро Оэ, жапон жазуучусу, 1994-ж. адабият боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты.
  • 1952-жыл – Надя Рушева, орус сүрөтчү (1969-ж.к.).
  • 1979-жыл – Дэниел Таммет, британиялык илимпоз жана жазуучу.
  • 1981-жыл – Жастин Тимберлейк, америкалык ырчы.
  • 1982-жыл – Елена Папиризу, грек ырчы, 2005-ж. «Евровидениенин» жеңүүчүсү.

Көз жумгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1632-жыл – Жуст Бүрги, швейцариялык саатчы жана математик (1552-ж.т.).
  • 1665-жыл – Йоганнес Клауберг, немис улама жана ойчул (1622-ж.т.).
  • 1729-жыл – Йакоб Роггевин, голландиялык изилдөөчү (1659-ж.т.).
  • 1836-жыл – Жон Чейни, британиялык дарыгер, хирург жана жазуучу (1777-ж.т.).
  • 1907 - Курманжан Датка, Алай канышасы.
  • 1933-жыл – Жон Голсоурси, англис жазуучу, Нобел сыйлыгынын лауреаты (1867-ж.т.).
  • 1954-жыл – Армстронг Эдвин Говард, америкалык инженер - электрик жана FM-радионун ойлоп табуучусу (1890-ж.т.).
  • 1956-жыл – Aлан Александр Милн, англис жазуучу, «Винни-Пух» жөнүндө аңгемелердин автору (1882-ж.т.).
  • 1971-жыл – Виктор Максимович Жирмунский, орус адабият тарыхчысы, лингвист (1891-ж.т.).
  • 1973-жыл – Рагнар Антон Киттил Фриш, норвегиялык экономист, Нобел сыйлыгынын лауреаты (1895-ж.т.).
  • 1955-жыл – Михаил Леонидович Лозинский, акын, котормочу, котормонун теоретиги (1886-ж.т.).
  • 1970-жыл – Михаил Леонтьевич Миль, Ми-вертолётторунун конструктору (1909-ж.т.).
  • 1987-жыл – Вера Анжапаридзе (чың аты – Верико), советтик жана грузин актриса, СССРдин эл артисти (1900-ж.т.).
  • 1989-жыл – Сэр Уильям Сэмуэль Стефенсон, канадалык жоокер, экинчи дүйнөлук согушта сыр аты Кайраттуу. Жеймс Бонддун прототиби (1896-ж.т.).
  • 1995-жыл – Жордж Эббот, америкалык театр режиссеру жана продюсер (1887-ж.т.).
  • 1999-жыл – Барыш Манжо, түрк ырчы, композитор, телепродюсер. (1943-ж.т.).