Кыргыз ССР Жогорку Совети

Википедия дан

Кыргыз ССР Жогорку Совети — Кыргыз ССРинин мамлекеттик бийлигинин жогорку органы. Ал 1937-жылы 23-мартта кабыл алынган Кыргыз ССРинин Конституциясынын негизинде түзүлгөн. Жалпы, тең, тике жана жашыруун шайлоо укугунун негизинде мыйзамда белгиленген тартипте 18 жашка чыккан республиканынын бардык жараны 5 жылдык мөөнөткө шайланган. Кыргыз ССР Жогорку Совети — мыйзам чыгаруучу бирден бир орган болгон. Мыйзам чыгаруу эки формада — түздөн түз жана Жогорку Советтин Президиумунун сессияларынын аралыгындагы жарлыктар аркылуу жүзөгө ашкан. Ал Кыргыз ССРинин өкмөтүн (1927-жылдан Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Совети, 1946-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Совети) түзүп, Кыргыз ССР Жогорку сотун, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумун, анын төрагасы менен 2 жардамчысын, Президиумдун секретарын жана 11 мүчөсүн шайлаган. Жогорку Советтин Президиуму сессия чакыруу, Кыргыз ССРинин мыйзамдарына түшүндүрмө берүү, буйрук чыгаруу, жалпы элдик референдум өткөрүү, мыйзамга туура келбеген Эл Комиссарлар (Министрлер) Советинин токтому же чечимин жокко чыгаруу, өкмөттү кызматка бекитүү же бошотуу, сыйлык, мунапыс берүү ж. б. укугуна ээ болгон. Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессияларын Президиум жылына эки жолу чакырган. Ар бир жаңы чакырылышынын 1-сессиясын депутаттардын эң улуусу ачып, депутаттардан Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы, анын орун басарлары, туруктуу комиссиялары жана президиуму шайланган. Кыргыз ССРинин чукул чакырылган 5-съездинде (20—23-март, 1937) кабыл алынган жаңы Конституциянын негизине ылайык Кыргыз ССР Жогорку Советинин 1-чакырылган 1-сессиясы 1938-жылы 18—20-июлда Фрунзе шаарында өтүп, А. Толубаев төрагалыкка шайланган. 1990-жылы 15-декабрдагы «Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын системасын кайра уюштуруу жөнүндө» мыйзамга жана 1991-жылы 31-августта кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө» Декларациянын негизинде 1993-жылы 5-майда Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы иштелип чыгып, ага ылайык Кыргыз ССР Жогорку Совети Жогорку Кеңеш болуп өзгөрүлгөн.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]