1989
Көрүнүш
(«1989-жыл» барагынан багытталды)
1985 · 1986 · 1987 · 1988 — 1989 — 1990 · 1991 · 1992 · 1993 |
1960-чу · 1970-чу — 1980-чу — 1990-чу · 2000-чу |
XIX кылым — XX кылым — XXI кылым |
1989 (бир миң тогуз жүз сексен тогузунчу) жыл — толук эмес жыл, григориан календары боюнча жекшембиде башталат. Бул жыл биздин замандын 1989, 2-миңжылдыктын 989, XX кылымдын 89-жылы болуп эсептелинет. Бул жылы бир нече революциялар болуп, СССРдин доору бүткөндүгү жана АКШнын "Кансыз согуштун" бүткөндөн кийин дүйнөлүк аренада биринчиликке чыкканы менен тарыхта калган. Бул жылы, 23-сентябрда Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңеши «Мамлекеттик тил тууралуу» мыйзам кабыл алган.
Негизги окуялар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 20-январда - АКШнын 41-президенти Джордж Буш (улуусу) кызматка келген.[1]
- 18-февралда — Афганистандын президенти Наджибулла өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизген.[2]
- 17-мартта — Павияда (Италия) XIV кылымда курулган мунара ураган, 4 киши каза болгон.
- 18-апрелде — СССРдин таркашы: Литва ССРнин Жогорку Кеңеши республиканын мамлекеттик суверенитетин жарыялаган.[3]
- 28-майда — Армян ССРинде митингдер өтүп, СССРдин курамынан бөлүнүп чыккан. [4]
- 17-июнда — Казак ССРнин Новый Узень шаарында жергиликтүү калк менен Кавказ өлкөлөрүнөн чыккан адамдар ортосунда улут аралык жаңжал чыгып, жыйынтыгында 4 киши каза болгон. 22-июнь күнү Казакстандын КП БК биринчи катчысы болуп В. Колбиндин ордуна Нурсултан Назарбаев дайындалган. [5]
- 22-июлда - тажик тили Тажик ССРнин мамлекеттик тили болгон.[6]
- 24-августта — Вояджер-2 Нептун планетасына жана анын спутниги Тритонго эң жакын аралыкка чейин барган. [7]
- 23-сентябрда - Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши «Мамлекеттик тил тууралуу» мыйзам кабыл алган. Бул күнү "Кыргыз тилинин майрамы" деп белгиленип келет.
- 5 октябрда — Азербайжан ССРнин Жогорку Кеңеши өлкөнүн мамлекеттик суверинетин жарыялаган.
- 8 ноябрда — Иорданияда 1967-жылдан бери алгачкы жолу парламенттик шайлоолор өткөн.
- 31 декабрда — СССР. Нахичеван шаарында массалык башаламандык болгон, совет-иран чек арасынын жүздөн ашык чакырымга чейин жабдуулары талкаланган. [8]
Дагы караңыз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эскертүүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ http://hrono.ru/1989_.php
- ↑ http://hrono.ru/1989_.php
- ↑ Международный год, 1991, стр. 269
- ↑ http://www.agitclub.ru/gorby/chronikl/gorbyshort85-91.htm
- ↑ архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 28 -январь (үчтүн айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 15 -январь (үчтүн айы) 2010.
- ↑ Собрание законов о языках советских республик // Переломные годы. Т. 2. Языковая реформа — 1989. М.: Ин-т этнологии и антропологии РАН, 1994.
- ↑ Собрание законов о языках советских республик // Переломные годы. Т. 2. Языковая реформа — 1989. М.: Ин-т этнологии и антропологии РАН, 1994.
- ↑ http://hrono.ru/1989_.php